Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо мыйзамына кол койду. Өткөн аптада бул долбоор Жогорку Кеңеште бир добуштан кабыл алынган болчу.

2-октябрда Казакстандын Актөбө шаардык соту Жуманов атындагы университеттин 19 жаштагы студенти Сезим Самуратка карата өкүм чыгарды. 7-июлда анын катышуусундагы жол кырсыгынан 18 жаштагы жергиликтүү тургун каза болгон.

Кыргызстан менен Орусия кыргыз жергесинде дагы бир орусиялык авиабаза жайгаштыруу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн “РИА новости” агенттиги премьер-министр Сапар Исаковго шилтеме менен жазып чыкты.

Бишкек, “Саясат.kg”. Бүгүн бир катар оор беренелер боюнча камалган Канатбек Исаевдин баш коргоо чарасы чечилди. 

27-сентябрда Стамбулдан кайткан маалда Ташкент аэропортунан кармалган белгилүү өзбек жазуучусу Нурилло Отаханов 1-октябрда эркиндикке чыкты. Анын уулу Файзулла Отаханов билдиргендей, кечээ Яшнабад РИИБ башчысы жазуучуну үйүнө чейин жеткирип келген.

Шайлоо маалында абалды курчутам дегендерге карата катуу чара көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Премьер-министр Сапар Исаковдун жубайы борбордогу төрөт үйлөрдүн биринде көз жарды. Буга чейин жубайлар 3 кызды тарбиялап жатышкан.

 

Бишкектеги Свердлов райондук соту көмүскө жай уюштуруу жана саунанын имаратын сойкулук үчүн берүү боюнча айыпталган Россиянын 43 жаштагы жараны Г.Л.ны күнөөлүү деп тапты. Ага 50 миң сом айып пул салынганы соттун 5-январдагы токтомунда маалымдалган. 

К.Ташиев: "Мен Жээнбековду колдоого макулдук берип жатып эч кандай шарт койбогондуктан, Кудайдын жана элдин алдында абийирим таза..."

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген шек менен камакка алынган парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канатбек Исаевдин кызы Бермет Исаева 1-октябрда "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу элге кайрылды.

1-октябрь күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев жолугушууда мектеп, бала бакчалардын курулушу, айылдардагы жол, ичүүчү суу жана башка ыңгайлуулуктарды өнүктүрүү боюнча суроолорго жооп берди.

Белгилүү бизнесмен Борис Воробьев жакында президентикке талапкеди жакадан алды.

Тажикстанда кезектеги аскерге чакыруу өнөктүгү башталды. Анткен менен акыркы жылдары өлкөдө армияга баруудан качкан өспүрүмдөрдүн саны көбөйүүдө. Жыл сайын аскер курагындагы ондогон жаран кызмат өтөөгө «жараксыз» деп табылууда.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда кыргыз-өзбек чегинде жайгашкан "Маданият" көзөмөл-өткөрүү бекети ачылды.

Бишкек, «Саясат. kg». Таласта Бабановдун тарапташтары митингге чыгышты.

Бишкек, «Саясат. kg». Депутат Канат Исаев УКМК кызматкерлери тарабынан бийликти күч менен басып алууга ниеттенгени үчүн шектелип кармалган.

"Алар менен жолугуп, сүйлөшкөн да эмесмин. Канат Исаев менен шайлоо башталгандан бери үч-төрт жолу кесиптеш катары жолуктук. Аны менен криминал, акча таркатуу, төңкөрүш жөнүндө сөз болгон эмес".