Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков депутаттын сунушуна “маалымат топтолуп жатат, каралат бул маселе” деп жооп берди.

Бишкек, "Саясат. kg".  Түңүлөсүң да эй!

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылына 20 орундуу бейтапкана курулат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандык кыздын Санкт-Петербург шаарында зордуктоо аракетине туш болгондугу жөнүндө окуяны кеңири териштирип жатат. Бул тууралуу аталган элчиликтен кабарлашты.

Бул мелдеш Кыргыз Республикасынын спорт чебери, волейбол боюнча республикабыздын жети жолку чемпиону Алмаз Атабаевдин спорт менен шугурлангандыгынын жыйырма жылдыгына арналды.

Өлкөбүздүн башка аймактарын айтпай эле коёлу, борбор калаабыз Бишкектеги коомдук транспорттун абалы мышык ыйлай турган эле абалда.

Туулгандан тартып ат жалында чоңойгон кыргыз уулу үчүн көк бөрү оюну канадалыктар үчүн хоккей, бразилиялыктар үчүн футбол сыяктуу эле спорттун улуттук түрү эмеспи.

Өткөн жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси жакшырып, чек аралар ачылганда кыргыздар да, өзбектер да калпагы менен допусун көккө ыргытып сүйүнүшкөн эле.

Адатта биз кээде ачууга алдырып, ак халатчан өмүр сакчылары тууралуу ар кандай өйдө-ылдый сөздөрдү айтып калабыз. Анткен менен жаныбыз ооруганда Кудайдан кийин эле ошолорду эстейбиз.

Сыягы, телевидениеге тартып аткандыктан жана прокурорлордун коштоосунда жүргөндүктөн болсо керек, рейд өткөргөн инспекторлор өтө “честный” болушуп, жеринде айып алып, машинаны коё берүүгө макул болушпады.

 

Түркмөнстанда ун баасынын кымбатташы менен улпакка болгон суроо-талап өстү. Бул видео февралдын ортосунда тартылган, анда Дашөгүз облусунда кебекке кезекке турган кишилердин жоон тобун көрүүгө болот.

Казакстандын маалымат жана байланыш министри Даурен Абаев 27-февралда журналисттерге өкмөт жана парламент жыйындарын казак тилинде өткөрүү жараянында “аша чабуулар” болбой турганын айтты.

Интриганын атасын таанытасыңар да эй?

Т. Акун: АКСтин башчысын кетирсе эле коррупция менен күрөшүү башталды деген ойдон алысмын. Бирок, тазалануу  процесси башталганын тана албайбыз.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз кинематографиясын мамлекеттик колдоого байланышкан мыйзамга кол койду. Ага ылайык, фильмдин продюсеринин милдеттери жана жоопкерчилиги сыңары бир катар маселелер такталган.

Согди облусунун укук коргоо кызматкерлери Гүлистон шаарында прокуратуранын сурагынан качып кеткен кишини кармашты. Ал кызын зордуктоого шектелүүдө.

Акыркы күндөрү Кыргызстан менен Өзбекстан жарандарынын коммерциялык ишмердүүлүгү жандангандыгына байланыштуу чек арадагы «Достук» өткөрмө бекетинде адамдардын тыгыны жаралууда.

Эл аралык Amnesty International (AI) укук коргоо уюму Иранда милдеттүү түрдө жоолук салынып жүрүүгө каршы чыккан ондогон аял түрмөгө кесилүү коркунучунда экенин билдирди.

Сюжетте кыргыз саясатчысы Алматыдагы ресторанда Бишкектен барган досу, ишкер Уланбек Мурадилов менен отурган маалда кармалганы айтылат. Алар менен бирге казакстандык чек арачы Емилбек Кочкарбаев дагы болгон.