Улуттук коопсуздук комитети 3-октябрда тараткан маалыматта депутат Канатбек Исаевдин "бийликти күч менен басып алуу даярдыгын көргөн" деген шек менен кармалышын айрым саясатчылар, анын ичинде президенттикке талапкерлер өздөрүнүн саясий кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн колдонууда деп айтылат.

Президенттик шайлоо жакындаган сайын эл укмуштуудай убадалардын үстүндө калкып калды. Айрым талапкерлер эптеп эле бийликке жетүүнүн амалында реалдуулукка жакындабаган убадаларды да берип атышат.

Президенттикке талапкер  Сооронбай Жээнбековду  салмактуу, абройлуу саясый партиялардын, коомдук уюмдардын колдоосу уланууда. Буга чейин талапкерди  “Бириккен Элдик Кошуундар”, “Айкɵл Ала-Тоо” кыймылдары, “Замандаш-Современник”, “Кыргызстан”,  “Мекеним Кыргызстан” сыяктуу ондогон партиялар колдоп чыгышкан. 

3-октябрда Ош шаарында мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленип, сыйлоо аземи болуп өттү.

Жалал-Абад шаарында жол кырсыгы азайбай келет, буга айдоочулардын билиминин жана тажрыйбасынын жоктугу негизги себеп болууда. Ошентсе да, кырсыктан набыт болгондор саны өткөн жылдагыдан азайган.

Өткөн жылдан бери кошуна бул өлкө менен мамилебиз жакшыра баштагандан тартып чек ара маселеси чечилип, өтмөктөр ачылып, карапайым элдин турмушу бир топ эле жанданып, соода-сатыгыбыз кызып калды. Ал тургай маданий алакалар да жанданууда.

Премьер-министр С.Исаков азырынча кандайдыр бир экономикалык секириктерди жасабаган менен коомчулукту өзүнүн кеңешчилерди дайындоосу таң калтырууда. Алгач АКШ, Европадагы белгилүү окуу жайларды бүткөн жаш адистерди кеңешчиликке дайындаса, ушул жумада Россиядагы белгилүү кардиолог Алексей Коротеевди да коомдук башталыштагы кеңешчиси кылып дайындады.

Жакында Түркмөнстандын борбору Ашхабадда өткөн Азия оюндарында кыргызстандык спортчулар отуздан ашык өлкөнүн ичинен 80ден ашык медалдарды утуп алышып, жалпы командалык эсепте 8-орунду камсыз кылышты. Өлкөбүздүн намысын коргогон спортчулардын көпчүлүгү студенттер болушту.

Жалал-Абад шаарында окуучуларга билим берүүнүн сапаты улам жогорулоодо, ал эми жергиликтүү бийликтер мугалимдерге болгон камкордукту күчөтүшүүдө. 3-октябрда Жалал-Абад шаарындагы областтык Барпы атындагы кыргыз драма театрында мугалимдердин кесиптик майрамына арналган салтанатта ушундай пикир жаңырды.

Бир тууган иниси Канатбек оор айыптоолор менен камалгандан кийин бийликке иштөөгө жигиттик намысы жол бербедиби же ансыз деле кетиришерине көзү жеттиби, айтор Канатбек Кедейкановичтин бир тууган агасы, ИИМдин адистештирилген мамлекеттик күзөт кызмат башкармалыгынын жетекчиси, генерал-майор Талантбек Исаев отставкага кетти.

 

Кувейт мамлекетинин “Ас-Сафа” борбору  коомдук бирикмесинин колдоосу менен Лейлекте ФАП ачылып,  эки айылга  таза суу чыгарылды.

Лейлек районундагы балдардын  “Ак-Чыйыр” билим борборунун ачылуу аземине Кыргызстан президентинин кеңешчилери Икрамжан Илмиянов, Абдышүкүр ажы Нарматов, Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары  Чынара Саттарова, ошондой эле Кувейт мамлекетинин  атайын өкүлдөрү катышты.

Бишкекке чын эле ишмер, чарбачыл жетекчи келгенби же шайлоо алдында шаардыктарга иштеп аткан түр көрсөтүп, ишенимине кирели дешкенби, айтор быйыл Кытай өкмөтү берген 50 млн. доллар грантты кошкондо жалпы узундугу 95 километр жолдор толугу менен жасалып, айрым көчөлөрүбүз жаркырап эле калууда.

Кумтөр сыяктуу эле чехиялык “Лигласс Трейдинг” компаниясы жаңы өкмөттүн абийирин ачып, ашмалтайын чыгарат окшойт. Анткени 2-октябрда бул компания менен кол коюлган келишимдин чоо-жайын иликтеген парламенттик комиссия түзүү сунушталды.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чек аралардагы өткөрүү бекеттерин ачуу боюнча өткөн жумада дагы бир жагымдуу иш жасалды. Бул ирет Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда кыргыз-өзбек чегинде жайгашкан “Маданият” көзөмөл-өткөрүү бекети ачылды.

Коомчулук бийликтин ар кандай административдик ресурсту колдонуусуна каршы өз пикирин билдирүүдө. Өткөн ишемби күнү “Акыйкат шайлоо үчүн” деп аталган административдик ресурска каршы акциясынын катышуучулары Бишкектин Ахунбаев-Алмата көчөсүндөгү “24-март” скверине чогулушту.

Бишкек, “Саясат. kg”. Экс – президент Роза Отунбаева шайлоонун жыйынтыгы легитимсиз болуп калуусунан кооптонууда.

Бишкек, “Саясат. kg”. Экс-депутат Феликс Кулов үйүн бекер берем дейт, бирок бир суроого жооп тапкан адамга.

Бишкек, «Саясат. kg». Парламент депутаттары шайлоого алаксып, милдеттерин аткарбай атышат.