Мелдеш 8-13-июнь күндөрү Варшава шаарында өтүүдө.

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Польшада өтүп жаткан күрөш боюнча Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open мелдешинин финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн расмий сайтында айтылат.

Мелдеш 8-13-июнь күндөрү Варшава шаарында өтүүдө.

Тыныбекова 62 кг салмакта алгач россиялык Любовь Овчарова менен килем үстүнө чыгып, аны 14:8 эсебинде утуп алды. Россиялык спортчуну уткандыгы үчүн мелдештин жарым финалына өттү.

Жарым финалда кыргызстандык спортчу россиялык Светлана Липатова менен кармашып, 3:1 эсебинде аны жеңип, мелдештин финалына чыкты.

Эскерте кетсек, эки спортчу тең 2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

     
Шилтеме: https://24.kg/kyrgyzcha/197218/