16-апрелде Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунун турниринде Айсулуу Тыныбекова атаандаштарын ишенимдүү түрдө жеңип, финалга чыкты.
Турнирге 62 килограмм салмакта килемге чыккан Айсулуу Тыныбекова жарым финалдагы кармашта Өзбекстандык балбан кыз Рушана Абдирасулова менен кез келди. Мелдештин жүрүшүндө Айсулуу Тынбекова өзбекстандык балбан кыздын далысын жерге тийгизип, таза жеңиш менен финалга чыкты.
Айсулуу Тыныбекова биринчи турда индиялык балбан кыз Сонам аттуу балбан менен кез келмек. Бирок, атаандашы килемге чыгып, күрөшүүдөн баш тарткандыгы үчүн Айсулуу Тынбековага дароо жеңиш ыйгарылган.
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын экинчи турдагы атаандашы казакстандык Ирина Кузнецова болду. Күрөштүн жүрүшүндө, Тыныбекова ишенимдүү түрдө атаандашын 11:1 эсебинде жеңип алган.
Булак: Элгезит