Бишкек, "Саясат.kg". 1\16 баскычында Түштүк Африка мундиалдын тосуп алуучуларыны бири - Канада менен ойнойт

АКШ, Мексика жана Канадада өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө биринчилигинде тайпалык баскычтардын чечүүчү оюндары  (3-айлампа) старт алды.

Учурда А, В жана С тайпаларындагы жыйынтыктар белгилүү. Турнирдин бекитилген регламентине ылайык, А тайпасында 2-орунду алган Түштүк Африка курама комнадасы өлкө тарыхында биринчи жолу плей-оффко жолдомо алды. Алар чечүүчү беттеште Түштүк Кореяны 1:0 эсебинде уткан.

В тайпасында да Канада экинчи орунду алган. Эми бул командалар 1\16 баскычында беттешет.