Бишкек, "Саясат.kg". Күйөрмандар менен чемпионатка "чогуу барган" желек. 

18-декабрда Катар мамлекетинде футбол боюнча дүйнө чемпионаты болду. АКИпресс жарыялаган сүрөттөн ар өлкөдөн келген күйөрмандар көтөргөн желектердин арасында Кыргызстандын дагы желеги бардыгын көрүүгө болот.  

Эске салсак, Аргентина менен Франциянын командаларынын беттеши 4:2 эсебинде Аргентина командасынын пайдасына чечилди. Жыйынтыгында, Аргентина футбол боюна дүйнө чемпиону болду.