Бишкек, "Саясат. kg". Буга чейин да дүйнө чемпиону болгон. 

Бул жылкы турнир Норвегиянын Осло шаарында өтүүдө. Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмак категориясында күч сынашты. Ал  Япония, Беларусь жана Украинадан келген спортчуларды катары менен утуп алып, финалга чыккан.  

Маалым болгондой, 5-октябрда алтын үчүн болгон кармашта кыргыз спортчусу америкалык Кайла Миракел менен беттешкен. Тыныбекова 7: 0 эсебинде  жеңишке жетип, 2019-жылы Нур-Султанда алган чемпиондук титулун коргоду.

Бул медаль Кыргызстан үчүн бул турнирде үчүнчү медаль болду. Буга чейин Алибек Осмонов коло медалга ээ болсо, Эрназар Акматалиев күмүш медалдын ээси болгон.