Бишкек, "Саясат.kg". Мына ошолор , мисалга бир дүкөнгө 10 куту товар алып келсе, анын алтысын коштомо кагазы жок, жөн кыргызча тапшырышат.
Жакында "Дордой-Дыйкан" базарынын соодагерлери электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын (ЭТТК) милдеттүү түрдө киргизилишине каршы митингге чыгышты. Бул тууралуу жарандык активист Калдарбек Койлубайтегин пикирин төмөнкүчө билдирди:
- Оболу соодагер деген түшүнүктү жиликтейли. Бизде соодагерлер барбы? Бар, бир бирок аз гана санда. Калгандары, орустар айтмакчы “и другие” же кызыл кулак-алып сатарлар. Соода-экономика тууралуу тапаткыр түшүнүгү жок, бирок тиричилик үчүн жанын сабашкандар. Жанагы далдалчы деген катмардын көбүйүп кеткенинен улам баалар улам кымбаттап келатканын сопсонун билип турушуп “менин үй-бүлөмдү ким багат?” деген принцип менен көгөрүп турушат алар. Митингге чыккандар да ушулар. Аларга баары бир, эптеп арзаныраак алышып, кымбатыраак сатышса болду. Аларда мекен, эртеңки келечек жана башка ыйык түшүнүктөр тапаткыр өчкөн.
Эми ЭТТК (электрондук –товардык - транспорттук коштомо кагаз) каршы болуп жаткандарды түшүнсө болот.
Биринчиден, бар-жокту шакарап кылышкандардын башында фирмалар турат, тагыраагы, товар жеткирүүчүлөр. Мына ошолор , мисалга бир дүкөнгө 10 куту товар алып келсе, анын алтысын коштомо кагазы жок, жөн кыргызча тапшырышат. Төртөөнүкү боюнча эсеп-кысап жүрөт, салык да мына ушунун эсебинен каралат. Демек, фирмага да, дүкөнчүгө да табылгыс тыйын. Өкмөт мына ушул өксүктү жоюу үчүн коштомо кагаздары көрстүлсүн деп жогорудага жаңылыкты кийирип-кийире албай кыйналып келет. Ким эле оозундагы майын алдырып ийсин. Ошон үчүн жер тебишип, башы менен дубалды сүзүшүп, жомокторду айтышып... каршылык кылып келишет. Эгерде бизде чыныгы капиталисттик система, тагыраагы, базар үнөмияты ишке ашсын десек, бул жаңылыкты тезирээк кийиришибиз керек. Бирок “жеңил” тыйынга көнүп калышкан кызыл кулактар көпкө каршылык кылашат. Ошон үчүн мыйзам дегенди күчөтүп, баарыбыз мыйзамдын күчүнө гана ишене турган кезди жакындатышыбыз керек. Тетири күнү алып сатарлардын мекенинен ары кете албай, баалар эч качан туруктуу болбойт. Кызыгы, кымбат болуп жатат деп кыйкырып жаткандар да кудум ушулар. Анткени, тияктан жогорулатылган баага булар өздөрүнүн салымын кошушат да, андан бетер кымбат кылышат. Себеби - “менин үй бөлүмдү ким багат?" Болгон философиясы ушул.