КСДПдан президенттик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбеков ар намысын, кадыр-баркын, ишкердик беделин коргоо жана моралдык чыгым өндүрүү өтүнүчү менен 20-сентябрда парламенттин мурдагы депутаты Кабай Карабеков жана 24.kg маалымат агенттигинин үстүнөн Бишкектин Свердлов райондук сотуна арыз жазды.

Бул тууралуу Жээнбековдун шайлоо штабынын басма сөз кызматы билдирди. Анда Карабековдун "Жээнбеков бир туугандардын радикал араб уюмдары менен тыгыз байланышы" жөнүндө айткандары талапкердин кадыр-баркына доо кетирери белгиленген. Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков аны чындыкка дал келбейт деп табууну талап кылганы айтылат.

Кабай Карабеков жазган макала 11-сентябрда 24.kg сайтында орус тилинде "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген аталыш менен чыккан. Макалада президенттеринин жабык жолугушуусунда Москва "кыргыз тарапка эки өлкөнүн атайын кызматтарынын бир тууган Жээнбековдордун радикал араб уюмдары, анын ичинде Орусияда террордук деп табылган "Социалдык реформалар коому" менен тыгыз байланышы тууралуу маалыматына тынчсызданарын кыйытты" деп жазылган.

Сооронбай Жээнбеков муну "ушак жана жалган жалаа" деп атап, моралдык зыян катары Кабай Карабеков менен 24.kg агенттигинен ар биринен 5 миллион сомдон өндүрүүнү талап кылды.

Карабеков жана аталган сайт азырынча комментарий бере элек.