“Бетке айткан сөздүн заары жок”

 

Бүйүр кычыштырган маселе

Шайлоонун шайтан оюнунун аяктаганы билинбей ортодон төрт айга жакын убакыт  өтсө да бийликтин сыры менен чыры элдин бүйүрүн кычыштырган башкы маселе болуп калды. Президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын 8-апрелиндеги күч структураларынын коррупцияга каршы күрөшү талапка жооп бербей тургандыгы тууралуу курч мүнөздө сынга алгандыгы карапайым калктын арасында кандайдыр бир деңгээлде бийликке ишеним жараткан эле. Бирок, мезгил өткөн сайын муну “шоу” катары санагандардын санын көбөйтүүдө. Чечкиндүү жана ыкчам аракеттер жасалбагандыгына нааразы болгондордун саны күн санап өсүп жатканын ачык айтууга туура келүүдө.

Бул ишенбөөчүлүктүн күн санап өсүшүнүн башкы себептерине экс-президент А.Атамбаевдин “алты жылдык тажрыйбасын” андан ары улантарына басым жасагандыгы, “мыйзамсыз байлыкка ээ болгон 35 адамдын үстүнөн кылмыш ишин” козгото тургандыгын айтканы жана кыштын катуу суугунда ЖЭБдин авариясына себепкер болгондордун маселесине келгенде “10-15 адамды соттоп жиберүү менен маселе чечилбейт” – деген бири-бирине дал келбеген калпыс кебинен келип чыгууда.

Урматтуу президент С.Жээнбеков экс-президент “досунун” “алты жылдык тажрыйбасынын” кайсы багытын улантары ачык айтса болмок. АША досунун: “...өзүм менен кошо бир топ эски саясатчыларды алып кетем. Мен кайра келем, бирок алар келишпейт...” - деген идеясын андан ары улантары тууралуу алдын-ала эскертүүсү сыяктанат. Себеби президенттик шайлоонун жүрүшүндө негизги күчтүү атаандашы болгон Ө.Бабановдун үстүнөн бийликке келер менен “кылмыш ишин козготуусу” элдин ушул пикирге келишине өбөлгө түзүп отурат. Ал эми калган 34үнө кылмыш иши качан козголору белгисиз калды. Бул “атаандашсаңар барар жагыңар ушул жак” деген ишаратпы? Өзүнө ачуу сын айтканы үчүн АШАнын 4 журналистти сотко бергендей эле болуп калды, эки-үч айдан кийин деле бул ишти баштаса болмок, же калган 34үнүн үстүнөн да кылмыш ишин бир мезгилде чогуу козготсо мындай терс пикир жаралмак эмес...

Кыргызстандын күч структурасында эмгеги сиңген бир канча генералдардын Ө.Текебаевге чыгарылган соттун чечиминин мыйзамсыздыгы тууралуу пикирлери ММКларга жарыяланган. Мыйзамдын гаранты президент бул маселени катуу көзөмөлгө алуусу зарыл эле.

Ал эми Б.Талгарбеков, Д.Сарыгулов, К.Самаков, К.Исаевдер бийликке каршы заговор уюштурган кылмышкерлер катары соттолгону кыргыз Фемидасынын нукура жүзүн көргөзүп отурбайбы. Же булар криминал дүйнөсү менен байланыштабы, же курал-жарактар менен кармалыштыбы? Бийликти басып алууга үгүт жүргүзүүгө же мультимиллионер болушпаса, ишенбеген көз карашы үчүн бийликти басып алууга аракет жасагандык үчүн айыбы коюлганы жөн эле нонсенс, куру былжырак эмеспи.

Күч структураларындагы “коррупцияга каршы күрөшүнүн” жүрүшүндө калпыс айыптоолорго нааразылык катары кургак ачарчылык жарыялашкан түрмөдөгү Б.Асанов, К.Кадыров, Э.Карыбеков, С.Жапаровдун ачуу кыйкырыктарына президенттин үн катпагандыгы анын экс-президент досуна жан тарткандай таасир калтырат. Элдин бүйүрүн кычыштырган бул маселеге кайдыгер мамиле элдин элегинен өтүп, ишенимге суу сепкендей. Демек, сот системасында реформа популисттик деңгээлдеги убадалардын бирине айланарынан кабар бергенсийт.

Ал эми жаңы мамлекет башчыбыз кургак ачкачылык жарыялагандардын үндөрүн уктубу? Ал эми кыштын катуу суугунда ЖЭБдин авариясына себепкер болгондорду “соттоп жиберүү менен маселе чечилбейт” – деп аларга боор толгонуна көбүбүз түшүнбөй калдык. Бизде бир байпак уурдагандар аёосуз түрдө сот жообуна тартылат. Ал эми сиз жан тарткан “10-15 адамдын” келтирген зыяны канча байпактын кунуна татыйт болду экен?  Кореяда, Кытайда ишине кайдыгер карагандыгы үчүн мамлекетке келтирген зыяны үчүн ири чиновниктердин  башы түрмөгө тыгылмак. Же экс-ажонун кадрлары болгондугу үчүн аёо сезими козголдубу? Бул табышмактуу сырга айланып отурат. Бирок саясатта достук болбосун, жеке кызыкчылыктар гана үстөмдүк жүргүзөрүн билсе да шек билдирбегенге аракет жасаган сыяктанат.

 

Иш менен сөзү айкашпай...

Мен бул жогорудагы пикирлерге бекеринен келген жокмун. С.Жээнбеков президенттик постко КСДП, так айтканда “досу” А.Атамбаев тарабынан көргөзүлгөнү жана жеңишке жетишкени жалпыбызга маалим. Кыргызча айтканда “тамак ичкен табагыңа, какырба да, түкүрбө” – деген принципти кармоого аргасыз. Ошол эле учурда бир тууганы экс-спикер А.Жээнбеков  ушул учурда да КСДПнын мүчөсү, экс-президенттин кол алдында, анын көзөмөлүндө турат. Мындай шартта “эки оттун ортосунда калган” президент эки жактын бирин тандап алуу керек. Же КСДПнын “кол баласына” айланат, же А.Атамбаев менен кол үзөт. КСДПнын курамында калса, бир тууганын сактап калат, эгерде моюн сунбаса А.Жээнбековдун карьерасына гана эмес, анын өмүрүнө да кооптуу кырдаал түзүлүшү мүмкүн.

“Биз элдин үнүн угуп, ачуу чындыкка көңүл буруубуз керек”- деген кебин иш жүзүнө ашырабы? Калктын калың катмары менен менен көбүрөөк байланышкан адам гана элдин көйгөйү эмнеде экенин билет. “Ак жакачандар” жана алар алдын-ала даярдаган “дүжүрлөр” менен гана жолугушкандар  элдин ишениминен ажырарын дагы бир ирет белгилеп койсок артыкпаштык кылбас. Жогорудагы ачуу учкай сөздө белгиленген карама-каршылыктардан улам иш менен сөзү айкашпайт го деп түкшүмөл жасоого туура келет...

 

“Прихватташтырылган” ишканалар - мамлекетке

Президент бир партиянын кызыкчылыгын эмес, Кыргызстандын ар бир жаранынын кызыкчылыгын көздөшү керек. “Кыргызбайлардын” байлыгы кандай жол менен түптөлгөнүн иликтөө иши башталса, башка партиялардын мүчөлөрүнө коюлган тергөөлөр КСДПдагы “ак жакачандарга” да жүргүзүлүшү керек. Биз жапайы капитализмге күтүүсүз жерден өткөнүбүздө эл бул коомдук-экономикалык формацияга толук даяр эмес болчу. Муну тарых тандырбайт. Мындай шартта эч бир адам “ак эмгеги менен ири капиталга ээ” болушу мүмкүн эмес эле. Буга “акылынан айныгандар” же көшөкөр кошоматчылар гана ишениши мүмкүн. Эгерде андай мүмкүнчүлүк болсо, өлкөбүздү 25 жыл “кыңк” дегизбей башкарган, Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары Турдакун Усубалиев, Кыргызстандын №1 коммунисти Абсамат Масалиевдер элден мурда “мульти-пульти” миллионерлерге айланмак. Ушул тараптан алганда “мээнети” менен байыгандардын “артында калбыры” бар экендигин тартынбай айтсак болот.

Бишкек калаасында илгери айыл чарба машиналарын чыгарган завод бар эле. Мен билгени мында 18 ири цех иштеп келген. Эсил кайран СССРди “тирүүлөй көмгөндөн” кийин бул заводдогу цехтер камчы менен ченеп бөлүнүп, чак түштө талоонго берилген. “Прихваторлор” ошол кезде энчисине тийген цехтерде жумушчу орун түзүүгө салтанаттуу “убада” беришип, бирок ал жерде жумушчу орундарды уюштурмак тургай  кымбат баалуу станокторду кыйратып Кытайга металломго жөнөткөндүгү боюнча иликтөө жасалган эмес. Али да кеч эмес, куну алтындан кем эмес бул ишкананы сатып алгандар сарптаган акчаларынын кунун миңдеген эсе суммада киреше алгандыгын эске алсак, ал жерди максатка ылайык иштетпегендиги боюнча эмнеге кайра мамлекеттин карамагына кайрып алууга болбосун?! Инвесторлорду тартып, ишкананы кайра калыбына келтирип, жумушчу орундарды түзүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга биздин  бийлик өкүлдөрүнө анчалык деле акылмандуулукту талап кылбаса керек. Борбор калаабызда мурда Чыгыш өнөр жай аймагында (Восточная промзона) көп сандаган ири ишканалар болгондугун орто муундагылардын деле көбү билет. Алар дагы “прихватташтыруунун” кесепетинен таланып кеткенин кантип жашырабыз? Ал ишканалардын айрым бөлүгү чет мамлекеттерге көчүрүлүп кеткендиги эл оозунда уламышка айланып, ачык эле айтылып жүрбөйбү?

Союз жоюлганда “прихватташтырылган” ири ишканаларды ээлегендерден чейрек кылым бою мамлекетибизге коко тыйындык пайда келтирбегендигине ылайык кайрадан кайрып алып, ага инвесторлорду тартууга,  өндүрүштү өнүктүрүүгө көңүл буруу зарыл. Завод-фабрикаларды калыбына келтирүү менен жумушчу орундар түзүлөт, натыйжада миграциянын кубаттуу агымына чек коюла баштайт. Кыргызстандан чыгарылып кеткен ишканалардын ээлерине кайра көчүртүп келүү талабы коюлууга тийиш. Ал ишкананын ээси бул жакта жашап, ал эми ишкана башка мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө иштеп жаткандыгына байланыштуу кылмыш ишин козгоп, ири суммадагы айып салуу мыйзамдаштырылуусу керек. Өлкөдөн чыгарып жиберүүгө чейин чара колдонуу зарыл. Ал түгүл андайларды мамлекетибизге чыккынчылык кылган катары эсептесек болот. Же болбосо өзу жашаган өлкөнүн экономикасына саботаж жасаган катары эсептелинүүгө тийиш. Бул жаңы президенттин эркине жараша болот. Эл мамлекет башчысынан жигердүү аракеттерди күтүп жатат.

 

Бийлик даярдаган “күлчөтайбы”, же...

Кылмыш ишинде уюштуруучу жана аткаруучу деген термин бар. Мунун юридикалык жагын мындай коёлу, моралдык жактан алганда эле уюштуруучуга өзгөчө катуу жаза берилиши керек. Бизде тетирисинче, аткаруучуга катуу жаза берилет да, биздин “адилеттүү” соттор акчанын же кызмат абалына карап, кылмыштын уюштуруучусу-ана башчысы “сүттөн аппак” чыга берет эмеспи. Ушундан улам кыргыз бийлиги коррупцияланып гана тим болбостон, криминалдашып да бүткөн деп айтууга негиз түзүлөт.

Фактыга таяналы. Экс-президент “Датка Кемин” электролиниясы ишке киргизилгенде “Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылдым”- жар салган эле. Тилекке каршы Токтогул ГЭСинин бир турбогенератору иштен чыгып, Казакстандан 1 кВт электроэнергияны 5 сомдон сатып алганыбызды кантип танабыз? Мансап ээлеринин куру мактануусубу, “Датка Кемин” линиясынын узактыгы 405 чакырым болсо, ага 400 миллионго жакын “долларбай”  жумшалгандыгы элге эми жетип отурат. Мамлекеттик каражаттын мындай чексиз суммада Айгүл-Тоо линиясына да сарпталган деген кеп бар, бирок бул мындай кылмыштуу аракеттер бийлик тарабынан жашырылып келет.

ЖЭБдин 386 миллион долларга модернизация жасоодогу коррупцияны да жаңы президент ачкан жок. “Уурунун арты кууш”,- дегендей, кыштын 30 градустук суугу бул тармактагы кылмыштын ачылышына себепкер  болду. Натыйжада, экс-президенттин, премьердин жана парламенттин бир гана КСДПдан болгондугунан жана алардын ооз көптүрө сүйлөгөндөрү менен өлкөбүзгө жана элибиздин эртеңки келечегине эмес, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн гана иштеген популисттер экендигин учур тастыктап койду. Бийликтин 3 бутагын бир партиянын ээлеп алышы, же партократиялык бийликтин орношу менен бири-бирине көзөмөл жасоого жол буулду. Бардык маселе бир гана партиянын лидеринин көргөзмөсү менен чечилишине алып келди да, акыры биз партиялык-бюрократиялык башкарууга өттүк. Бул бийликтин элге даярдаган “күлчөтайыбы”, же жеке кызыкчылыктарыбы, аны окурмандар өздөрү териштирип алар...

 

Палубага чыккан чычканга окшоштукпу...

Океанда кеме кырсыкка учураганда аны башкалардан мурда чычкандар мурда сезип, палубада жүгүрүп калат экен. Ошол сыяктуу ЖЭБдин аварияга учурагандан кийин гана бийликтин шаштысы кетти. Түшүнөн “чочуп ойгонгондой” парламенттегилер күтүүсүз жерден “активдүүлүктөрүн” көргөзө баштады. ЖЭБдин кыйроого учурашын иликтөөгө комиссия да түзүп, бирок ушул мезгилге чейин бул ири сумманын изин толук таба албай келет. Табылган күндө да анын эл алдына алып чыгары күмөн. Менимче, мамлекеттик жашыруун сыр катылган документ катары архивге “айдап” жиберишет сыяктанат.

Күтүлбөгөн ушул кырсыктан кийин “депжепжутарлардын” “Өнөр-жай, энергетика кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитети” Токтогул ГЭСинде өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркы 16 (он алты) тыйынды түзөрүн жар салып чыкты. Ошол эле учурда ЖЭБ тарабынан өндүрүлгөн энергиянын өздүк наркы 3 сом 9 тыйын турат экен. Эң кызык маалымат, туурабы?

Келгиле, ушул боюнча талдоо жасап көрөлү! ЖЭБдеги жылуулукту көп кабаттуу жана калк эсебинен жашаганга ыңгайлашкан “хан сарайдагылар” гана пайдаланышат десек күнөө болбос. Республикабыздын борбор калаадан башка аймактары ЖЭБдин жылуулугун жана электроэнергиясын пайдаланышабы? Алыскы аймактарды мындай коёлу, борбор калаадагы жаңы конуштардагы, жеке үй ээлери ушул артыкчылыктарга ээби? Энергетика да товар, анда неге өздөрү пайдаланбаган бул товар үчүн карапайым калк төлөөгө тийиш? Мындай “теңдемечиликтин” сыры эмнеде? Буга бийлик бутактары жооп беришеби? Же “хан сарайдагылар” үчүн эл массасы төлөөгө милдеттүүбү?

Аргасыз бир икаяга кайрылууга туура келет. Айтылуу Апенди бир ашкананын жанынан өтүп баратса, ашпозчу бир адамды “акысын төлө” деп кекетип жатканын көрөт. Чырдын себебин сураса, айыпталып жаткан адам бышып жаткан тамактын буусуна өзүнүн каткан нанын тосуп, анан жеген экен. Анда Апенди анын акысын төлөмөк болуп бошоттурат да, ашпозчуну саал эңкейтип, чөнтөгүндөгү тыйындарды бир топко шыңгыратып: “- Тигил адам пайдаланган тамактын буусунун акысына сен тыйындардын шыңгырагын алдың, бири-бириңерге карызыңар жок”, - дейт имиш. Атти-и-ң, биздин бийликтегилерге ушул кепти айтар Апендинин жогун карачы?!

 

“Максимчилердин” реваншыбы?

Экс-президент мөөнөтү бүтөрүндө кадрларды “жашартуусунда” кандайдыр бир жашыруун сыр катылгандай. “Уккан кулакта жазык жок”, - демекчи, эл арасында премьер-министрдин бир учурда “Кыргызстанда 5 миллион кою” бар Максимдин жан-жөкөрү болгону айтылып жүрөт. Мунун Өкмөт башчылыгына алып келип, мурдагы оппозициядагы “өнөктөштөрүнөн” кутулуп, Максим ажырап калган ошол “койлорду” ээлеп калуу максатыбы деген күдүк ойду пайда кылат.

Ошондонбу, айтор,7-апрель күнүнө карата “Форум” имаратында “Апрель ТВ” ачылары, ага жетекчи болуп Максимдин дагы бир жан-жөкөрү Алмаз Үсөновдун болору эл арасында айтылып жүрөт. Бул премьердин сунушунанбы, же мурдагы мамбашчылар А.Акаев менен К.Бакиевге “силер жасай албагандарды мен ишке ашырдым” деп мактанууга жасалган аракетпи, буга түшүнүү кыйын.

А.Атамбаевдин ишенген кадрларынын иш жөндөмдүүлүгүнө назар салып көрөлүчү. Өкмөт башчыбыз Сапар Исаковдун “Жаңы доорго – 40 кадам”, “Коопсуз шаар” дейбизби, же “Акылдуу шаар” дейбизби, бул ишке ашпаган популисттик программа болуп каларын турмуш өзү тастыктады. Кандай долбоор даярдаса да, ал кыйроого учуроодо. Чехиянын бир афералык компаниясы, Кытайдын дагы бир компаниясы менен түзүлгөн келишимдердин бири кайра жокко чыгарылса, экинчиси келишимди аткарар-аткарбасы белгисиз калып отурат. Ал эми бийлик ТВЕА бүтүргөн ЖЭБди кабыл алууда көзөмөл жасоого эрки жетпеди. Бул мамлекеттин кызыкчылыгына эмес, ири суммадагы каражаттарды кимдир-бирөөнүн “прихватташтырууга” багытталган максаттарына ылайык коюлган го деген шек саноого негиз түзүп отурат. Ошону менен катар буларды максимчилердин реваншы катары да бааласак күнөө болбос...

 

Энергохолдингдин чыныгы ээси ким?

Кайталап коёлу, энергетикалык тармактарды холдингге өткөрүүнүн артында кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгы турат. Өлкөнүн стратегиялык бул тармактан кол үзүүсүнө алып келет, аны жеке бир адамдын менчигине өткөрүүнүн көмүскө аракетинин жемиши катары карасак болот. Натыйжада, мамлекеттин кызыкчылыгынан ага ээлик кылуучу адамдын кызыкчылыгы жогору коюлат. Бийликтин сыры жана чыры ушунун артында жашырылып жатпасын?

Турмуш өзү көргөзүп койду, холдингдеги  бирди-жарым кызматкерлер гана энергетикалык билимге ээ болбосо, ага жетекчилердин бир тобунун атайын билимдери жок экендиги ачыкка чыкпадыбы?!

“Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” жоопкерчилиги чектелген акционердик коому (ОАО НЭХК) 2015-жылы түзүлгөн. ОАО НЭХК негизинен жеке менчик формасында иш алпарат. Мыйзамга таянсак. анын жетекчиси  эл аралык конкурс аркылуу шайланары, кадр катары ишин жогорку деңгээлде билиши, уюштуруу жөндөмдүүлүгу, ОАОнун материалдык-техникалык потенциалын көтөрүү иш-чараларды ишке ашырууда жооптуу мамилеси, интеллектуалдуулугу негизги мааниге ээ болушу талап кылынат. Ошону менен катар конкурстун талабы менен анын жеңүүчүсүнүн конкреттүү аткаруучу иш-чараларынын так мөөнөттөрү белгиленип, анын аткарылышында кандай ийгиликтерге жетишери белгиленүүгө тийиш эле. ОАО НЭХК уюштурулганы менен эч нерсе жасабагандыгы, ал түгүл 2016-жылы өзүнүн протоколдук милдеттенмелерин да аткарбагандыгы эми билинди.

Бул биздин колубуздагы айрым маалыматтар. Ал эми эч иш аткарбаган мында иштеген жетекчи кызматтагылардын жогорку өлчөмдөгү маянасы мамлекеттин эсебинен төлөнүп келсе керек, себеби бул афералык максатты ишке ашырууга “улуттук” маанидеги бир ооз сөз эле маселени алардын пайдасына чечип коёрун билип, ыңгайлуу учурду гана күтүшкөн сыяктанат. Жалпы эл билген бул маселени Кыргызстандын УККсы, прокуратурасы, ИИМ сыяктуу бүтүндөй күч структурасы кантип билбей калышы мүмкүн. Алар бийликке сын айткандарды куугунтукка албай, мамлекетибизди сызга отургузгандардын иштерин тескөөгө алса коррупцияга каршы чыныгы күрөш болмок.

Табышмактын жандырмагын мезгил тастыктайт эмеспи, бирок ага жетпей, нары сырдуу, нары чырлуу бул “драманын” уюштуруучуларынын жана аткаруучуларынын бети эртеби-кечпи ачылып каларын ойлонушса болмок?  Кийин алар А.Акаев менен К.Бакиевдин таз кепин кийип калбас бекен?!

Таң... Күтө туралычы!

 

Эртабылды АТТОКУРОВ, эркин журналист, Булак: “Майдан. kg” гезити