Бишкек, "Саясат. kg". Аны сотко да абактан мажбурлоо түрүндө алып келишкен.
Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду конвой бөлмөсүнөн күч колдонуп чыгара турган болушту. Бул тууралуу адвокат Бактыбек Жумашев билдирди.
Эске салсак Исаков сотко келүүдөн баш тарткан, бирок бүгүн аны УКМКнын абагынан сотко мажбурлап алып келишти. Мындай чечимди Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова чыгарганы айтылууда.
Адвокаттын айтымында мажбурлап алып келүү милдетин желдеттер аткарган. Бүгүн түштөн кийин сот Артыкбаев, Назаров жана Лаврованы суракка алат.
Эске салсак айыпталуучулар сотко күбөлөр Г. Асанова менен Е. Хафизовду чакырууну өтүнүшкөн. Бирок сотко күбөлөр чакырылган эмес.