Бишкек, "САЯСАТ.KG". Шаардын аталышын ѳзгѳртүүгө шаар тургундарынын кайрылуусу негиз болду.
Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
«Мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоого, тарыхый инсан, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай чабуулдардан сактаган айкѳл Манас атанын атын Жалал-Абад шаарына ыйгарууга багытталган. Шаардын аталышын ѳзгѳртүүгө шаар тургундарынын кайрылуусу негиз болду. Кайрылууда шаардагы ѳзгѳрүүлѳрдү эске алуу менен, келечектеги муунга үлгү катары сунуш иштелип чыкты», — деп айтылат маалыматта.
Жалал-Абад шаардык кеңеши 3-сентябрда кезексиз сессияда калаанын аталышын Манас кылып өзгөртүү боюнча шаардын мэри Эрнисбек Ормоковдун сунушун колдогон.
Булак: govori.tv