Бишкек, "Саясат.kg". «Ноокат алмасы» кооперативи USAIDдин «Агросоода» долбоорунун алкагында 7 миллион сомдон ашык ($78,400) муздаткыч жабдууларын алды.
АКШ өкмөтү (АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу) жана «Ноокат алмасы» кооперативи Ош облусунун Ноокат районундагы эң ири муздаткыч кампаны расмий ачышты. Кампа 200 туруктуу жумуш орундарын түзүп, фермерлерге сатуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана жаңы рынокторго кирүүгө жардам берет. Жалпы сактоо сыйымдуулугу 1,000 тонна болгон кампа азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга жана район боюнча дыйкандардын жашоо шарттарын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
«Ноокат алмасы» кооперативи USAIDдин «Агросоода» долбоорунун алкагында 7 миллион сомдон ашык ($78,400) муздаткыч жабдууларын алды. Жаңы жабдыктар жергиликтүү өстүрүлгөн алма менен малинаны төрт айга чейин сактоого шарт түзүп, анын сактоо мөөнөтүн узартып, базар шарты жакшырганда дыйкандарга түшүмдү кымбатыраак сатууга жол ачат. Кеңейтилген сактоо мүмкүнчүлүктөрү рыноктун туруктуулугун сактоого жана жыл бою азык-түлүктү ишенимдүү жана ырааттуу камсыздоого жардам берет.
Кампанын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев жана USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Кайя Адамс жана башка жогорку кызматтагы сыйлуу коноктор катышты.
2018-жылдан бери АКШ өкмөтү Кыргызстандын түштүк аймактарында 20дан ашык жаңы муздаткыч кампаларды түзүүгө колдоо көрсөтүп келет. Бул кампалардын жалпы сыйымдуулугу 12,500 тоннаны түзүп, аймактагы кампалардын сыйымдуулугун эки эсеге көбөйтөт. Ошондой эле, кампалар тамак-аштын бузулушун 40%га кыскартып, 4000ден ашуун дыйкандар үчүн жаңы киреше булактарын түзүүгө көмөктөшөт.