Печать
Коом

Бишкек, "Саясат.kg". Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүндө узундугу 14 чакырымга созулган Кара-Кол каналынын курулуш иштери аяктады.

Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, курулуштун алкагында бир жыл ичинде “Алтын-Бешик” тоолорунан агып түшкөн мөңгү суусун калктуу конуштарга жеткирүү үчүн, Сары-Таш, Таңги, Ак-Терек жайлоолору менен капчыгайларда каналдын курулушу жүрдү.

Аталган ирригациялык объекттин курулушуна республикалык бюджеттен 23 млн сом бөлүнгөн. Ошондой эле Агахан Эл аралык уюумунан 24 млн сом грант катары берилип, темир суу түтүктөрү, курулушка керектелүүчү материалдар алынган. Бул ири долбоордун аякташы менен 1200 гектар жер сугат суу менен камсыз болуп, жакын жайгашкан айылдарга сугат суу берүү жакшырат. Көлөмү 1 кубка жеткен сууну тамчылатып сугаруу системасы менен пайдаланып, эки эсе көп жерди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк жаралаары белгиленди.

Ал эми келерки жылга каналдын башкы суу алуучу түйүнүнүн жана үч суу топтолуучу курулумаларынын курулушу пландалган. Бул чоң ирригациялык объектти 2024-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалган.

Белгилей кетсек, аталган долбоор эгемендүүлүк жылдарына чейин эле пландаштырылган. Каналдын курулушу башталган менен толук аягына чыкпай келген. Ошондой эле Советтер Союзу убагында курулган каналдын башкы суу алуучу бөлүгү кум шагылга толуп, бузулуп, жараксыз абалга келгендиктен, суу узак жылдар бою жерге сиңип кетип турган. Жыйынтыгында аталган аймактагы айылдарга сугат суусу жетпей келген.