Саресеп

Көз карандысыз эксперттер жакынкы 3-4 жылда Кыргызстандын экономикасы орто эсеп менен жылына 3-6 пайыздан өсө турганын маалымдашты. Эгерде жылдык өсүш 6 пайыздан ашпаса, быйыл эмненин эсебинен консолидацияланган бюджет эки эсе көбөйгөнү жатат? 2020-жылдын бюджети 180 миллиард сом болсо, ал быйыл 400 миллиард сомдон ашканы турат. Өкмөттүн айрым мүчөлөрү жакынкы 3-4 жылда 1 триллион сомго жеткирүнү убада кылышууда. Болсун!

Биз буга “Кумтөрдүн” кирешесинин баары өзүбүздө калып, салыктык базаны башкаруу жакшыртылып, көмүскө экономикадагылардын сезилерлик бөлүгү ачыкка чыгарылгандан улам жетишилгендигин айтышыбыз керек. Өкмөттүн айрым мүчөлөрү жакынкы 3-4 жылда бюджеттин киреше бөлүгүн 1 триллион сомго жеткирүүнү убада кылышууда. Ага ички резервдер бар. Көмүскө экономикадагыны ачыкка чыгаруу аркылуу салыктык база кеңейтилип, аны башкаруу жакшыртылса, жаңы темир жолдорду, ири обьектилерди куруу боюнча долбоорлор ишке ашырылып, Жетим-Тоону иштетүү да башталса, чын эле республиканын бюджети дагы 3-4 эсе көбөйөт.

Жогоруда айтылган алгачкы саамалыктардын эсебинен быйыл мугалимдердин, маданият кызматкерлеринин, мамлекеттик жана муниципалдык органдарда иштегендердин эмгек акылары 1,5-1,7 эсеге көбөйтүлдү. Президент Жалал-Абад облусунда иш сапарда жүргөнүндө 30дан ашык чек ара кызматкерине батирлердин ачкычтарын тапшырып, жакында аскер кызматкерлеринин айлыктары көбөйтүлө турганын билдирди. Ал эми 1-октябрдан пенсиялар 1700-3400 сомдон көбөйтүлгөнү жатат. Абышка кемпирлердин тынчтарын кетирбестен кимдердикине 1700 сомдон кошулат, ал эми кандай категориялардыкы 3400 сомдон көбөйөт, соцфондунун тийиштүү бөлүмдөрүндө иштегендер аны элге алдын ала түшүндүрүп коюшса жакшы болмок. Анткени, кийин “пенсия ала келгенде 3400 сом кошулат дедиңер эле, мага эмнеге 1800 сом эле кошулган?”- дегендей сөздөрдү айтуучулар четтен чыгат. Мурда пенсияларга бюджеттен жылына 70 миллиард сом жумшалса, көбөйтүлгөндөн кийин 90 миллиард сомдон бөлүнө баштайт деп ЖМКларга чыгууда. Эгерде пенсиянын баары бюджеттен бөлүнсө, анда соцфондуларга чегерилип жаткандар кай жактарга кетип жатат? Же андай маалыматтар ЖМКлар кетирген көп каталардын бириненби? Алар ката болсо эмнеге соцфондунун жетекчилери, адистери унчугушпайт?

Өнүккөн өлкөлөрдүн баардыгында мамлекеттик жана жекече камсыздандыруу фондулары каражаттарын көбөйтүүдө көптөгөн артыкчылыктардан пайдаланышат. Алсак, кирешелүү акционердик коомдордун акцияларынын бир бөлүгү милдеттүү түрдө аларга сатылат. Мамлекеттик банктардын адистеринин жетекчилигинде биржалык операцияларга да активдүү катышып, кирешелерин көбөйтүп турушат. Бизде да бул жаатта операциялар болот деп укканыбыз менен так билбейбиз, ачыкка чыгарышпайт.

Азырынча Өкмөт жакшы иштеп жатат, анда  талаш жок, бир жылда бюджеттин киреше бөлүгүн эки эсе көбөйтүп жаткан өкмөттү жакшы дебегенде кимди жакшы дейбиз? Бирок, инфляция ачыккан чөөлөрдөй такымдап, көбөйтүлгөндөрдү кайсап кетип жатканы да чындык. Алсак, быйыл жылдын аягына карата инфляциянын көлөмү 16 пайызга жакындаары күтүлүүдө. Бирок, элдин баардык катмарынын кирешеси ошончо пайызга көбөйүп, жок дегенде инфляцияны жаба алабы? Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердики, мугалимдердики жабышы мүмкүн, бирок калган категориялардагылардын айрымдарыныкы ага да жетпей калышы ыктымал. Ошондуктан өкмөт ар жыл жыйынтыкталып баратканда калктын баардык категорияларынын кирешелерин инфляцияга жараша индексациялап, анан жаңы жылдын башталышында чама-чаркына жараша көбөйтүп турса туура болмок дейбиз.

Анан мамлекет башчысы чек ара кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшырганын көргөндө дагы бир маселе эске келди. Бизде 2010-жылдан бери аскер кызматкерлерине, сот прокуратура, УКМК, ички иштер органдарында иштегендерге гана батирлер курулууда. Ал эми алардан кирешелери аз, социалдык макамдары да төмөн турган мугалимдер, маданият кызматкерлери, врачтар, журналисттер, жазуучу-акындар сыяктуу ж.б. көз карандысыздыктан бери бир да атайын батирлүү жай курулбады. Же алардын аткарган иштери, эмгектери күч органдарында иштегендердикинче жокпу? Жаш муундарды тарбиялап, билим берүүнүн, калктын саламаттыгын сактап, чыңдоонун мааниси бирөөлөрдү тергеп-тескеп,  камаганча да жокпу?

Бизден бул жерде айтайын дегенибиз,  мурдагы 47-колониянын аймагындагы 8 гектарга курула турган үйлөр мурдагыдай күч органдарында иштегендерге гана таркатылбастан жогоруда айтылган катмардагыларга да бөлүштүрүлүшү керек.

Андай  “ак сөөк, кара сөөк” деп бөлүүнү Атамбаев баштады эле, тилекке каршы, андан кийинкилер да анын инерциясынан чыкпай, мамлекеттин эсебинен курулгандардын баардыгы күч кызматкерлерине гана берилиши керек дегенди бекем карманып  алышты. Чек арачылар, аскер кызматкерлери батирлерин менчиктешпейт, башка жакка которулганда ордуна келгенге бошотуп берип кете беришет. Бирок, сот-прокуратура, УКМК органдарында иштегендерге андай артыкчылыктарды бере берүү адилеттик, калыстык эмес. Аларда иштегендердин баш калкалар жайы жогун күндүз чырак менен издеп да таппайсың. Ошондуктан, сөзүбүздү жыйынтыктап жатып, бийликтегилер мындан ары бул жагын да калыс, тең караштырса дейбиз. Экономика өнүгүп, киреше көбөйгөн менен калыстык, теңдик болбосо, анын үзүрүн баягы тандалгандар эле көрө беришет.

 

Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити