Жарандык активисттер Таласта кен жана чек ара маселелери боюнча нааразылык акцияга чыккандар куугунтукталып жатканын айтып чыгышты. Мунун алдында апрель айында Шыралжын кенин казууга каршы митингге катышкан үч адам камакка алынган эле. Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев 31-августта Таласка барып, күч түзүмдөрү менен аймактагы кырдаалды талкуулаган. Коомдук тартипти бузгандарды он күндүн ичинде жоопко тартууну тапшырган.
 
Милиция жарандарды мыйзамсыз кармап жатабы?
 
Анаркан Курманалиева камакка алынган Минурбек Сейталиевдин апасы. Ал уулуна буга чейин тергөөчүлөрдөн суракка чакырган кагаз келбегенин, 1-сентябрда таңкы саат 5терде жарандык формачан милиция кызматкерлери баласын үйүнөн капыл-тапыл кармап кетишкенин айтып берди:
 
- Менин балам чек ара деп эл үчүн чуркап жүргөн. Эч кандай саясатка тиешеси жок. Кечээ таңкы саат 5.30да намазга туруп жатканда сырттан “Минур байкелеген” жаш баланын үнү чыкты. Мен жаткан үйдүн эшигин кимдир бирөөлөр сырттан бекитип койгон экен. Антип-минткиче аркы үйдөн уулум чыгып калды. Терезеден уулум бир караандарга барганын көрүп калдым. Анан “Апа!” деп кыйкырган боюнча үнү чыкпай калды. Эптеп эшикти ачып сыртка чыксам, уулум да, жанагы караандар да жок экен.
 
Ушул тушта Минурбек Сейталиев менен кошо дагы эки адам камалып турат. “Эркин эл” партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков нааразылык акцияга чыккандардын кармалышын айыптады:  
 
- Таласта тартип коргоо органдары илгерки НКВДнын ыкмасын колдонуп, түнү түндөй, таңы таңдай келип Шыралжын кени жана Көк-Сайдагы чек ара маселеси боюнча чыккан жаңы муундун өкүлдөрүн куугунтуктап, мыйзамсыз кармап, уруп-сабап жатышат.  
 
Ушул жылы 3-апрелде Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын тургундары Шыралжын алтын кенин иштетүүгө каршы нааразылык акциясына чыгып, Талас-Тараз жолун буушкан. Милиция кызматкерлери менен митингчилер ортосунда жаңжалда күч органдарынын 20дай өкүлү, акцияга катышкан 4 адам жабыркаган. Үч-төрт унаа талкаланган.
 
Талас милициясы бул окуя боюнча үч адам 1-сентябрда камакка алынганын тастыктады. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Абдысейитов бул адамдардын окуядан беш ай өткөндөн кийин гана камалышын иштин тергелиши менен түшүндүрдү. Ушул тушта Көк-Сайда кыргыз-казак чек арасында демаркация иштерин үзгүлтүккө учураткан факт иликтенип жатканын белгиледи:
 
- 28-августта түштө Көк-Сай айылынын батыш тарабында Мамлекеттик картографиялык кызматтын өкүлдөрү чек ара мамыларын орнотуп жаткан учурда Кайнар айылынын 15-20 чакты тургуну келип, мамы орнотуп жаткандарды оозго алгыс жаман сөздөр менен тилдеп, коркутуп, ишин токтотуп салган. Орнотулган мамыны тээп жыгып, бейбаштык жасашкан. Анын эртеси түшкү саат 2лерде Кайнар айылынын 50-60тай тургуну чогулуп, дагы ушундай аракетке барган. Азыр бейбаштык кылган адамдарды аныктап, тактоо боюнча оперативдүү иштер жүрүп жатат.
 
Эл эмнеге нааразы?
 
Таласта 31-августта вице-премьер министр Абдрахман Маматалиев күч түзүмдөрү менен аймактагы кырдаалды талкуулаган. Коомдук тартипти бузуп, элди козуткандарды аныктап, он күндүн ичинде жоопко тартууну тапшырган.
 
Көк-Сайда чек ара маселесин иликтөө боюнча жергиликтүү тургундардан комиссия түзүлгөн болчу. Аталган комиссиянын төрагасы Эмир Парпиевдин айтымында, азыр казактардыкы деп эсептелген Чоң-Шынаа Кыргызстанга таандык болгону тууралуу документтер бар. Бирок өкмөт аны кайтарып алууга аракет жасабай жатат:
 
- Кыргыздын аймагына 4515 гектар жер Чоң-Шынаа болуп казактардын жери катары кирип турат. Кыргыздын жерин казак агаиндерге карматып коюшкан. Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев бизге барганда “туура эмес жерлерин аныктап берсеңер, биз казак туугандарга кайрылабыз” деп убада берди эле. Көп туура эмес жерлер аныкталып жатат. Союз убагында турган кашарларга чейин казактарга берилип жатат. Ошонун негизинде токтотуп тургула, сүйлөшүү жүргүзгүлө десек болбой жатышат. Бул маселе биздин жана казак делегациясы келип эки тараптуу, чечилиши керек эле. Бүгүнкү күндө биздин бийлик казактардын ролун ойноп жатат. Жергиликтүү эл тактагыла деп чыгат, бийлик болсо дароо кармата салганга далбастап жатат.
 
Таласта Казакстандын төрт бурч болуп Кыргызстандын аймагына кирип турган жер Чоң-Шынаа деп аталат. Бул жерди казак тарап 2001-жылы өкмөттөр аралык келишимдин негизинде алган. 2012-жылы эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Чоң-Шынаанын кыргыз тараптагы учун Кыргызстанга, Казакстанга караган эки тарабын казактарга берүүнү макулдашкан. Көксайлыктар буга каршы болуп Казакстандын Жамбыл облусуна кетчү сууну бир канча күн бууп турган. Кийинчерээк бул келишим жокко чыккан. 
 
Элеонора Бейшенбек кызы
"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти