Саясатчылардан кайрат кеттиби же өлөрман­дыкты беттерине каптап алыштыбы, айтор акыр­кы кездерде журналисттерди сотко берүү модасы менен ооруп калышты. Өздөрүнүн мушташып, чач­ташып жатканы жөнүндө деги бир ооз ачайын деш­пейт.
 
Кайра, каратып туруп эле, “Азыркы журналисттердин дең­гээли түшүп кетти” - деп күнөөнү ошолор жакка илгенде итатайың тутулат. Шамал болбосо чөптүн башы кайдан кыймылдаарын деги бири дагы капарларына ал­гысы келбейт. Колдорунда бийли­ги бар. Журналисттерди тизгин­демекчи болгон жаңы мыйзамды токуп, атказып алышканы таза эле беделдери бекемделгендей белсенип алышты. Баса калган­ды жактырышат. 22 жылдан бери саясат сересинен түшпөй келе жаткан немелердин былыктары эми бышып жаткандыктанбы, соттошкон эле чиновниктер. Кол басты, көз кысты менен көп сот­тордо утуп жатышканы да чын­дык. Ал аракеттерине алдырба­ган журналист журту, улам бир коңулдан чыга калып, абийир­лерин төгүп жатканы да жалган эмес. Ошентип азыркы коомдо “кулкун кызматкерлери” менен ачыктан-ачык согушуп жаткан жалгыз журналист журтчулугу болуп жатат го деген ойго келе­сиң. Кайсыл иште канчалык, ади­леттик талашы болсо, анда ал тар­мактын ишинин күчтүүлүгүнөн кабар берет эмеспи. Чоң океан “алкымдуулар” менен баарысын ачык айтып, жегенин «жеди», жебегенин «жакшы» деп жал­гыз маалымдоо каражаттарынан башка кимдер айтып жатат? Баш­тарынан бир топ кыйын учурлар өткөнүнө карабай, кара жанын карч уруп, жрөктөрүн ооздоруна тиштеп иштеп жүрүшкөндөрүн эч ким четке какпас. Бир жылда эле 50дөн ашык журналист сабалып, ондогон журналисттер ойдо жок жерден оо дүйнө салган кездер эч кимдин эсинен чыга элек бол­со керек. Бул журналисттердин мыктылыгынан кабар берет.
 
Ал эми сот иштерине келсек, өз абийирлерин миллионго баа­лап, моралдык чыгым өндүргүсү келген кээ бир адамдарга аргасыз күлөсүң, күлөсүң дебедимби... кү­йөсүң. Турсунбековдун, Салымбе­ковдун дал эле ошондой аракети менен болгон соттошуусу, ушул кезде аларга абийир алып келген жок. Журналист журтчулугуна жек көрүндү болуп, ыңгайы кел­ген жеринен түрдүү сын-пикир­лер менен татыктуу сындалып, мурдагы кеткен абийирине ко­шул-ташыл болууда. Сыягы, алар азыр бармак тиштеп жатса керек. «Журналист журтуна жек көрүн­дү» дегенибиз, коомчулукка де­генибиз. Карапайым калк азыр журналисттерге гана ишенет. «Учуртуп жатасыңар, ушакчы бо­луп калдыңар» дегендер, албетте жөнөкөй эл эмес.
 
Өз келечегин саясатка байлап, элге эмгек өтөгүсү келген эр аза­маттардын өздөрүнө керек бол­гон тармакты тепкиге алам деген тайкы аракети, эми алардын ба­рандуу иштерине чекеге чыккан чыйкан болорун кеч түшүнүп ка­лышты го, жарыктык кишилер! Эми булар го, булар экен.
 
Төрт депутат айымды кайсыл кара теке сүзүп жиберди дебей­сиңерби? Эркингүл Иманко­жоева, Гүлнара Жамгырчиева, Майрамкүл Тиленчиева, Асия Сасыкбаева “Учур” гезитин өткөн жылдын ноябрь айында эле сот­ко беришкен. Буга “Учур” гезити редакцияга келген аялдар тобу­на сөз берилип, алардын бир та­раптуу каралоосун коомчулукка чыгарганы себеп экенин айтып кине коюшкан. Элдик пикирдин берилгенин көздөрүнө илгиси келбеген айымдар, “Анын артын­да кандайдыр бир саясий буй­рутма жатат” - деп шектенишип, “Учур” гезитин 1 млн. сомго, баш редактору Күнболот Момоко­новду 500 000 сомго, журналист Кубат Баямановду 100 000 сом­го доого жыгууну суранышкан.
 
Жөн шектенип жатпагандыр. Бир жыл аралыгында жүргөн ал соттук иш акырына чыгып калды көрүнөт. 8-июль күнү төрт депутат айымдын берген доо арызынын негизинде Ле­нин райондук соту ишти карап, журналисттер тараптан келти­рилген далилдердин негизинде депутат Жамгырчиеванын доо арызы кароосуз калтырылып журналисттер акталса, Тилен­чиеванын арызынын айрым нерселери сотто адилеттик таап журналистерден Тиленчиева­нын пайдасына 2 миң сомдон өндүрүлдү. Ал эми Сасыкбаева менен Иманкожаеванын иш­тери дагы айрым жерлеринен адилеттик таап, журналисттер­ге айып пул ырымдалды. Бир кезде «Бакиевдин адилетсиз­диги» үчүн айгай салып, далай журналисттин калемпир-мур­чу аралаш калеминен «саясий жылдызга» айланган Сасыкбае­ва айым мындай сөз эркинди­гинин туткундалышын жакшы түшүнүш керек эле. Ооздоруна далай ирет скойтч чаптап, бар­баган мекемеси, жүрбөгөн кө­чөсү калган эмес. “Ар ким сүй­лөгөнгө, оюн ачык билдиргенге укуктуу” - деп мукактанганда адам жанына тура албайт эле. Эстесем жашып кетем... Эми өз кызыкчылыгындагы укугуна келгенде, сөздөр эркин болбой калганын карагылачы. Ооба, бул төрт депутат айым жөнүн­дө жазылган макала эч кандай гезиттин көз карашын билдир­бейт. Аны айтып берген адам­дар өз ысымдары, сүрөттөрү менен жайгаштырылган экен. Бирок, депутаттар сотко редак­цияны күнөөлөп, редакциянын, “Биз аларды таап беребиз” де­ген сунушуна кепке келбей жа­тышын, албетте, куугунтук деп түшүнбөгөндөн башка айлабыз канча. Басылмалар, ар кимдин тегине, жынысына, уруусуна, уругуна карабай, көйгөйү болсо көп ойлонбой анын оюн билди­рип жүргөнүн калган үч депутат айым билбесе да илгерки укук­чу, азыр абийири асмандаган, төрага орун басары Сасыкбаева айым жакшы түшүнсө болмок. Бийлик бирде бар, бирде жок. Эгер эртең ошолордун укугу бу­зулуп, адилетсиздик орун алса, аларга алгач кол сунган басыл­малар болорун бөркүндөй би­лишсе гана!
 
Болот АРГЫНБЕКТЕГИН
Булак: Туран