Печать
ММКда эмне кеп?
Просмотров: 1110
ЖКнын депутаты Исмаил Исаков тарабынан Мамлекеттик жогорку кызматкерлерге, алардын жакындарына чет өлкөдө банкта акча эсебин ачууга жана кыймылсыз мүлк сатып алууга тыюу салган мыйзам долбоору сунушталууда.
23-июнда ЖКнын депутаты Исмаил Исаков тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору парламентик угуудан өтүп, 24 -июнда ЖКнын айрым комитеттери тарабынан жактырылды. Ал долбоордо Жогорку Мамлекеттик кызматкерлер, алардын жакындары КР аймагынан сырткары чет өкөдө акча эсебин ачууга, акча каражаттарын сактоого жана кыймылсыз мүлк сатып алууга тыюу салган мыйзам долбоору сунушталган. Бирок, ага карабай долбоорго ар кандай сын- пикирлер айтылууда. Ошол себептерден улам "Акыйкат таразасы" программасында “Эреп" бирикмесинин жетекчиси Мирзат Аджиев менен  маек курдук. 
 
-Мирзат мырза, алгач бул мыйзам добооруна көз карашыңыз кандай?
 
Бул долбоор опурталдуурак болуп калчудай. Себеби, тескерисинче карап көрсөк, чет өлкөлүк жарандар эмне себептен Кыргызстандан жерди, үйлөрдү сатып алганга укуктуу. Анда муну да көзөмөлдөө керек.
 
- Буга чейин деле, мурун деле биздин жогорку жактагы чиновниктерибиз чет өлкөдө байлыктарын сактап келген. Аларга кандай чара көрүлөт?
 
Тилекке каршы, алардын аты жөнүн айта албайм. Бирок бардыгыбыз билебиз биздин жогорку кызматтагы чиновниктерибиз өздөрүнүн наамына эмес, таяке- жээн, алыс туугандарына каттатып койгон байлыктары толтура. Бул эми ички кагылыштын негизиндеби же, кандай көз карашта мыйзам иштелип жатат, мен күнөм санап жатам. Менин оюмча, бул мыйзам долбоору Орусияга жакыныраак болгондой сезилип жатат. Анткени, аларда ушундай долбоор кабыл алынган. Эгер муну саясат жагынан карап көрсөк, балким, Бажы биримдигине кирүүнүн алыстан келеткан буйругубу деп жатам. Бирок, минтип коомдук угууга коюп жаткандары жакшы. Себеби, элдерден, эксперттерден келген сунуш пикирлерди эске алып, жакшы бүтүмгө келет деген ойдобуз. 
 
-Ушул мыйзам долбоору күчүнө кирсе эле, чиновниктер чет өлкөгө байлыктарын сактабай калат деп ишенесизби?
 
Ишене албайм.Тилекке каршы, бул мыйзам долбоорун айланып өтчү жолдор деле табылат. Официалдуу түрдө өзүнүн атына же жакын туугандарына эмес, мүлктөрүн жаза турган адамдарды таап, анан сыртка байлыктарын жыйа беришет. 
 
-Бул мыйзамдын аткарылышы кандай болот? Жөн эле кагаз бетинде калып калбайбы?
 
Саясий курал катары кагаз бетинде калып калышы толук ыктымал. Бул көрсөткүч катары кээ бир жактарга катуу иштеши мүмкүн. Эгер мыйзам чындап иштей турган болсо, бир топ мамлекеттик кызматкерлерди толук чектеп коет.
 
Булак: Марал.ФМ