Печать
ММКда эмне кеп?
Просмотров: 998
Камбарата ГЭС-1, ГЭС-2 жана Нарын дарыясындагы ГЭС каскадын куруу иштерине Орусиянын катышуусу боюнча келишимге 2008-жылы эле кол коюлган. "Камбарата ГЭС-1" орусиялык-кыргызстандык компания каттоодон өткөн. Орусия тараптан 50% акция менен "Интер РАО ЕАС" ээлик кылат. Акциянын экинчи бөлүгү "Электрдик станция" ААКсына таандык. 
 
Тиш сындырган маселе ар дайым станциянын долбоорун каржылоо жана үлүштөрдү бөлүштүрүү маселеси болуп келген. 2009-жылы Орусия президент Курманбек Бакиев менен келишим түзгөн, анда Максим станциянын курулушуна 1,7 млрд. доллар өлчөмүндөгү насыя бере турган болгон. Бирок 2010-жылдын апрелинде Бакиевди кезектеги революция алып түштү да, станциянын тагдыры жана берилчү насыя чечилбеген бойдон калган. 
 
Андан соң жаңы президент Атамбаев Путин менен Камбарата ГЭС-1ге Орусия менен Кыргызстан биргеликте ээлик кылып, эки тарап тең 50% акцияны алышат деп макулдашкан. Долбоорду Орусия каржыламак. Бирок Москва инвестициясын кайрып бергиче, Кыргызстандын 50% үлүшү "Интер РАО" же "РусГидродо" ишенимдүү башкарууда болот жана дал ушул компаниялар ГЭСти курушат. Андан тышкары Москва салыктагы олуттуу жеңилдиктерге жетишти. Долбоор алдындагы, долбоордогу, курулуш-монтаждык иштерде орусиялык компания мүлккө жана жерге болгон салыктан бошотулат, керектүү материалдардын баары Кыргызстанга бажы акысы төлөнбөй алып келинет. Техниканын Россия Федерациясына кайра алынып кетишинде да пошлиналар төлөнбөйт. Эгер Кыргызстан салык өлчөмүн көбөйтө турган болсо, "Камбарата-1" долбоору мурдагы салык өлчөмүн гана төлөйт. 
 
Бир караганда бардык маселе чечилгендей, Атамбаев Орусиянын талаптарын аткаргандай болду. Бирок келишимди ратификациялоодо Орусия Мамдумасында ГЭС курулушун каржылоо боюнча маселе көтөрүлүп, Орусия тараптан Камбар-Атаны күрөөгө калтыра туруу сунушу айтылды. 
 
2009-жылдагы мыйзам боюнча биздин стратегиялык объектилер күрөөгө коюлбашы шарт эле, анан орусиялыктар Бакиев менен сүйлөшүп, ал мыйзамды жокко чыгарышкан эле. "Ак Жол" партиясы анда бул демилгени колдоп берген. Бирок аз сандагы коммунисттер жана КСДП фракциясы каршы болушкан. "Улуттун байлыгы болгон стратегиялык өзгөчөлүү объектилер эч качан жеке колго берилбеши керек, ошондуктан фракция өкмөттүн мындай сунушуна каршы", - деген пикирин билдиришкен ал кезде коммунисттер. КСДП солидардуу позициясын карманган.
 
Бирок азыр Атамбаевдин партиясы ошондогу "Ак Жол" партиясынын позициясына өттү. Эксперттердин "Камбарата ГЭС-1дин" курулушуна кайра кайтарылчу каражат алуу менен аны күрөөгө коюу туура эмес, бул Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда түзүлгөн келишимге каршы келет" деген эскертүүлөрүнө кулак кагышкан жок. Адис Расул Умбеталиев: "Камбарата ГЭС-1ди" курууда инвесторго ансыз деле ыңгайлуу шарттар бар: 75% пакет акцияга ээлик кылат, жер, бажы жана башка салыктардан бошотулат, электр энергиясынын ылдыйкы тарифтери, арзан эмгек күчү", - деп да тастыктады. 
 
"Күрөө варианты чечилчү болсо, Кыргызстан келишимди жокко чыгарууга тийиш. "Камбарата ГЭС-1ди" курууга башка инвесторлорду табуу мүмкүнчүлүгү бар. Кайра кайтарылчу каражат, узак мөөнөттүү - 40-50 жылга насыя табуу керек, карыздар кайтарылгандан кийин ГЭС Кыргызстандын пайдалануусунда калат" деп эсептейт эксперт. Канчалык айтпасын, анын пикири менен эч ким эсептешкен жок. 
 
Жакынкы күндөрдө мындай маалымат жар салынды: Кыргызстандын эки стратегиялык объектиси - Бишкек ЖЭБи жана Камбарата ГЭС -2 - мурда "Электрдик станция" ААКсы тарабынан алынган бюджеттик ссуда, коммерциялык насыяларга күрөөгө коюлганы жатыптыр. Бул үчүн "Ата Журт" парламенттик фракциясы премьер-министрдин отставкасын талап кылды. "Жоомарт Оторбаев буга чейин инвестиция тартуу боюнча биринчи вице-премьер-министрдин постун ээлеп турган, эми министрлер кабинетинин башчысы болду. Биз стратегиялык объектерди кое турган чекке жетип калсак, анда бул тармак туура эмес багытты беттеп алды. Ошондуктан Оторбаевдин отставкасын талап кылам", - деп билдирди депутат М. Абдылдаев. 
Анткен менен учурдагы "колбала" премьер-министр бул ишке аралашкан эмес. Бардык доомат президентке багытталышы керек. Же андай эмеспи? 
 
Бүгүнкү бийлик бардыгын сатууну мыкты үйрөнүп алган кербези. Акаев менен Бакиевдин бул нерселер жадакалса түштөрүнө да кирген эмес.
 
Адил ТУРДУГУЛОВ
Булак: "Баягы Асаба"