Печать
ММКда эмне кеп?
Просмотров: 3478
Бардыгы Нурсултан Назарбаев окуп аткан Украинадагы, Днепродзержин шаарындагы технакалык окуу жайына, Людмила Кальныш атту кыздын келиши менен башталган. 
Ошол  учурда Назарбаев   тоо кен бөлүмүндө окуп, эркин күрөшкө барып, машыгып жүрчү, ал эми Людмила тигүүчүлүк кесипти окуп, көркөм гимнастика менен алек болуп, экөөнүн сабактары бир залда өткөндүктөн, Казакстандын болочок ажосу келишимдүү украин кызына көз артып калган. Ал эми Людмила Ивановна «Биздин мастер казактын балдары менен  эч кандай мамиле түзбөгүлө, алар бул жакка жөн гана билим алуу үчүн келишкен, эч кандай роман жөнүндө сөз болбошу керек деп айтканын» эскерет. Ал мезгилде Людмила өзүнүн армияга кеткен  Сергей аттуу жигитин күтүп жүргөн. Көпчүлүк кыздар казак жигиттери турган жерден өтүүдөн коркушчу. Анткени, алар жаштар сейилдөөчү жерлерде көбүрөөк  жүрүшүп, жергиликтүү балдар менен уруштарды уюштурушчу. Булардын катарында –Нурсултан Назарбаев да бар эле. Бирок, Людмиланы, анын орус тилинде так сүйлөгөндүгү таң калтырган.
 
«Бир жолу машыгуудан кийин  чыксам, ал мени күтүп туруптур» деп  баянын улантат Людмила Кальныш. Мен коркуп, жашаган жеримди көрсөтпөйүн деп, өзүмдүн үйүмө эмес, курбу кызымдын үйүнө барууну чечтим. Ал менин соңумдан калган жок, барсам, курбу кызым үйүндө жок болгондугуна байланыштуу, кайра үйгө кайтуума туура келди. Ошондо Нурсултан Абишевич мен тарапка басып келип: «сен  бул жакта жашабайсын да» деди. Биздин алгачкы сүйлөшүүбүз ушундан башталып, мен үйгө кантип жеткенимди да байкабай калдым. Биз мен жашаган жерге келгенде ал менден сүрөтүмдү сурады. Мен ага, «Менин эң жакшы  досум Нурсултанга » деп жазып берип жатып,
 
-Сен билесиңда менин жигитим бар, мен аны күтөм - дедим.
 
-Билем, мен сенин сезимдериңди сыйлайм – деди.
 
Биз башка жолугушуп сүйлөшкөн жокбуз, күндөр өз нугу менен өтүп жаткан эле, анан бир жолу окуу жайда  майрамдык кече өткөрүлдү, бул кечеде менда катышмакмын, баары аяктаган соң, жаштар күткөн бий башталды. Тамга жөлөнүп турсам, бир жигит күчкө салып, мени бийге тарта баштады. Ошол учурда Нурсултан келди дагы ал жигитти өз ордуна коюп, чогуу бийлөөнү сунуш кылды. Чыныгы жигиттик кадамдарын көрүп мен, аны сыйлап калдым. Биз бий аяктаганча «танго» бийледик. Мен анын тартиптүүлүгүн аябай баалачумун. Ал өзү дагы кээ бир жигиттер сыяктуу өтө жабышып, чектен чыгып кетчү эмес.
 
Казак элинин салты боюнча жигит, кыздын үйүнө, кызды жубайы кылып алаарда, анын колун  сураарда гана барарын биз апам экөөбүз тең билчү эмеспиз, ошондуктанбы, бир жолу Нурсултан биздин үйгө кирүүгө мажбуур болуп, аябай уялган, биз буга апам экөөбүз тең калганбыз.
 
1960-жылы Нурсултан окуу жайын аяктап, экөөбүздүн ажырашуу мезгилибиз да келип жетти. Ошондой күндөрдүн биринде, менин жолдош кызым келип,  Нурсулатан өз жерине кете тургандыгын, ал өзү менен чогуу мени ала кетүүнү каалап аткандыгын айтты. Бирок, мен  дагы бир жыл окушум керек, кантип кетип калам деп жооп бергеним менен өзүмдү жоготуп, унчукпай туруп калдым. «Нурсултан  дагы  сени чексиз сүйөөрүн айтып жиберди» деди дос кызым.
 
 Казакстандан, Днепродзержинскийден да үзбөй каттар келип атты. Бирок, ошол сүйүү каттарынын ичинен мен үчүн эң жагымдуусу Нурсултандын каттары эле, анткени, анын каттары баарынан сабаттуу эле. Арадан канча жылдар өткөн соң каттарды окуп отуруп, мага дал ушул адам керектигин сездим. Анан  жолдошум Сергей менен ажырашып, беш жаштагы кызым менен өзүмдүн тулуп-өскөн шаарыма кайтып келдим. Бирок, ошол учурда менин жашоомдо, кайра калыбына келтире алгыс бир окуя болду. Менин жуунуп атканымдан пайдаланып, апам Татьяна Михайловна, портфелде турган Назарбаевдин баардык каттарын өрттөп салыптыр. Ызаама муунгандан, чачтарымдын суусун агызган бойдон үйдөн чыгып кеттим да кайра кайрылып барган жокмун. Анткени мен апамдын бул кылганын кечире алган жокмун. Менин жашоомда бул каттардан маанилүү башка нерсе жок болчу»-деп эскерет Людмила
 
            1994-жылы Назарбаев Казакстандын президенти катары, өзүнүн жаштыгынын бир үзүмү калган шаарына келип, жергиликтүү окуу жайында сүйлөп жатып, биринчи сүйүүсү тууралуу эскерет. Ошол жерден чиновниктер Людмиланы издешип, №9 шаардык бейтапкананын, тез жардам бөлүмүндө иштеп аткан жеринен табышат, бирок Людмила, «мен аны көрүп,эс-учумду жоготуп коюшум мүмкүн» - деп, Казакстандын президенти менен жолугушуудан баш тартат.
 
Ошол күндөн баштап, шаар ичинде Людмиланын кызы Аня – «Казакстандын президентинин кызы» деген ар кандай ушактар айтылып жүрдү. Людмиланын өзүнөн да «сенин кызың жолдошуң Сергейденби»? - деп сурагандар да кездешти. Кандай учур болбосун кошуналары, коллегалары Людмиланын көзүнө «Сен Назарбаевдин сүйүктүүсүң» деп айтышчу.
 
            2000-жылы Назарбаев Днепродзержин шаарынын 250-жылдыгына келет. Кайрадан Людмиланын ага келишин суранышат. Мына ошол жолгушууда Людмила менен Нурсултан бир канча мүнөткө гана бири-бирин көрө алышат. Людмила Ивановна  мөлтүр жашын агызып, ага болгон сүйүүсү менен өмүр бою жашагандыгын, бирок бул үчүн ал эч качан өкүнбөстүгүн, жалгыз гана ушул сүйүү ага канча деген күч - кубат бергендигин айтат. Бул экөөнүн акыркы жолугушуусу эле…
 
Булак: Майдан.kg