(маек)
- Ахматбек Келдибековичтин камакка алынгандыгын кайдан, кантип билдиңиз?
 
-20-ноябрда түшкү экилер ченде мага Келдибеков телефон чалып, Башкы прокуратурага сурак берүүгө чакырышканын айтып, “мага адвокат болуп бербейсизби?”- деп суранып калды. Мен аны менен кошо суракка чогуу бардым. Бирок Сейитов деген тергөөчү “бул кылмыш ишин өндүрүшүмө бүгүн кабыл алдым, кечээ козголуптур, сизди камакка алышым керек”, - деп камакка алуу боюнча протокол түздү. Эки күн ичинде, баш коргоо чарасы каралганча эч кандай сурак болгон жок. 
 
- Депутатты айыбы далилденгиче үй камагына кармап, сурак жүргүзүүгө болот беле?
 
- Келдибековдун кылмыш ишине шектүү катары кармалышында эле мыйзам бузулуп атат. Кыргызстандын Кылмыш-жазык Кодексинин 94-беренесине таянып камакка алып атышпайбы. А бул беренеде кылмышка шектүүнү кандай негиздер менен камакка алууга боло тургандыгы так жазылып турат: биринчиден, кылмыш үстүндө кармалса, экинчиден окуянын күбөлөрү же жабырлануучу кылмышты мобул адам жасады деп көрсөтүп берсе, үчүнчүдөн, шектүүнүн кийимдеринде, же жанынан кылмыштын белгилери табылса дароо камакка алууга болот. Ошондой эле эгер шектүү адам туруктуу жашаган жери жок болуп, өздүгү аныкталбаса да кармалат. Ал эми Келдибековдун кармалуусунда айтылган негиздердин бири да жок, сырттан эле тергөө аягына чыгып, кылмыш далилденмейинче сурак берип турууга мыйзам жол бермек. Андай болбоду, шашылыш кылмыш иши жандандырылып, шашылыш абакка алынды.
 
- Келдибековду эки ай мөөнөт менен абакта калтырылуусу бир кылмыш ишинин негизинде болуптур. А калган эки кылмыш ишчи?
 
- Аны эки ай камакка Жогорку Кеңештин атайын өкүлчүлүгүн ачкандыгы боюнча калтырышты. Калган эки иши ошол боюнча турат. Белгилүү эле болуп калды, аларды запаска калтырышты. Н.Түлеевдин иши сыяктуу кокус бул кылмыш иши далилденбей, актала турган болсо, запаста турган эки кылмыш ишинин негизинде кайрадан абакка кармаганга себеп даяр.
 
- Салянова атайын өкүлчүлүктү ачуу боюнча токтом долбоорун Келдибеков жабык жыйында добушка койгонун, анда депутаттар кол көтөрүү менен добуш бергенин парламенттин жыйынында бир нече жолу белгиледи. Жабык жыйын негизи кандай учурда жүргүзүлөт?
 
- Атайын өкүлчүлүк боюнча айта турган болсок, 2010-жылдын 23-декабрында аталган долбоор депутаттарга добушка коюлган экен. Ал учурда А.Келдибеков спикер болгон. Салянова элден бир нерсени айтпай жашырып атат, бул долбоорду ошол кездеги депутат Талант Мамытов сунуштап, а Келдибеков спикер катары депутаттарга добушка койгон. 23-декабрдагы жыйын парламент жаңы шайланып келип, жеке маселелерин, уюштуруу иштерин чечип бүтө элек кез болгон. Айыпта айтылып атат: “Келдибеков алдын-ала комитеттерде каралбаган долбоорду добушка койгон”,- деп. Атайын өкүлчүлүк Жогорку Кеңештин атайын түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелинет. Депутаттардын жардамчылары, кеңешчилери, иш башкармалыгы, аппараты дал ошол жыйында каралган. Парламенттик башкарууга өттүк, атайын өкүлчүлүктү ачалы деген маселе да ошол жыйында талкууланган. Башкы прокуратура бул токтом долбоорунун добушка коюлушу жабык эшик артында өткөн деп кине коюп атат. Жогорку Кеңеш түптөлгөндөн бери эле өзүнө тийиштүү маселелерди жабык эшик артында карап келген. “Канча бензин керек, канча айлык коюлат, канча жардамчы алабыз”,- деген маселелер коомчулукка чыгып кетпеш үчүн жабык талкууланат. Бул жерде да атайын өкүлчүлүк парламенттин жеке уюштуруу иштерине киргендиктен жабык эшик артында добуш берилип, стенограммага кирген эмес. Бирок 89 депутаттын баары макул болушуптур. Бир топторунун, Ф. Куловдун сүйлөгөн сөзү бар экен, “туура,  атайын өкүлчүлүк ачышыбыз керек, Госдума, Парламенттик ассамблея менен иш жүргүзүш керек”,- деген сыяктуу ойлорун айтышыптыр. Атайын өкүлчүлүктү ачуу кылмыш болуп эсептелсе, анда колдоп берген 89 депутат да мыйзамга каршы иш жасаган болобу? Анда аларга да, долбоорду сунуштаган Талант Мамытовго да кылмыш иши ачылышы керекпи?
 
- Ошол токтом долбоорун өткөрүү менен мамлекеттин бюджетине зыян келтирилиптир. Спикердин республикалык бюджетке байланышкан маселени өзү каалагандай ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү барбы?
 
- Башкы прокуратура ошол өкүлчүлүктү ачуу менен Келдибековдун мамлекеттик бюджетке 2011-жылы 8 млн. 182 миң 77 сом, 2012-жылы 1 млн. 784 миң 600 сом зыян келтирди деп айыптап атат. Бул күлкү келтирчү нерсе. Себеби, 2011-жылкы республикалык бюджеттин кабыл алынышында Жогорку Кеңеш деген бөлүгүндө атайын өкүлчүлүккө деп өкмөттөн акча бөлүнгөнү мыйзамдуу түрдө турат. Жогорку Кеңеш эч убакта чыгаша маселесине байланыштуу чечимди өкмөттүн макулдугусуз кабыл ала албайт. Мен Келдибековдон бул тууралуу сурадым, ал айтат: “Мен Атамбаев менен (Алмаз Атамбаев ал кезде өкмөт башчысы болуп турган) телефон аркылуу сүйлөшүп, "акча таап берем" деген сөзүнөн кийин гана республикалык бюджетке киргизгенбиз”,- деп.
- Келдибеков Социалдык фонддун жетекчиси болуп турган кезде акча каражаты мыйзамсыз которулган экен. Бул боюнча жактоочу катары иликтеп көрдүңүзбү?
 
- Кылмыш ишин ачуунун алдында кандай дооматтар коюлат, ал дооматтар мекеме ошол адамдын жетекчилиги алдында турган кезге туш келеби, иликтеш керек. Болбосо түшүнүксүз жагдай жаралып калат. Айыптоо боюнча Социалдык фондго 2005-жылдын август-сентябрь айларында которулган каражат тууралуу кеп болуп атат. Бирок 2005-жылдын январь айынан баштап аталган фондду Ольга Лаврова жетектеп баштаган. Бул убакта Келдибеков катардагы депутат катары иштеп аткан. Анан ал жетекчиликте турбаган мезгилде которулган каражат үчүн жооп береби? Түшүнүксүз. Албетте, "бул менин жетекчилик учурумда болгон иш" деп эч ким чыга албайт. Баарынын "Му-му" кейпин кийгенден башка аргасы жок. Чындыкты айтып чыгышчу болушса, анда аларга кылмыш иши козголот. Ким эле кылмышка жоопкер болгусу келсин?
 
- "Роток" ЖЧКсы боюнча айыптоолорчу?
 
- Мен билгенден бул кылмыш ишинин документтери 2010-жылы жоголуп кеткен. Анын жоголгондугу боюнча Бишкек шаардык ИИБи кылмыш ишин да ачкан. Үч жыл мурда жоголгон кылмыш иши кайра жандандырылганы да түшүнүксүз. Мыйзам боюнча көчүрмө документтер юридикалык баасын жоготот. Кылмыш иши түп нуска документтер менен гана ачылат. Азыр ал иш кандай документтер менен ачылгандыгын биле элекпиз. Адвокат катары материалдар менен таанышып чыгууга кызыкчылыгымды айтсам, тергөөчү “өндүрүшкө жаңы кабыл алдым, өзүм да тааныша элекмин”, - деп көрсөтүүдөн баш тартты.
 
- Келдибековго кылмыш иши козголуп, абакка алынышын "Кыргызгаз" маселесине катуу каршы пикирин билдирип чыкканына да байланыштырып атышат. Бул иште саясый себеп болушу мүмкүнбү?
 
- Азыркы мамлекеттик бийликке жан тарткан маалымат каражаттарынын бул иш боюнча бир тараптуу маалыматтарды берип атканы эле саясый өңүттөгү кызыкчылык бардыгын айгинелеп турат. Кандай бийликтердин мезгилинде жашабадык, жалпыбыз бир үй-бүлөнүн көзүн карап, бир үй-бүлө доорон сүрүп турган кезде да берегидей бир адамдын, анын туугандарынын болгон дүнүйө - мүлкүн пландык түрдө иреттеп көрсөтүү болгон эмес. Башка мамлекеттерде да, ошол эле Россияда да эмнелер гана болуп аткан жок. Бирок алар дагы мынчалык жапыздыкка түшкөн жок. Ушунун өзү саясый жактан буйрутма иш экенин кабарлап атпайбы. Биз, адвокаттар колдон келишинче айтып атабыз, бирок тергөөчүлөр "бизге ушундай көрсөтмө болгон, аны аткарышыбыз керек", - дегенди кайталап атышат. Көрсөтмө эмес, мыйзамдын талабын аткаруу керектигин унутуп калышкандай.
 
Учурда  ар кандай кептер жүрүп атат. Алардын айрымдарына таянсак, президенттен “Келдибековго байланышкан маселени чечкиле”,- деген көрсөтмө болуптур. Башкы прокуратура президенттин көрсөтмөсүн ал Кореядан кайтып келгиче аткарууга убадасын берип, анан ыкчамдык менен иш аракеттерди жүргүздү деп атышат. Бирок мен мындай сөздөргө ишене албай турам. Ошентсе да ортодогу адамдар аркылуу президентке айттырдым. Керек болсо андан кыйын президенттер күч колдонуу менен максаттарына жете алышкан эмес. Өткөн күн, өткөн учурду унутпаш керек.
 
Булак:Майдан.kg