Печать
ММКда эмне кеп?
Просмотров: 2390
Депутат Ахматбек Келдибековду көчөдө бараткан жеринен уюшкан кылмыштуу топтун лидеринен бетер кармап, камакка алышканын уккан Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Эмилбек Каптагаев ой-да сүйүнүптүр. “Менин да күткөн күнүм келип калды. Буюрса мага тиш кайраган Жылдыз Жолдошевасына да кезек келип, андан кутулат экемин”,- таризинде алакан ушалаганын угуп атабыз.
 
Бирок, прокуратура тараптан башка кабар уктук. Саляновага президент кайрылып, “сен эмне эле мага тиш кайрагандарды камап, мени уят кылып жатасың, бул жакта кызматка олтуруп алып мени уят кылгандарды качан камайсың”,- дептир. Ошол себептүү Салянова КСДП, “Ата-Мекен” фракцияларынын айрым депутаттарынан, министр, чиновниктерден турган кара тизме түзүптүр. Мына ошого Каптагаевдин дагы кирип калышы ажеп эмес экен. Себеби, Эмилбек Саламатовичтин саламаттыгынын мыкты экенинде мандем бар экен. Болбоду дегенде ажылыктан акча жасаган уулу камалаары айтылууда.
 
Булак: Майдан.kg