Ѳткѳн жумада журналисттердин кесиптик майрамы кызуу белгиленип жатканда ѳкмѳт башчысы Жантѳрѳ Сатыбалдиевдин пресс-катчысы Мелис Эржигитов борбордогу кѳчѳлѳрдүн биринде «концерт» койду. 
Катуу «майрамдап» койгонгобу машинесин учура айдап баратса МАИ кызматкерлери тоскон экен, аларды сѳгүп-сагып, мен премьердин катчысы болом, баарыңарды тизип салам таризинде ѳпкѳсүн какканын кѳргѳндѳр бизге айтып келишти. Арданган МАИчи коркутуп-үркүткѳнүнѳ карабай Мелистин «тулпарын» стоянкага токтотуп, штрафты балчайта салыптыр.
 
Пресс-катчысы минтип «концерт» коюп жатса, башбакан ден соолугун шылтоолоп Москвага аттанды. Билермандардын божомолунда, ал Кремлдеги таасирдүү досторуна жолугуп, Кыргызстандагы кырдаалды талкууламакчы. Ошондой эле туңгуч президент Аскар Акаев менен экс-премьер Николай Танаевге жашыруун кезигип, «разборка» кыларын гезиттер чуулдатышууда. Ал эми жеке булагыбыздан алынган маалыматка таянсак, эгер сапары ийгиликтүү аяктаса Жантѳрѳ Жолдошевич креслосунда калат, болбосо күтүүсүздѳн отставкага кетиши ыктымал…
 
Булак:"Жаңы Агым"