«Ата Журт» оппозициялык фракциясынын бир катар депутаттары көпчүлүк коалиция кол койгон коалициялык келишимде Конституцияга каршы келген нормалар бар экендигин 21-декабрда пленардык жыйында айтып чыгышты.

 

«Коалициялык келишимде Конституцияга каршы келген бир нече нормаларды түзүпсүңөр. Конституцияны өзгөртөбүз деп жазылыптыр. Соттордун алгылыктуу реформалоосуна барабыз деп жазыптырсыңар. Ага ылайык, судьялардын кызмат мөөнөтүн кыскартууга барышат экен. Ал эми Конституцияда судьялар жаш курагы чектелген эмес. Конституцияга каршы келип жатат. Бул боюнча жооп берүүнү талап кылам», - деди К.Ташиев.
 
«Конституция менен жашабайбыз, же келишим менен жашайбызбы. Конституцияга каршы келген нормаларды жазууга ким укук берди? Келгиле, анда Конституциядан баш тарталык. Констуциянын атасы болуп туруп Өмүрбек Текебаев буга кантип барды? Чындыкты бетке айтыш керек. Бул эмне деген бийликти басып алуу? Конституцияда кандай жазылса, ошондой иштейли», - деди депутат А.Келдибеков.
 
Ал эми депутат Марат Султанов коалицияга кирген фракциялар коалициялык келишимге кол койгон документти бербей жатат деп, датаны койгондон качып жатат деди.
 
Ал эми Маматбай Салымбеков коалициялык келишим «жигитчилик» келишим, деди.
 
Булак: Баракелде