Э.Жураев:Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы ѳзүн дискредитациялап алды, анын мѳѳнѳтүн узартуу коомдо катуу нааразылыктарды жаратат!”

- Кырдаалдын кандай ѳнүгүшүнѳ жараша болот. Эгерде бүгүнкүдѳй оор кырдаал сактала бере турган болсо, анда шайлоо ѳнѳктүгүн ары жылдыруу зарылчылыгы пайда болушу мүмкүн. Бирок жылдыруу да опурталдуу. Анткени, Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы ѳзүн дискредитациялап алды, анын мѳѳнѳтүн узартуу коомдо катуу нааразылыктарды гана жаратат. Конституцияга каршы иш кылууга да болбойт. Бул биринчиден.

Экинчиден, эгерде жылдырыла турган болсо, анда канча мѳѳнѳткѳ? Бир айгабы, эки айгабы? “Илдеттин жайылуусу токтоп, абал жакшырат”- деген да прогноз жок.

Эгерде белгиленген мѳѳнѳттѳ, 4-октябрда шайлоо ѳтѳ турган болсо, кѳптѳгѳн мыйзам бузуулар менен ѳтүшү толук ыктымал. Ошондуктан азыр БШК партиялар менен сүйлѳшүп, партиялык съезддерди онлайн режимде ѳткѳрүү жагын сүйлѳшүүлѳрү керек. Үгүт иштери  дистанциялык формада жүргүзүлүп, добуш берүү күнү жарандардын коопсуздугу камсыз кылынышы зарыл. А бүгүн болсо БШК бул маселелер менен  эмес, баннерлерди ташып жеткирүү, календардык планды бекитүү менен алек.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №22 (457) 15.07.2020-жыл