Печать
Категория: Цитата
Просмотров: 619

Т.Тургуналиев: Калмактар кырылып отуруп азыраак сандагы эли бар. Алардын илгертен кыргыздан ала албай жүргөн өчү бар...

 

– Бир топ күндөрдөн бери «экинчи аялымды алдым» деп жарыялап чыккан Чубак ажынын чуусу уланууда. Интеллигенция өкүлү, аксакал адам катары сиз кандай пикирдесиз?

 

– Мен Чубак ажыны абдан сыйлачумун. Ислам дини боюнча билиминин тереңдигин байкап, жактырып калган элем. Анан кийин эле өткөн жылы «Манаска» асылып, айныды. «Манаска» асылган адамдарды мен абдан жакшы билем. Мисалы, 80-жылдардын аягында Аалы Токомбаев деген аксакал акыныбыз «Манасты» өтө жамандап чыгарып, анан соо эле жүргөн чал жарым жылга жетпей көзү өтүп кетти. Ошондо көп адамдар «Манастын арбагы уруп кетти» деп айтып калышты. Ошондуктан ал ыйык нерсе, ыйык нерсе тууралуу элдин пикири абдан таасирдүү. Аалы Токомбаев айнып, эң ыйык делген кыргыздын эпопеясына асылып алып, анан ага болгон элдин терс пикири психологиялык жактан өтө катуу таасир берди көрүнөт.


Чубак ажы дагы «Манаска» айныгандай жаман пикирин айтып, эми болсо мыйзамды билип туруп ачыктан ачык мыйзамга каршы чыгууда. А биздин кыргыз мыйзамында бир эркек эки аял алууга уруксат жок. Ооба, кыргызда эки эмес андан көп аял алып кутулуп жүргөндөр аз эмес. Жашырынып алышат. Ажыбыз болсо «көп адамдардын экинчи жубай алганында нике кыйып келгем» дейт. Ачыктан ачык эле ушундай иштерди жасай берсе, аны ээрчиген коом эмне болот? Мамлекет, элдин биримдиги, элдин өсүү жолундагы ар бир кадамдар мыйзамга баш ийет. Башчылар дагы, жөнөкөй адамдар дагы мыйзамга баш ийсе, мыйзам баарын теңдейт да. Чубак ажы болсо «экинчи катын алдым, байбичем каршы чыгып жатат» деп, өзү айнып калгандай эле көрүнүп жатат. Укук коргоочулар кайрылып, сурак жүргөнүн туура көрдүм. «Керегем сага айтам, келиним сен ук» дегендей, Чубак ажы «Манас» тууралуу каалагандай дөөдүрөбөй, мыйзамды каалагандай калчабай жүрсүн!


– «Манас» демекчи, «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген ардактуу наамдын ээси Бексултан Жакиев «Манасты» шылдыңдаган деп ал кишиге карата оозго алгыс сөздөр айтылууда…


– Буга Бексултан Жакиев өзү эле күнөөлүү эмес. «Китептин экинчи бетинде канондук вариантты сунуштаган Бексултан Жакиев» деп жүрөт. Бир бетинде «түзгөн профессор Б.Жакиев» деп жүрөт. Китеп жарыяланганда 2011-жылы министрликтин башында Канат Садыков турган. Бул киши да Жакиевге кошулуп, жооп бериши керек.


«Манас» кыргыздын эле эмес, бүтүндөй дүйнөнүн сыймыгы. «Манастын» бир эле вариантында миллиондогон саптар бар. Гректер мактанып жүргөн «Иллиада» менен «Одиссеянын» «Манас» менен салыштырып болбойт.


Мектептин окуу китебине Манас менен Каныкейдин нике түнү ачыктан ачык жарыяланган. Адамдын турмушунда эч качан эч кимге айтпай турган жактары бар да. Бул «Манаска» деле тиешелүү да. Бексултан Жакиевдин бул китеби жапон тилине да которулуп кеткен. Аны окуган жапон эли деле бизди «болбогон эл экен» деген ойдо калгандыр. Калмактар кырылып отуруп азыраак сандагы эли бар. Алардын илгертен кыргыздан ала албай жүргөн өчү бар. Жайсаңчыларга тыюу салуулар облустук, республикалык деңгээлде деле болуп жатат. Ага болбой эле китептерин чыгарып, өз иштерин жүргүзүшүүдө. Андай адамдарыбыз Жогорку Кеңеште да бар.

 

Булак: “Азия Ньюс”

Тема: