Печать
Категория: Цитата
Просмотров: 632

С.Муканбетов: Азыр заман ушундай, ууру кески байлыкка, бийликке ээ болуп, “колуңан келсе, ко...ун менен жарма чал” деген заман...

 

(Узун сөздүн уландысы)

 

- Сабыр байке, сөзүбүздү улайлы. Акыркы жаңылык Жогорку Кеңештин жыйынынын кезексиз чакырылып, жаны өкмөттүн куралышы болду окшойт. Буга чейин, Алмазбек Атамбаевдин (АША) өзүм билемдик кадамдарына бөгөт коюуну пландаган саясый күчтөрдүн колунан эч нерсе келбей,  дагы деле баары АША айткандай болуп жатканы коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда. Айрымдар ачыктан ачык эле, “болду, баары президент айткандай болот, мына Сапар Исаковун бекитти, эми Сооронбай Жээнбековун деле өткөзүп кетет” деген пикирлер айтылууда. Сиз кандай дейсиз?

 

- Негизги оппоненттер, бийлик талапкерине альтернатива катары чыгып жаткан кандидаттар, ЖКдагы оппозициялык фракциялардын жетекчилери ушундай жылуу жумшак, пикирлерин өзгөртүп АШАнын планын колдоп бергендери албетте коомчулукту шок абалына кептеди. Эл ичинде “э-ээ кокуй, булар жеткен ийилчек немелер турбайбы, булар бийлике келсе любой төшү түктүүгө жатып берсе эл кантет?”,- дешип, “ушу Темир Сариевден башка туруктуусу жок экен”,- деген пикир басымдуу болуп жатканы байкалууда. АШАнын планын колдоп, жаңы өкмөттү бекитүүгө салым кошкон Бабанов менен Төрөбаев деле бири бирин “сен баштадың, сен кылдың” дешип, айыптамыш болгон менен, “туура эле кылдык, азыр ачык конфронтацияга чыгуунун пайдасынан зыяны көп, тактикалык жактан уттук” деген пикирлерин айтышууда. Бул эми алардын кеби, баягы “арстан өлүптүр” дегенде чычкан мурдуна чыгып бийлегенче ишенбей аткан жомоктун тупа-туура өзү. Эл болсо, бул эки эрендин жоругуна өз баасын берди. Жактырган жок. “Жалакай, коркок, ийилчээк”,- дешип, экөөнүн аброюна шек кетип, келечекте сөзүнө турган саясый тарап катары турукташары күмөндөнүп калды. Ооба, “силер айткандай адм. ресурс толугу менен колдонулса Сооронбай Жээнбековду деле камырдан кыл суургандай президент кылып алышат”- деген пикирлер басымдуу болуп жатат. Бирок чындыгында эле ошондой болобу же башкача болобу? Эгерде Кыргызстандын бийликке каршы саясый күчтөрү, өзүм билемдик, зөөкүрлүк саясатка каршы бириге алышса анда саясый кырдаал ыкчам өзгөрүүлөргө дуушар болушу толук мүмкүн. Эгер бириге алышпаса, анда “Кинконг аке өзү билады” деген саясат улана бериши толук мүмкүн. Кеп чынында, аны бир Кудай өзү билет. АШАнын озунан сөз чыга электе жантыгынан жата калмайын уланта беришсе, анда, АША айткандай, алты жыл аны колдогон Кудай деле кайда качат эле!

 

- Көк бөрү боюнча Астанада өткөн дүйнөлүк чемпионаттын финалдык кездешүүсүндө кыргыз курама командасынын төрт бир эсебинде жеңилгени соцтармактарда катуу талкуу жаратып, Өмүрбек Бабановго “казак элитасынан колдоо табуу үчүн, кыргыз командасын утулууга, акчага сатылууга көндүргөн” деген айыптоолор айтылууда. Сиз кандай дейсиз?

 

- Интернетте бул тууралу көптөгөн маалыматтар чыгып, Өмүрбек Бабановду күнөөлөө улантылып жатат. Бирок так далил келтире алышкан жок окшойт. Буга чейин деле, аны “кыргыз эмес, күрд” дегенсиген айыптоолорду жаадырышкан. Атасы кыргыз болуп турган соң анын энеси аркылуу айыптоо кантип туура болсун? Мен бул багыттан Бабановго кине коюудан алысмын. А бирок, анын саясый кырдаалдагы сатылмалыгын айтуу керек. Ушул жагынан алганда ал, чындыгында эле Кыргыз Республикасынын президенттигине татыксыз. Бирок азыр заман ушундай, ууру кески байлыкка, бийликке ээ болуп, “колуңан келсе, ко...ун менен жарма чал” деген заман. Кыргыздар ушул жерден туура жолду тандап, туура нукка түшүп кете албаса, анда ошондон ары жок болуп кетүүсү толдук мүмкүн.

 

- Шайлоо компаниясынын шаңын чыгарып “төртилтик” атка конгон Адахан Мадумаров, Бакыт Төрөбаев, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибековдор тууралуу кеп салалы. Акыркы, Сапар Исаковду өкмөт башчылыкка бекитүү аземиндеги Бабанов менен Төрөбаевдин кескин өзгөрүп Сапар Исаковдун өкмөтүн колдоп чыгышы кыйла ызы-чуу жаратты. Төртилтикетин экөө тияка өтүп, калганы кайсактап кайда бараарын билбей калыптыр. “Булар ушуну менен бүттү! Бийлик дагы утту! Оппонировать этип жаткандардын такыр айласы кетип, эмне кылаарын билбей мыш болду” деген кептерди чыгарышууда. Кимиси биринчи кеткен өндүү?

 

- Булардын ойкуп, кайкып, туруктуу позицияны кармана албай жатышы бийликке Кудай берди болуп, бийликке каршы биригип, оппонировать этебиз дегендерге кедергиси катуу тийип жаткандыгы айтпаса да түшүнүктүү. “Азыр эптеп, ушу, бир маселеде колдой туралык, анан убактысы келгенде бир позицияда чыгып, томкоруп түшөбүз” деген куру кыял. “Күндөн күнгө жатып бере берип, акыры жалап болуп кетиптир” дегендей эле кеп. Андыктан, дүйнөнү, Кыргызстанды өзгөртөм деген күчтөрдө биринчиден саясый эрк болуш керек. Ошондо гана кандайдыр бир ийгиликтерге жетүү мүмкүнчүлүгү ачылат. Анан буларга окшоп, белгисиз бир мерчемди күтүү болбогон кеп. Орустар айткандай “жди с моря погоды” дегенди, же баягы арстандын өлүмүн күткөн чычканды элестетет. Айтор чечкиндүү кадамдар, саясый эрк болбосо бок жок деген кеп да.

 

Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ

Булак: “Майдан.kg” гезити, №33, 30-август 2017-ж

Тема: