Печать
Категория: Цитата
Просмотров: 1348

А.Келдибеков: Президенттик шайлоого сөзсүз катышам, мага Конституция жол берет...

 

- Жогорку сот айрым булактар аркылуу сиздин соттолгондугуңуз алына электигин айтты. Анын негизинде сизге президенттик шайлоого катышууга мыйзам жол бербейт экен. Бул кабарды кандай кабыл алдыңыз жана бул тууралуу маалыматыңыз бар беле?

 

- Саясатчы болгондон кийин баарын эсептеп, кадам таштайсың. Эки-үч кадам алдыга жүрүш керек. Жогорку соттун маалыматы билбеген адамга таң калыштуу болгондур, а мен билип эле турганмын. Конституциядагы мыйзамдарга таянабыз, президенттик шайлоого катышуума жол бере турган мыйзамдар бар. Президенттик шайлоого чейин убакыт жетиштүү, азыр иш алып бара беребиз, учуру келгенде көрөбүз.

 

- Соттолгондуңуз 8-ноябрда алынаары чынбы?

 

- Анын мыйзамдуу түрдө ар кандай жолдору бар.

 

- Мисалы?

 

- Баарын ачып салганга болбойт. Ар бир адамдын турмушунда, саясий жолунда стратегиялык тактикасы болот эмеспи. Мындан чоң трагедия жаратуунун кереги жок. Биз мыйзамдын негизинде иш алып барабыз. Партиянын сьездин өткөрөбүз, эл менен жолугушабыз – баары мыйзамдын алкагында болот.

 

 - Президенттик шайлоого катышасызбы?

 

- Сөзсүз катышам. Биздин үчилтикти кайраштырып жаза башташты. Үчөөбүздүн стратегиялык тактикабыз бар. Саясий айдыңда кантип күрөшүүнүн ыгын билебиз.

 

- “Үчилтик” деп Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев үчөөңүздөрдүн тандемиңиздерди айтып атасыз да. Акыркы убакта сиздердин ынтымакка доо кетти, “чачырап кетишти” деген да маалыматттан жүрүүдө?

 

- Биз бириккендин эртеси күнү эле “чачырап кетишти” деп жазып башташкан. Азыр да чарчабай улантып келатышат.

 

- Бирок, Адахан Мадумаров сиздин Алайда президенттик жарышка чыкканыңыздын чечилгенинен кабарым жок деп айтты?

 

- Туура, кабары жок болчу. Элден бата алып, чай берүү ата-бабалардан келаткан салт. Маалымат каражаттары андагы эл менен жолугушууну жазышты. Бирок, менин сөзүмдү толугу менен беришпеди. Мен ал жерде Адахан Кимсанбаевичтен эл-журтка чоң салам айткам. “Талапкер болоорумду үчилтик менен акылдашабыз”- деп айткам. Аны жазгылары келишпейт. Шайлоого катышам деп ишенимдүү айта алам. Кудай буйруса, ийгиликке жетишебиз.

 

- Кокус сиздин катышууңузга мыйзам жол бербесе, Мадумаровдун талапкерлигин көрсөтөсүздөрбү?

 

- Эмнеге мыйзам жол бербейт?

 

- Жогорку соттун маалыматынан улам.

 

- Жогорку соттун тастыктамасын, же расмий жарыялаганын көрдүңүздөрбү? Төрагасы, же катчысы айтпаса, жөн гана Жогорку сот деп жазылса, так маалымат болуп эсептелинбейт. Азыр Конституцияны караган эч ким жок. Мыйзам тебеленип атат. Кыргыз парламентинин тарыхында жалпы парламент кабыл алган чечимге жалгыз спикер айыптуу болгон көрүнүш менин башымдан өттү. Конституция боюнча депутат кайсы бир чечимге кол көтөргөнү үчүн эч качан сот алдында жооп бербейт.

 

- Бирок, айыппул төлөгөнүңүз ошол нерсени жасадым деп моюнга алуу да?

 

- Канчалык далилдегенибизге карабай, Жогорку сот чечим чыгарды. Жогорку соттун чечимин ар бир жаран аткарууга милдеттүү. Убагында аткарбасаң дагы бир кылмыш иши козголуп, жоопкерчиликке тартыласың. Жаңы ачылган жагдай деп эч ким мага карап бербейт. Жогорку соттун чечимин даттанууга да болбойт. Ошондуктан, бул мекеме кандай чечим чыгарбасын, адилеттүүбү, адилетсизби, жаран аткарууга милдеттүү болуп калат.

 

- БШК талапкерлигиңизди каттабай койсо кандай кыласыз?

 

- Аны ошондо көрөбүз…  Эл-журттан көз каранды.

 

- “Эл-журттан” дегенде жол тосуу, митинг өткөрүүбү?

 

- Азыркы бийлик кантип келген? Жол тосуу, митинг менен эмеспи? Же, асмандан парашют менен учуп түшүптүрбү? Мыйзам чегинде каралса, ишибиз да мыйзамдын негизинде болот.

 

- Бул президенттик шайлоону “Кыргызстандын тагдырын чечүүчү шайлоо”- деп атышат. Кошуласызбы?

 

- Парламенттик шайлоону да “тагдыр чечүүчү” дешкен. 2010-жылы парламенттик шайлоодо “башкаруунун башка формасына өтүп атабыз, тагдыр чечилет”- деп жарыялашкан. “Мамлекеттин жашоосунда чоң өзгөрүү болот”- дешкен. Эмне өзгөрдү? Азыркы шайлоо деле тарыхый чоң маанигее ээ эмес. Президенттин конституциялык мөөнөтү бүткөндүктөн, ордун башка адамга өткөрүп берет.

 

- Кандай көз караштагы президент бизге керек деп ойлойсуз?

 

- Эң негизгиси адилеттүү болушу керек. Мамлекетти адилеттүү башкаруу башкы орунда турушу зарыл.

 

- Адилеттүүлүк эмнеге негизделет?

 

- Чындыкка. Кайсы бир адамды жоопко тартса да чындык роль ойношу кажет. Татыктуу болбосо, кызматтан алсын, татыктуу болсо кызматка койсун.

 

- Мыйзам иштеп атабы?

 

- Кандай иштеп атканын көрүп турабыз. Оор берене менен бирөө камакка алынат, бирөө ошол берене менен сыртта жүрөт. Бийликтин адамдарына мыйзам жок болуп атканы жашыруун эмес.

 

- Текебаевдин камалышына кандай көз караштасыз?

 

- Текебаев ушул жолду өзү түзүп берген, торго өзү түштү. Бирок, адилеттүүлүк үчүн айтыш керек, күнөөсү болсо эмнеге беш-алты жыл мурун камалган эмес?

 

- Атамбаев өзү башкарган алты жылда бюджет эки-үч эсе көбөйгөнүн айтып, бул коррупция менен күрөшүүнүн жыйынтыгы деп белгиледи. Сизге да коррупцияга каршы иш козголгон да?

 

- Мен төлөгөн 10 миллион сом, Түлеев төлөгөн 64 миллион сом менен бюджет эки-үч эсе өсүп кеттиби? Экономист катары айтайын, мүмкүн президентти айланасындагылар алдап атышкандыр, жети жыл ичинде бажы тармагынан түшкөн каражат көбөйдү десек, бул жылдар аралыгында бажы тарифинин ставкасы беш эсеге жогорулады. А түшкөн акча эки эсеге өсүптүр. Мисалы, сиз мурда бир сом төлөсөңүз, жети жылда беш сом төлөп калдыңыз дейли. Анын эки сому мамлекетке түшүп атат, калган үч сому кайда деп сурайсыз да. Ставкага жараша түшкөн акча да өсүшү керек.

 

 - Тынч шайлоо өткөрүү үчүн эмнелерди кылуу керек? Канча талапкер катышат деп ойлойсуз?

 

- Менимче, он чакты талапкер катышып,  негизги күрөш төрт-беш талапкердин ортосунда болот. Эгерде эл толкубай, тынч шайлоо өткөрөбүз десе, баары бийликтин колунда. Мыйзамды тебелеп, өзбилемдигин жасаса, талапкерин күч менен өткөрөм десе, башка талапкерлер тарабынан нааразычылыктар пайда болот.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №23 (301), 21.06.2017-ж.

(“Азаттык” үналгысына берген видео-маегинен кагазга түшүрүлдү)

Тема: