Печать
Категория: Цитата
Просмотров: 1556

Назира Бегим: “2 аял алууну мыйзамдаштыруу жаатында референдум өткөзүүнү сүйлөшүп жатабыз...”

 

Коомубузда кош никелүүлүк көптөн бери кызуу талкууланууда. Бирок бул маселе бир жагына чечиле элек. Ал тургай эркектердин эки аял алуусу парламенттик деңгээлге чейин жетип, аны демилгелеген депутаттар ур-токмокко кабылышкан болчу. Кош никелүүлүктү бул ирет айымдар өздөрү, журналист Назира Бегим коомдук талкууга алып чыгып жатат. 10-июнда Бишкекте эки аял алууну мыйзамдаштыруу маселеси белгилүү дин аалымдары, эксперттердин катышуусунда талкууланды. Аталган талкуунун уюштуруучусу Н.Бегим өз демилгесин мындай деп билдирди: “Улуттун келечегин ойлоп ушул маселени алып чыктык. Бул жерде 4 же андан көп аял алууну эмес, 2 аял алууну мыйзамдаштыруу жөнүндө сөз болуп жатат. Жакын арада бул боюнча мыйзам долбоору даярдалып, коомчулуктун талкуусуна коюлат. Референдум өткөрүү боюнча да сүйлөшүп жатабыз". Талкуунун жүрүшүндө айтылуу дин аалымы Чубак Жалилов бул маселе диний эмес, улуттук көйгөй экенин жана экинчи аял алуу менен түгөйлөр ортосундагы көйгөйлөрдү чечүүгө болорун айтты: “Бул нерсе мыйзамдаштырылса, экинчи аял деле биринчи аялындай эле укуктарга ээ болот. Экинчи, демек, кызматкер катары ал үйгө барат деген туура эмес. Аял балалуу болгондо жүдөп өзүнө, күйөөсүнө көӊүл бура албай калат. Экинчи аял болсо, биринчи аялда өзүн каранып жүрүүгө "иммунитет" жаралат. Ден соолугуна да, күйөөсүнө караганга да жакшы болот". Демек, Чубак ажы айтса туура айтчу эле...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №22 (300), 14.06.2017-жыл

Тема: