Печать
Категория: Цитата
Просмотров: 730

С.Муканбетов: "Бул жаш балага Алмазбек Атамбаевдин кандайча көзү түштү? Көзү түштүбү же күнү түштүбү? Сырын алдырдыбы? Же чындап эле ишеним артып жатабы?"

 

2017-жылдын күзүндө боло турган президенттик шайлоо жакындап келе жатат. Президенттике талапкерлер четинен баш көтөрүп, ар кандай жолугушууларды, тегерек үстөлдөрдү уюштуруп, ич ара тирешип, “кара пиарлар” башталып кетти. Бийлик да катуулап, сөз эркиндигин кысып, адам укугун басмырлап, демократиялык нормаларды көзгө илбей, “билгенимди кылам” дегенсиген саясатын улантууда. Ушундай кырдаалды талкууга алуу максатында белгилүү саясий серепчи Сабыр Муканбетовду сөзгө тарттык.

 

-Сабыр байке, кечээ 17-апрелде Дастан Сарыгулов, Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров, Эрнест Карыбековдорго соттун өкүмү чыгып, Дастан аке 4 жылга, Карыбеков 20 жылга, Бектур менен Кубан 12 жылга соттолгону белгилүү болду. “Бийликти басып алуу аракеттери үчүн соттолду”- дешкендери менен коомчулук мындай пикирди кабыл албай, аша чапкандык, чектен чыккандык катары баа берүүдө. Сиз кандай дейсиз? Бул топ ушундай оор жазага татыктуу кылмышка дал келеби? Болбосо сот эмне үчүн ушундай катаал өкүм чыгарууга барды деп ойлойсуз?

 

- Сот системасынын бийликке толук көз каранды болуп калгандыгы, бийлик ошол ресурсту пайдалануу аркылуу оппонентеринен арылып, бийлигин, байлыгын сактап калуу ыкмасына өткөндүгүн коомчулук ачык айкын көрүп-билип, тынымсыз сынга алып, какшап эле жатат. Бийлик болсо укмаксан, көрмөксөн... Кайра, “колуңардан эмне келет, билгенимди кылам!”- дегендей аракеттенүүдө. Ушундай жол менен “баш көтөргөнүңөрдүн баарын камап, коркутуп отуруп, эптеп күздөгү шайлоодо өз талапкеримди өткөрүп алсам” дегенде эки көзү төрт. Ошон үчүн жолтоо боло турган, кудурети бар саясатчылардын баарын кысымга алып, ар кандай ак шоона менен тигилген кылмыш иштерин чүргөп, Өмүрбек Текебаевден баштап камап жатат. Массалык акция, тополоңдордон апатия болуп, көңүлү калган элибиз саясатчыларды колдоп, жапырт чыга койбостугуна ишеним арткан Алмазбек Атамбаев “тынчтыкты, туруктуулукту сактап, тынч, калыс шайлоо өткөрөм”,- деген лозунгдарга таянып, жогорудагыдай өзүмбилемдиктерин улантууда. 

 

Кыргызстанда бийликке нааразы болуп, катуу сын пикирлерди айтып, ар кандай саясый акцияларды өткөрүү опозициялык маанайдагы уюмдардын баарына мүнөздүү, көнүмүш эле ишке айланып калган жалпы адат эмеспи. Анан булардын телефондон сүйлөшкөн сөздөрүнүн негизинде айыптап, ушундай катаал өкүм чыгарылышы албетте аша чапкандык. Алардын, ошол сөзүнөн башка эмне далил келтирилди? Түзгөн структуралары, топтогон ресурстары, тактикалык пландары тууралу эмне ачыкталды? Уккан жокпуз! “Телефондон ушинтип сүйлөшүп жатканын жаздырып алдык” дегендерин теледен кайталап-кайталап туруп эле кесип жибергендей болуп калды. Жаны кашайган Бектур Асанов сот залынан “бизди сот соттогон жок, Атамбаев соттоду” деп кыйкырганын эл укту, көрдү. “Бул саясый чечим” дегендердики ошон үчүн басымдуу болуп, бийликке, сотторго болгон ишеним жоголуп бара жатат да. Башка оппонентердин жүрөгүнүн үшүн алуу, коркутуу аркылуу максатка жетүүнү көздөп жатат. Опурталдуу аракет.

 

- ЖМКлардагы маалыматтарга караганда, дагы бир топ саясатчылар камалаары болжолдонууда. Күздөгү президенттик шайлоого чейин дагы жарым жылдан ашуун убакыт бар. Анан камакка алуулар дагы көбөйүп, кырдаал курчуп, тынч шайлоого жетпей калуубуз мүмкүн экендигин болгоологондор да болууда. Сиз кандай дейсиз?

 

- “Аны камайт экен, муну камайт экен, Убактылуу Өкмөттөгү соратниктерин бүт камайт экен”- дегенди угуп атабыз. Бирок байкасаңыз, бийлик бул жерде бакиевдердей оптом камап катачылык кетирбей, этияттап, байкап кысып, тандап камап жатканын көрөсүз. Алар деле билип жатат, канчалык көп адамды камасаң нааразычылыкка чыкчулардын саны да ошончолук арбып кетээрин. Ошол эле учурда, “камакка алуулар улантылат” дегендердикин да жокко чыгаруу кыйын, менин оюмча, баардык эле каяша айткандар менен өзү жек көргөндөрдүн баарын камай бергенге бара албайт. Анткени резьба жырылып, пружина артка тепсе күзгү шайлоого жетпей калаарыбызды билет. Ошондуктан, мындан ары камакка алуулар болсо, алар негизинен алдыдагы президенттик шайлоодо кескин кедергиси тие тургандарга багышталат болуш керек деп ойлойм.

 

- Сиз жогоруда, “президент Алмазбек Атамбаев артын ойлоп, өз адамын такка отургузууну көздөп жатат” дегендей маанидеги сөздөрдү айттыңыз. Президент болсо, “эл чечет, эч кандай мураскер болбойт” деп келет. Анан, өз адамын президенттикке отургузуу менен эле маселе толук чечилип, санаасы тынабы?  Мураскердин саясаты теңирден тетири айланып, өз башына караан-күн түшөөрү тууралуу да ЖМКларда талкуу жүрүп жатат. Ушу тууралуу пикириңизди айтсаңыз?

 

- Башында ошондой, “мураскер болбойт” деген, эми “май айында КСДП президенттикке талапкер көрсөтөт”- деп жатышат. “Бийликтен кетпейм” дебей, баш мыйзамды сыйлап жатканын баалашыбыз керек. Анан ошол, буга чейин жасалган, башталган ишти улантуу үчүн деле тилектеш, пикирлеш адамды сунуштоо керек да. Бул туура, мыйзамга каршы келбейт. Ошондуктан сунушташсын, көрсөтүшсүн, партиялык уставдык, программалык максаттарын ишке ашырууга аракет кылышсын. Антпесе партиянын эмне кереги бар? Сиздин сурооңуздун жообу ошо май айында КСДП талапкерин алып чыкканда билинет. Партиянын программасын аткарып, элдин, мамлекеттин жүгүн аркалай турган адам көрсөтүлүп жатабы (?), же Атамбаевди калкалай турган адам көрсөтүлүп жатабы (?), партия сунуштадыбы (?), же Атамбаевдин сунушубу? Ошондо эле, эл өзү беш мүнөттө билип алат. “Калк айтса калп айтпайт” дегендей, мен ошо эл ичиндеги кептерди айтып жатам. Эл деле, ошо көрүп билгенден улам “жеке кызыкчылыктарды көздөгөн максатта өзүнө ылайыктуу адамды түртөт” деген пикирлерди айтып жатат да. Ал эми мураскердин тетири кетиши тууралуу талкууну мен деле соцтармактардан окуп жатам. Такка отургандан кийин, “элге жек көрүндү болгон эски кожоюнду коргоп жаман көрүнгөнчө өз башымды ойлойун” деп, керек болсо ошол эскинин өзүн ур тепкиге алып, элдин моокумун кандырып, рейтингин көтөрүүгө аракеттенбейт –деген кепилдик жок. Бирок, бийликке келээри менен жоопкерчиликке тартууну убада кылып жаткандарга караганда, баары бир, азыр ишеним артып тургандардын бирин түртөөрү шексиз.

 

Бирок, кандай деген күндө деле Алмазбек Атамбаев жамандыр-жакшыдыр эл шайлаган президент. Ал башкарган жылдары “свет өчөт, газ жок” деген унутулуп, тынымсыз митингдер токтоп, туруктуулук орногонун танууга болбойт. Ошол эле учурда анын коррупцияга каршы күрөшү тандалмалуу негизде жүрүп, негизинен оппонентеринен өч алууга айланып кетти. Натыйжада коррупция ого бетер гүлдөп, наркотрафик, контрабанда ж.б. мыйзамсыз аракеттер менен шугулдангандыктары ЖМКлар аркылуу жумурай журтка маалым болгондор шоопур, сакчы, чарбакерлери аркылуу жол табышып, бийликтин колтугуна кирип, чин, сыйлык наам, кызматтарды ээлеп алышты. “Кыңыр иш кырк жылда...” дегендей, бийликтин өзү да ошол колтукка кирген арам тамактар менен шыбагалаш экендиктеринин чети ачыла баштаганда элдин үрөйү учуп, бийлик да эртеңкисин ойлоп жүрөгү түшүп, жандалбастап, кескин чараларга барып, камап жатат. Ошондон улам, “эл үчүн эмес, өз кара жаны үчүн алпурушуп жатат” деген пикир таркап кетти.

 

- КСДП сунуштай турган президенттике талапкерлер тууралуу кеп болгондо премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Албек Ибраимов, Кубаныч Кулматов,  Сапар Исаков, Калыкбек Султановдордун аттары айтылып келген болсо, акыркы маалыматтар боюнча Алмазбек Атамбаев аппаратынын жаңы жетекчиси Сапар Исаковго токтолгону тууралуу маалыматтар таркап жатат. Ушу тууралуу кыскача?

 

- Бул жаш балага Алмазбек Атамбаевдин кандайча көзү түштү? Көзү түштүбү же күнү түштүбү? Сырын алдырдыбы? Же чындап эле ишеним артып жатабы? Ал бизге белгисиз. Жинди суунун таасири менен Борис Ельцин туптуура тандоо жасагандай болуп Сапар Исаков да Владимир Путиндей мамлекетчил чыгат деген ишеним барбы? Серепчилер Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги ылайыктуу болмок дешүүдө. Токтолуп калган, тажырыйбалуу саясатчынын тегерегине түштүктүн элитасын топтоо, түндүк тараптан колдоо табуу оңойураак болуп, административдик ресурстардын колдоосу аркылуу жеңишти камсыз кылуу реалдуудай көрүнүп жаткан. Анан эми Максим Бакиевдин аткошчусун эл кандай кабыл алат... Атамбаевди деле “бул эмне кылганы (?) деп коомчулук түшүнбөй калат го?

 

Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: