А.Мадумаров: "Текебаев баягындай принципиалдуу позицияларында турбай, бүдөмүк пикирлерди айтпай койсо, “өзүбүздүн бала” болуп жүрө бермек беле?"

 

- Адахан мырза, “Өмүрбек Текебаев камалды” деген кабарды укканда алгач эмнени ойлодуңуз? 


 - Бул күтүлгөн эле окуя. Себеп, ушундай чыңалуу аябай күчөп бараткан. Ким кандай болсун, мыйзам алдында бардыгы бирдей деп айтып келебиз. Бирок бийликке жакын киши менен бийликке оппозиция болуп жүргөн инсандын укугу бирдей болушу керек. Текебаевди антип колуна кишен салып, дикилдетип кармаштын кажети жок эле. Адамча, маданияттуу, өнүккөн мамлекеттегидей кылып кармап, далилин айтып, чакырса болот эле. Эгер бийликке жакын кишилерге ушундай күмөн саналган болсо, убактылуу түрдө кызматтан кетип, кайра бир айдан кийин эс алып келип, жумушуна чыгып жатпайбы. Ал эми ошол кишиге иликтөө кандай жүрдү, анын баары элге бүдөмүк бойдон калат. Ошондуктан бул жакшы эмес, маданиятсыз көрүнүш болуп калды. Мындай жол менен биз укуктук, демократиялык мамлекетпиз дегенге толук жооп бере албайбыз.


- Текебаевдин камалышы менен ордо калаада, башка аймактарда митингдер болуп жатканын көрүп жатабыз. Бул митингдер чоң толкундоолорго айланып кетпейби?


- Кыргызстанда азыр бир нерсени мындай же тигиндей болот деп алдын-ала боолголоп айтуу мүмкүн эмес. Муну бир Жараткан билет, андан кийин кыргыз эли өзү билет. Бирок биз дале болсо жалпы бир улуттук биримдикке келе алган жокпуз. Себеби Аида Саляновага иш козгосо Нарында – кичи мекениндеги бир ууч топ чыгып, Текебаевди камап койсо Базар-Коргон көтөрүлүп... Бул деген жалпы улуттук масштабдагы маселе. А биз улуттук деңгээлге көтөрүлө элекпиз. Бул биз дале эл катары бир идеянын тегерегинде масштабдуу ой жүгүрткөнгө жете электигибизди көрсөтүп турат. Ошондуктан ар кандай болуп кетиши мүмкүн. Айтор айтыш кыйын, келечек көрсөтөт.


- Учурунда Коопсуздук кеңешинде катчы болгонсуз. Дегеним коопсуздук тармагындагы иш сизге чоочун эмес, Улуттук коопсуздук комитетинде саясатчыларга байланышкан иштер кандай каралат?


- Ал жерде эч ким өз эрки менен иштебейт. Өз эрки менен иштей турган, чындыкты мык кылып кага турган мыкты генералдарды ал жерге койбойт. УКМК мамлекеттин коопсуздугун эмес, бир топтун, чөйрөнүн кызыкчылыгын коргой турган кызматка айланып калды, тилекке каршы. Бул жакшы эмес көрүнүш. Жаңы кыргыз тарыхында мен жогоруда айткандай адамдарды бул кызматтын жетекчилигине коюша элек. Мен деле ошол коопсуздук кызматында иштеген полковник, генералдарды билем. Бирок алар чечкиндүү, мекенди сүйүү сезимдери күчтүү. Алар жалпы улут, жалпы мамлекет үчүн жанын үрөп иштегенге даяр инсандар. Ал адамдар ийиле албайт, эки сүйлөй албайт, ошондуктан алар эч качан кызматка келбейт. Ошонун натыйжасында биздеги коопсуздук кызматы ыдырагандан ыдырап, талкалангандан талкаланып өзүнүн атына да тактыктуу болбой калды. Коопсуздук кызматы, коргоо кеңеши, ички иштер министрлиги, тышкы иштер министрлиги мамлекеттин омурткасы болуу керек.


- Биз сизди азыр бийликке оппозициялык позицияда турган саясатчы катары билебиз. Азыр эми өлкөдө саясий күчтөр биригип жатканы, же ошого аракет болуп жатканы, аны экс-президент Роза Отунбаева баштап чыгары тууралуу кеп болууда. Эгер ошондой биригүү болсо сизди да ошол катардан көрө алабызбы?


- Булар өздөрү кандай оппозиция болот? Өздөрү кечээги эле “убактылуулар” да. Булар баары бир, чогуу эле жүргөндөр. Көз караштары дал келбей калса эле бири-бирине каршы чыгып калганы кандай? Жоопкерчилик булардын, тактап айтканда ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бардыгынын моюнунда бирдей турат. Ошондуктан ал кишилер кандай позицияны тутунбасын, алар бүгүн айткан сөздөрдү Мадумаров 2010-жылы  эле айткан. Ошол айтып койгон сөзү үчүн ур-тепкиде калып келе жаткан. Азыр деле ошол. Мына, аябай каракчылык жол менен бийлик алынып алды десем, КТРК, ЭлТР, деги эле эч кимиси калбай мени ур-тепкиге алышкан. Эми кечээ Атамбаев өзү айтпадыбы “аянтта өлгөндөрдү пайдаланып, бүт баарын уурдап-тоноп, бийликти ээлеп алышты”,- деп. Мадумаров мындан жети жыл мурун айткан сөз менен Атамбаевдин азыркы сөзүн салыштырып көргүлөчү...


- Мурдагы президент Аскар Акаев былтыр бир кезде Жазуучулар союзуна бөлүнгөн грант тууралуу кеп козгогон эле. Азыркы өңүттөн караганда, буга да баа берилиш керекпи?


- Муну жөнөкөй киши эмес, Кыргызстанды 14 жыл башкарган Аскар Акаев деген биздин биринчи президентибиз, эгемен мамлекеттин туңгуч президенти айтып жатат. Азыр кыргыз гезиттерине ушактын баарын жазып кое берет эмеспи. Дал келеби-келбейби ойлонбой туруп, абийирин дагы сатып жиберишип жазып коет. Ал киши телекамеранын алдында отуруп расмий түрдө маегинде “ушундай болду эле”- деп айтып жатат. Мен ал маалымат гезитке чыкса ишенбейт элем. Мен Аскар Акевдин ошол маегин өз көзүм менен көрдүм. Ошондон улам айтар элем, эгер биринчи президентибиз айтып жатса, демек ал дагы жөн жерден айтпаса керек.


- Демек муну Маевскийдин Текебаевге коюп жаткан доосу менен бирдей эле караса болобу?


- Бизде эч качан кызматта турган адамга эч кандай маселе көтөрүлбөйт. Балээнин баары кеткенден кийин башталат. Муну баары түшүнүп турат, бирок эч кимдин айткысы келбейт. Туура айтасыз, экөө бирдей эле. Маевский дагы ушинтип каралап жатат Текебаевди, Аскар Акаев дагы башка кишини каралап жатат. Ошондуктан бирдей мамиле болушу керек деп айтып жатам да...


Биздин кайгыбыз ушунда, же өтө куубуз, билип туруп айтпайбыз, же билген кишини тепкилейбиз. Анткени чындык оор, аны көтөрүп жүрүү аябагандай оор, аны айтуу дагы андан бетер оор. Мына Текебаевди карагыла. Текебаев баягындай принципиалдуу позицияларында турбай, бүдөмүк пикирлерди айтпай койсо, “өзүбүздүн бала” болуп жүрө бермек беле? Жүрө бермек. Балээнин баары ушунда. “Сен мени колдосоң, эмне кылсаң өзүң бил. А бирок мага  каршы чыксаң, сен канчалык таза болсоң дагы, мен өзүмдүн күчүмдү колдоном”- деген сыяктуу баланын оюну болуп жатпайбы.


Мыйзам, Конституция деген өзү менен өзү жашап жатат. Ал эми бийлик, ар кандай саясий топтор, саясий партиялар өздөрүнүн кызыкчылыгы менен жашап жатат.  Эл өз оокаты менен өзү. Бул дагы кашкайган чындык. Муну да бүгүн эч ким айтпайт. Эртеби-кечпи бул тарыхта далилдене турган көрүнүштөр.


Өткөндө Москвадагы мигрант мекендештерибиз менен жолугушуп келдиңиз. Четтеги журтташтарыбыз кандай маселелерди козгошту?


- Биринчиден, алар Мадумаровду колдоо кыймылын түзүшүптүр. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ыраазычылыгымды билдире кетейин. Элибизден, жерибизден сыртта жүрсө дагы кайдыгер мамиледе эмес экен. Алар “сиздин көз карашыңызды, тартип орнотом деген принцибиңизди колдойбуз, 1993-жылкы Конституцияны кайра алып келишибиз керек экен, сыртта жүрүп көп нерсени байкап жатабыз”- деген сыяктуу пикирлерин айтышты. Жолугушуу төрт саатан ашык созулду. Тыныгууга чыгалы десем дагы болбой, эч бир тыныгуусуз сүйлөштүк. Себеп - ар бир суроо, ар бир жооп биз үчүн пайдалуу дешет. Ичиңден ыраазы болуп, көзүңө жаш тегеренет.


Алардын койгон маселеси - бизге жарандык укугубузду алып берсеңиздер, биз кыргыз жараны катары шайлоого катыша алсак, бизди катыштырсаңыздар деген эле маселе. Өткөн парламенттик шайлоодо биз дээрлик катышпай калдык дешет. Мекендештерибиз эң туура маселени коюп жатат. Кечээ эле келген Орусиянын башчысы Владимир Путин Кыргызстанга мигранттар тарабынан 1 миллиард 600 миллион долларга жакын акча которулду деп айтты. Анан ушунча каражат которуп, бул жактагы ата-энесин, бала-чакасын багып жаткан адамдар кантип ушул конституциялык укугунан ажырап калышты? Эмне үчүн алар акча которгондо керек да, шайлоого келегенде унутуп койобуз?


 - Мадумаров Москвага мигранттарга эле эмес, Орусиядагы таасирдүү саясий күчтөр менен да жолугушууга барган деген сөздөр чыгып кетти...


- Эми антип айткандардын баары аман эле болушсун. Алла ынсап берсин баарына. Азыр биз бут менен баспай тил менен басып калбадыкпы. Ушак, ушак, арам, арам дагы бир жолу арам. Эч бир жакшылыгы жок. Ошондуктан андай сөздөр кимден чыгып жатат, кайсы гезиттер жазып жатат, ал гезиттердин кожоюндары ким, баарын билем. Аман болушсун, жегендери аш болсун!


- Орусиянын президенти Владимир Путин “биз силердин ички ишиңерге кийлигишпейбиз” деп айтты. Бирок ага карабай кыргыз коомчулугунда тышкы күчтөрдүн, айрыкча Москванын таасири тууралуу кеп-сөз көп...


 Биздикилер болбой эле асылып жатпайбы “биз шайлоого баратабыз” деп. Баратсаң баратасың да, аны билет элдин баары. Аны эмне кыласың жар салып. Бул кемчонтойлук, өксүктүк, бул баягы жардылык, бечералык, тайыздык, бул улуттук ар-намыстын жоктугу.


Мына, Путин менен болгон Душанбедеги сүйлөшүүлөрдү караңыз. Экономикалык, социалдык эмне деген гана сүйлөшүүлөр жүргөн жок. Кандай гана келишимдерге кол коюлду. Казакстанда Нурсултан Назарбаев менен жолукканын карасак, бири-бирине болгон абдан бир жогорку деңгээлдеги сый-урматты көрөсүз. Эки жолборс жүргөндөй. Бизге келсе эле...
Албетте кошуна мамлекеттерде кыргыз мамлекетинин жетекчиси ким болот экен, кандай  саясий-экономикалык, маданий байланышта болот экенбиз деген кызыгуу сөзсүз түрдө болот. Бирок чектен чыгып, ашкере жалмаңдай бериштин дагы кереги жок. 

 

Нурмухаммед Жумабеков, kabar24.kg

 

 Булак: “Майдан.kg” гезити, №13 (291), 12.04.2017-ж.