Печать
Категория: Цитата
Просмотров: 779

У.Маматаев: "Буйрук берген адамда, ал буйрукту аткарган жетекчиде ыйман, абийир барбы?"

 

- 15-март күнү чыккан “Майдан.kg” гезити мамлекеттик айыптоо тарабынан 16 жыл эркинен ажыратуусу талап кылынып, сот өкүмүн күтүп жаткан К.Кадыров, Б.Асановдун “Бизге козголгон кылмыш иш – саясий куугунтук, өч алуу экени далилденди”- деген катын жарыялады. Анда адамдын “төбө чачын тик тургузган”, үрөйүн учурган, бийликтин зордук, зомбулук менен, жасалма, жалаа иштерин ачыктаган бир топ фактылар келтирилген экен. Эгерде ошол фактылар чын болсо, анда биз 21-кылымда жашабай эле, 1935-1940 жылдары үч миллион адамды жок кылган Ежов-Бериянын заманын көрүп жатабызбы? Же Кадыров менен Асанов актануу амалын көздөп, апыртып жазып салыштыбы?

 

- Бийликтен айырмаланып, алар калп айтпаган адамдар. Мен аларды көп жылдар бою аралашып, жакшы билем. Күнөөсү жок болсо да, бир жыл абакта жаткан адам Кудайды жүрөгү менен таанып, тазаланып, жалган дүйнөдө жуурулуп бизге окшогондор бөлөк болуп калаарын угуп, турмушта көрүп жүрөбүз … Дагы да болсо, алар баарын айткан жок деп ойлойм…

 

- Асанов менен Кадыров: “мыйзамды тебелеп, негизсиз, монтаждалган, фальсификацияланган видеоаудио 2016 ж.-март айында КТР, ЭлТР, бийликчил сайттар аркылуу элге көрсөтүлгөн” - деп катта көрсөтүшүптүр. Бийлик, УКМК, КТРК кантип эле ушундай калп, жалган ишке барсын?

 

- Бул соттук териштирүүдө далилденген факт. Негизи, биз ишенчээк эл болобуз. Ошону билип, элди УКМК ишендирип, жалган үн жазуу менен күнөсү жок төрт адамга негизсиз кылмыш иш ачып, бир жыл аларды абакта камап өлтурбайбы …

 

- Бизге, журналистерге, президент кайрылып, “жалган маалымат, ушак таратпагыла, чындыкты жазгыла”- деп айтып жатпайбы…

 

- УКМК бир эле адамга баш ийгенин жакшы билесиңер. Ушундай ыплас иштерди кылып, “камагыла” деген буйрук берген адамда ыйман, адеп жөнүндө сөз айтканга, журналистерди жалган маалымат таратпагыла дегенге моралдык укук болобу? Окурман өзү ойлонуп, бул суроого жооп табаар…Мындай  арам ишке мыйзам дагы, ыйман, абийир дагы жол бербейт… Демек, мындай буйрук берген адамда, ал буйрукту аткарган жетекчиде ыйман, абийир барбы? – деген суроо туулбай койбойт экен.

 

- Андай болсо алар кантип эл башкарат? Кантип өлкө тагдырын чечип жатат?

 

- Кантип башкарганын баарыбыз көрүп, билип турбайбызбы… Качып кеткен президенттер да мындай жалган айыпка барган эмес, эгемендүү 25 жылда биринчи жолу журналисттин үйү камакка алынды… Муну бүт кыргыз эли радиодон укканы жалганбы?

 

- Катта Д.Сарыгулов карыя менен акыркы жолу 2013-ж. жолугуп, андан кийин 2014-2016 ж.ж. бир дагы жолу байланышпаганын, жолукпаганын жазышыптыр. Эгерде бул чын болсо, анда Сарыгуловду эмненин негизинде соттоп жатышат?

 

- Соттомок түгүл, кылмыш иш козгонго бир дагы факт жок экени сотто белгилүү болуптур дешет… Иш тергелип бүткөндө да карыяга айып койгонго бир дагы факт болбогонун угуп жатабыз… Бирок ошого карабай ишин сотко өткөзүп койбодубу.

 

- Бул мыйзамды одоно бузуу гана эмес, адамгерчиликке да жатпаган кыянаттык эмеспи?

 

- Муну жакшы түшүнүп, билген тергөчүү сөөмөйүн өйдө көтөрүп, “түз буйрук болду, мен аткарбасам, бөлөк тергөөчү аткарат”- деп шыбырап айткан имиш…

 

- Былтыр Туркия мамлекетинде “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деп 108 генерал, 8500 аскер, 9100 полиция, 270 соттор, 320 улуттук гвардиянын жоокерлери жоопко тартылганын гезиттерден окудук. Ал эми төрт адам эле бийликти күч менен басып алууга аракет кылган дегени жомокто да болбойт го… Бийликти басып алганды тим эле кой, 150 адам Акман айылына жакын Ош-Бишкек жолун тосо албай койбудубу...

 

- Туура айтасың. 150 адам эмес, үч-төрт-беш миң адам бийликти басып алалбайт. Төрт адам бийликти басып алганга аракет кылды деген айып – крокодил асманга учуп кетет же коен жолборсту жеп коет – дегендей сөз. А бирок, эл ушул жалаага ишенип, төрт адамдын тагдырына кайдыгер карап жатканы жалганбы?

 

- 2005-ж. жана 2010-жылы эл бийликти басып алганы чындык да...

 

- 2005-жылы жана 2010-жылы куралы жок эл бийликтин жүргүзгөн адилетсиз саясатына макул эместигин билдирүү үчүн Ак үйдүн алдына барган. Бирок, бийлик куралсыз элге өзү биринчи күч колдонуп, таш ыргыткан, ок чыгарган. Баатыр кыргыз эли бийликтин мындай зомбулугуна ачууланып, качпай койгондо, элдин сүрүнөн корккон Акаев, Бакиев бийликти таштап качышкан... Эл бийликти басып алган эмес. Элге  кылган кыянат саясатын эки президент билип, жоопкерчиликтен коркуп, бийликти таштап, Ак үйдөн качып кетүүгө аргасыз болгон... Чындык ушундай.

 

- Далай мамлекеттерде бийликти күч менен басып алуу айыбы жалаң эле бийик кызматтагы, кол астында күч бар төбөлдөргө коюлат экен. Эмне үчүн бизде жумушу жок төрт адамга мындай айып коюлуп жатат? Ал аз келгенсип, бийликти күч менен кармап туруу – деген айып дагы коюлуптур? Колунда бийлиги жок адамдар кайсы бийликти колунда жок күч менен кармап турмак эле? Бул билимсиздик, мыйзамдарды түшүнбөгөндүк эмеспи?

 

- Муну эки себеп менен түшүндүрсө болот. Улуттук коопсуздук кызматы жөнүндө мыйзамдын 12-беренесиндеги “УКМК төрагасынын орун басарлары болуп УКМК кызматында он жылдан кем эмес иштеген адам гана дайындалат”- деген талабы одоно бузулуп, бул иштен кабары жок (ажонун жансакчылары) дайындалганына байланыштуу мүмкүн.

 

Экинчи себеп, УКМК өзү алтын, бангизат контрабандасына аралашып калганын “Азаттык” радиосу айтып, мурдагы жетекчиси К.Дүйшөбаев аны моюнуна албадыбы.

 

Быйыл 7-март күнү 7,5 кг баңгизат менен УКМК кызматкерлери кармалганын бүт кыргыз эли укту го. Бир жума мурун НТС телеканалы УКМК кызматкери пара алып жатканда кармалганын бүт өлкөгө көрсөттү. Бул кызмат кийинки 15-20 жылда ирип, чирип, далай мыйзамсыз ишке аралашканы ачуу чындыкка айланганын ким танат?

 

- Б.Асанов, К.Кадыров каттын аягында “… бизге карата … сот процессин жашыруун, жабык өткөзүүгө эч негиз жок экен”- деп жазышыптыр. Бул жөнүндө мыйзам эмне дейт?

 

- “Мамлекеттик жашыруун сырларды коргоо” мыйзамы мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында далай маалыматты жашыруун сыр катары аныктаган. Адвокаттар сот башталганда эле “тергөө материалдарында жашыруун сыр жок, сот ачык өтсүн”- деген  өтүнүч менен кайрылганын укканбыз. Сот бул өтүнүчтү мыйзам бузуп канаттандырбай койгон.

 

Көрсө, тергөө  далай мыйзамдарды бузуу менен жүргүзүлгөнү, “соттолуучулардын күнөөсүн далилдеген фактылар жок экени жалпы элге жетпесин, жасалма, жалган кылмыш иштин сыры жашыруун бойдон калсын, күнөөсүн жок төрт адамды 65 жылга кесип, бийликтин саясатын сындагандарга сабак болсун” деген максат менен сотту жабык өткөзүшкөн окшойт …

 

- Сиз жетектеген саясий туткундарды коргоо комитети мындан ары кандай аракет кылат?

 

- Биздин таянганыбыз: чындык, адилет жана эл. Биз элге чындыкты жеткирүүнү уланта беребиз.

 

Маектешкен Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: