Печать
Категория: Цитата
Просмотров: 917

Э.Байсалов: Кимде ким, шайлоого чейин прессанын оозун бууп, оппонентердин баардыгын камап, бийликти энчилеп алам деген пландары болсо, терең ойлонсун, андайга жол бербейбиз.

 

- Эдил мырза, 18-мартта өтчү жөө жүрүш кандай максатта уюшулуп жатат?

 

- Ушул ишемби 18-мартта биз баардык коомдук-саясий күчтөр менен журналисттик бирикмелер менен бирдикте жалпы жарандык жөө жүрүш - демонстрацияны уюштуруп атабыз. Маршыбыздын негизги лозунгу "Саясый укуктар жана сөз эркиндиги үчүн" деп аталат. Бул негизинен “Азаттык”, “24.кг.” жана “Занозага” каршы берилген сот дооматтарына нааразылык көрсөтүү. Ошондой эле  бардык журналисттерди жана жалпы элдин кызыкчылыгын коргоого арналган профессияны колдоп чыгуу максатында уюшулуп  жатат.

 

- Канча адам чыгат?

 

- Болжол менен эки миңге чейин адам чыгат деп атабыз. Негизинен шаардын интеллигенциясы  жана гезит-радиого кызыккандар чыгат. Ошол ишемби күнү Нооруз майрамынын төрт күндүк эс алуусу башталат экен. Ошондуктан бул жакшы шаан шөкөт менен, майрамдык духта өтүүчү демонстрация. Биздин журналисттер жана саясатчылар жалпы үй-бүлө мүчөлөрү, балдары менен чыгып, жаздын сергек абасында баш калаабыздын чоң көчөсү менен басалы деп атабыз. Өтө позитивдүү маанайда өтөт. Бул жөө жүрүштө эч кандай “кетсин” же “жоголсун” деген сөздөр айтылбайт.

 

- Жөө жүрүшкө чыккандар кайдан жолугуп, кайсыл жакты көздөй багыт алат?

 

- Саат 10:00до Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында чогулабыз. Анан, буюрса, 10:30да Совет көчөсү менен ылдый басып чыгабыз. Шаардык бийлик бизге кадимкидей көчө тосуп, шартыбызды мыйзамга ылайык камсыз кылат. Бардык маалымдама каттар аларга убагында тапшырылган. Каалочулар ошол өйдө жактан кошулсаңар болот. Же болбосо бизди Ахунбаев көчөсүндө күтүп тургула. Биз ылдый түшүп басабыз. Чүй проспектисине чейин келип, Борбордук аянтка бурулабыз дагы, ал жерден бири-бирибизге ыраазычылыгыбызды билдирип, келаткан майрам менен куттуктап, парк, кафелерге тарап кетебиз. Буюрса саат 12:30га чейин аяктайбыз!

 

- Бул жөө жүрүш биринчи болуп жатабы же мурда дагы болгонбу?

 

- Мындай жөө жүрүштү биз 2006-жылы апрель айында өткөзгөнүбүз эсимде. Анда ушундай эле кырдаалда саясый күчтөр жана жарандык активисттер уюшулган кылмыш топтордун саясатка аралашуусуна жана Курманбек Бакиевдин аларга жол ачып бергенине протест кылып чыкканбыз. Ал жөө жүрүш саясатка таасирин тийгизген десем жаңылышпайм.

 

- Аталган жөө жүрүштү провокоторлор башка максатка буруп жибербейби? Коопсуздугу эске алынганбы?

 

- Ушундай суроолор көп берилип жатат соцтармактарда. Көптөгөн адамдар "биз барат элек, бирок коркуп атабыз провокаторлордон" дешүүдө. Биринчиден, провокаторлор кандайдыр бир аракет кылыша турган болсо, биз, уюштуруучулар, аларды милицияга тапшырып беребиз. Милиция бизди коштоп басат - алардын түздөн түз бир милдети биздин коопсуздугубузду камсыздоо! Экинчиден болсо, байкуш элибиз ушунчалык жалтактап калыптыр, эми журналисттер көчөдөн басабыз десе - журналисттерден коркушубуз керекпи? Мен дагы бир ирээт баса белгилеп айтып кетейин: бул жөө жүрүш эч кандай бир саясый талаптар менен, бирөөнү кетсин же бошотулсун деген лозунгдардын алдында уюшулган жок. Керек болсо, ушул жөө жүрүштө карама каршы саясый көз караштагы күчтөр чогуу басышат. Анткени, бизди бириктирген жана баардыгыбызга абадай керек болгон - бул сөз эркиндиги! Биздин талап бир эле - тынч жана мыйзамдуу ноябрда өтө турган президенттик шайлоону өткөзүү. Бирок, кимде ким, ошол шайлоого чейин прессанын оозун бууп, оппонентердин баардыгын камап, бийликти энчилеп алам деген пландары болсо, терең ойлонсун, андайга жол бербейбиз. Эртең бүрсүгүнү Аксы окуясынын 15 жылдыгы. Анан  24-март жана 7-апрелдеги тарыхый окуялардын саясый сабактарын эстетүүчү жарандык аракет катары баардык саясый күчтөр жана жарандык кыймылдар баш кошуп атабыз! Мен дагы бир жолу уюштуруу комитетинин атынан жалпы элибизге жана жарандык лидерлерге, аттуу-баштуу аксакал жана эржүрөк элибизге кайрылам: келгиле, чогуу эркин басалы 18-мартта, сөз эркиндиги коркунучта, бирок баардыгыбыз бирбиз, чогуубуз жана көпчүлүкпүз, мыйзам, мекен жана келечек биздин колубузда экенин көрсөтө алалы, демонстрациянын алдыңкы катарларына кошулууга чакырат элем.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (287), 15.03.2017-жыл.

Тема: