Т.Акеров: “Белизгейтте” бийликтин дүйнөгө таанымал көз боемочулук менен шугулдангаган фирмаларга иши түшүп олтурат

 

 

Өткөн жуманын башында бийликтин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Ө.Текебаевге каршы аракеттери жаңы багыт алды. МУККнын төрагасы А.Сегизбаевдин президент А.Атамбаевге “парламенттин үч депутаты Ө.Текебаев, А.Шыкмаматов, А.Саляновалар “Мегаком” компаянисынын 51% акциясына ээлик кылып калуу үчүн анын менчик ээлери менен жашыруун келишимдерге барышканы тастыкталган документерди ыкчам аракеттердин негизинде алдык” деп билдирип, коомчулукту дүрбөлөңго салды. Бирок, бийлик муну менен эле маалымдап тим болбой, Акаев, Бакиевдин доорундагыдай бул маалыматты КТР аркылуу 99 жолу көрсөтүп, муну шоуга айлантып жиберди. Маалымат атайы пландаштырышгандыктан, өтө тездик менен тарап кетти. Бирок, бул мурдагыдай эффект бербей калды. Бийликтин мындай аракеттеринен чочуркап калган саясатчылар, парламент бул маалыматка өтө абайлап, сак мамиле кылды. Ө.Текебаев, А.Шыкмаматовдор дароо эле бул документтерди “жалган, жасалма документтер”- деп билдиришти. Себеби, “Ата Мекен” фракциясы 2010-жылдан бери “Мегаком” компаниясы боюнча бир эле позицияны карманган. Партия анын мүлкүн “толугу менен улутташтыруу керек” деп айтып келген.  Ошого парламентке МУКК төрагасы А.Сегизбаев жана генпрокурор И.Жолдубаева чакырылды.  Бирок, булар да депутаттардын суроолоруна ынандырарлык жооп бере алышкан жок. А.Сегизбаев “бул документтер оригинал” дегенден башка сөз айта алган жок. 

 

Бул арада “Азаттык” радиосунун кабарчылары Белиз шаарынын сотуна чыгып, тактоо иретинде сурамжылоолорду жүргүзүп, Белиз соту Бишкекке эч кандай документ жөнөтпөгөнүн такташты. Бул ого бешбетер депутаттардын күмөн санашын күчөттү. Себеби, А.Сегизбаев бул документтерди президент Атамбаевге киргизгенден мурда, ушундай негизде текшерип алыш керек болчу да. “Жөнөкөй эле журналисттер тактап жаткан нерсени МУКК кантип тактай албай калсын?”- деген суроо туулду. 

 

Жуманын аягында бийлик коомчулукту дүрбөлөңгө салып, КТРден кечке көрсөтүп жаткан документтер менен Белиздин берген документтеринде чоң айырма бар экени анык болду.

“Азаттыктын” иликтөөлөрү адвокат Вробел апостил койдурган төрт документте тең “Белизгейт” окуясында аты аталып жаткан Avalon Consultants Limited, Southfields Management жана “Альфа-Телеком” ишканаларынын аттары жок экенин аныктады. Ал гана эмес, Лондондогу Каржы кызматтары боюнча мекемеси  Avalon Consultants Limited фирмасы Британияда уруксат албай туруп, көз боёмочулук деп эсептелген иштерге барганын, мындан улам эскертүү жасалганын тастыктап, алар бул тууралуу кардарларга аты аталган фирмалар менен иштоодон этият болуу боюнча атайы билдирүүсүн 2012-жылы эле өз сайттары аркылуу жарыялашканын билдиришкен. Кеп нугун гезитибиздин туруктуу эксперти Табылды Акеров менен маек улантсын...

 

- Айтсаңыз Табылды мырза, бийликтин эр аралык деңгээлдеги аферисттик компания менен байланышы бар экендиги аныкталып-тастыкталып жатат, бирок эмнеге бул жагдайга тийешелүү органдар көңүл бурбай жатат?

 

- Бул маалыматтарды уккандан кийин аргасыз бир ой келет. Бийлик Ө.Текебаевге каршы “мародергейт” операциясында белгилүү аферист, мошенник А.Юсуповду колдонсо, эми  “Белизгейтте” дүйнөгө таанымал көз боемочулук менен шугулдангаган фирмаларга иши түшүп олтурат. Биз да чындыкты билиш үчүн Батыштагы журналисттерге жана коллегалар  менен байланышып, сурамжыладык. Алардын айтымында, офшорлордо бийлик эч качан ишканалардын документтерин жана анын учредителдери жөнүндө маалыматты сыртка чыгарбайт.  Офшордун бийлиги атайы кайрылууларга да жооп бербейт. Айрым учурларда гана алар эгер сотттук чечим болсо, же талаш  дүйнөлүк масштабда болсо документтерди бериши мүмкүн экен. Бирок, бул да дайыма эмес. Ал эми инсайдарлик документтерге офшор бийлигинин эч тиешеси жок, себеби алар  жеке менчик фирмаларга таандык. 

 

Б. а. мына ошондуктан, буларды офшор дейт экен. Булардан дүйнөлүк державалык өлкөлөр жана алардын соттору, атайын кызматтары да маалымат ала албайт экен. Анан кантип бул иш Кыргызстандын коопсуздук кызматынын колунан келди деген суроо таң калтырат. Балким, “бул жолу биздин бийлик Ө.Текебаевди камоо үчүн шайтанды жалдап алганбы?”- дегенден башка жооп таба албайсың.

 

- Бир кезде Атамбаев: “Ө.Текебаевди спикер кыла албай жатам, себеби Бакиевчилер күч деп  айтыптыр” деген сөздөр тарады эле. Булар неге чатакташып калышты?

 

- Ооба. Бир жолу Президент Атамбаев укук коргоочулар жана эксперттер менен резиденцияда жолугушканда, “Бакиевдер күч болуп турат, ошого  биринчи коалиция “Ата Журт” жана “Республика” менен түзүлдү. Спикер “Ата Журттан” болуп калды. Бирок, силер терикпегиле, азыр убакыт керек. Бир аз чыдасаңар “бакиевчилердин” мизи кайтарылат, ошондо биз “Ата Мекен” менен бир коалицияда болобуз” дегени бар. Чынында эле Атамбаев “бакиевчилер” деген саясатчыларды  колдонуп, бийликтен жылбыштырганын  “ата-мекенчилердин” лидери өзү айтып бербедиби.

Бирок, ага чейин эле Атамбаев таптаза өзгөрүп алды да. Ал өзүнүн тегерегине Акаев-Бакиевдердин орто салмактагы кадрларын чогултту. Булар болсо 25 жылдан бери оппозиция менен күрөшүп, аларды камап, сындырып келишкендер. Б.а. булардын Ө.Текебаев жана башка “ата-мекенчилерде” өздөрүнүн мурдагы шефтери үчүн “кровный” өчтөрү бар. Булар мурдагысындай эле Атамбаевге “сиздин душмандарыңыз Ө.Текебаев ж. б. менен күрөшүп жатабыз”- деп, Атамбаевди алардан бөлүп, алыстатып алышты десем болот.

Экинчиден, кыязы, Атамбаев оппозиция кезинде саясатчы катары өзүн көрсөткүсү келсе, бийликке келгенден бери ал толук кандуу мамлекеттик кызыкчылыкта аракеттене албай калды көрүнөт. Менимче көбүнчө бизнес кызыкчылыктарга алагды болуп калды.  Бул бардык эле саясатчыларга мүнөздүү болуп жатпайбы? Ошондуктан, аны бүгүн А.Батукаевдин качышы, коррупциялык парламентти чогултуп алгандагы, “Кыргызгаз”, А.Ибраимовдун жер участкасы, кадр саясаты ж. б. иштер боюнча күнөөлөп жатышат.

Менимче, дал ошол бизнес кызыкчылыктардан улам президент Атамбаев жана анын тегереги конституциялык өзгөртүүлөргө барып жатышат. Бул болсо, Атамбаев менен УӨ мүчөлөрүнүн ортосунда пикир келишпестиктерди жаратты. Булар биротолло ажырашып кетишти. 

 

Белгилүү болгондой “бакиевдер” саясатка да, экономикага да бирдей кол салып жиберишип, кулап калышкан эле да. Ошого азыркы бийлик баарын эске алып, акырындык менен порциялап, ошол жолду чаап баратат. Ошондуктан мен ойлойм, Конституциялык өзгөртүүлөрдөн кийин бир топ стратегиялык мекемелер, обьектилер, кен байлыктар, жерлер, Бакиевдин учурундагысындай сатылышы күтүлөт. Ошого бийлик бүгүн ага мыйзамдык талаа түзүлүп жатат.

 

- Көпчүлүк эксперттер “МУКК Белизгейтин “шоу” деп жатышат. Бул операциянын өзөгү президент Атамбаевдин 7-ноябрдагы билдирүүлөрү менен байланыштуу эмеспи? Анда Атамбаев коррупцияга өзгөчө көңүл бурулаарын айтып, жакында айрым иштер боюнча далилдердүү документтер болот дегендей кылды эле? Атамбаевге дайыма эле өз билдирүүлөрүндө бир нерсени кыйытып өткөндөн кийин эле коопсуздук кызматы бир операцияны баштап жиберчү эле? Бул кандайча болуп жатат?

 

- Ооба. Чынында эле президент Атамбаев өз билдирүүлөрүндө айрым учурларда боло турган иштерди алдын ала кыйытып айтып салат дешет. Жогоруда айткандай эксперттер менен жолугушкандан кийин Келдибеков спикерликтен кеткен эле. Атамбаев кийинки жолу да эксперттер менен жолугушуп, КТРден катуу пропагандалангандан кийин “Юпигейт” операциясы жүрүп, А.Жекшенкулов, С.Жапаровдорду “Нарындын суусун  ууландырмак экен” деп үрөйдү учурган маалыматты  жайылтышкан эле. МУКК тарабынан мындан башка да “Саруугейт”, “Муфтийгейт” операциялары уюуштурулган. Ошол кезде бул операциялардын баары президенттин аппаратында дайындалып, анан МУКК кызматына ишке ашырууга тапшырылгандыгын айтышкан эле. Б. а. 7-апрель революциясынан бери МУКК президенттин аппаратынын көзөмөлүндө болуп келатат. 7-апрель революциясынан кийин УӨ төрайымынын аппарат жетекчиси Э.Каптагаев болчу. Кийин президент Р. Отунбаеванын аппаратынын жетекчиси болду. Ошол учурда “Ата Журтка” карата ар кандай амалдар жүрүп турганы элдин эсинде.

 

Кыргызстандын 25 жылдык тарыхында эн мыкты деп таанылган президенттин аппаратынын жетекчилери катары К.Жумалиев, М.Ашыркулов, М.Садыркуловдорду айтып келишет.  К.Жумалиевди мыкты администратор жана комбинатор катары жакшы билишет.  М.Садыркулов дипломатиялык жол менен турукташтырууга жетишкен. Б. а. күч органдары саясатка аралашкан эмес.

 

Бирок, акыйкат үчүн болсо да айтып коелу, 7-апрель революциясынан кийин аппарат жетекчи болуп келген Э.Каптагаевтин да администратордук жана комбинаторлук жөндөмү бар. Бирок, Э.Каптагаев бир аз “грубый” формада аракеттенээрин айтышат. Иш чала болуп, дипломатиялык негиздер эске алынбай калат.

 

А.Атамбаев президент болуп келгенден кийин Д. Нарымбаев, И.Ильмиянов, Ф.Ниязов,  С.Исаков, А.Сегизбаевдер президенттик аппаратка келди. МУКК булардын көзөмөлүндө калды. Мына дал ушул мезгилде “Юпигейт”, “Саруугейт”, “Муфтийгейт” операциялары жүргөн. Бул операциялардын баары президенттин пресс-кызматы жана КТРК, 5-канал, ЭлТР ж.б. каналдар аркылуу чагылдырылып турган. Б. а. пресс-кызматы бул иштердин бардыгын кандайча уюштурулуп жатканын жакшы билген жана аны  ишке ашырууга активдүү катышкан. Бирок, кийинчирээк бул иштерди президенттин аппаратында уюштурбай МУККтында, анын ресурсун толук колдонуу менен ишке ашыруу туура деп табылса керек. Ошого президенттин  маалымат коопсуздугу боюнча кенешчиси А.Сегизбаев МУККга биринчи орун басары болуп бекитилген. Кийин жетекчиси болуп бекитилди.  МУККга А.Сегизбаев келээри мнен К.Кадыралиев, У.Аманбаева, Т.Салимов, Т.Зулпукаров боюнча операциялар жүрүп, КТР жана башка телевидениелер бул иштерди чагылдырып, жогоруда аталган инсандарды каралап турушту. Бүгүн МУКК “Белизгейтти” көтөрүп чыкты, КТРК аны даңылдатып жатат.

 

- Демек, А.Бекназаровдун: “Атамбаевдин идеологиясы - бул ушак” дегени бекеринен эмес экен да. Президенттердин баары эле ушундай чыр, интрига, заказ менен аракеттенет десек болобу? 

 

- Чынын айтсам, өлкөдөгү ыплас саясаттын баары президенттин аппаратында ойлонуштурулуп чыгарылат. Бирок, бул иштер президенттин денгээлине жараша болот. Анын ишке ашырылышы да ошондон көз каранды болот. Мисалы, бир пресс-секретарь А.Акаевге эртең менен кирип, “гезитке бир саясатчы боюнча кара пиар уюуштурдум” деп, гезитти сунса, “ал унчукпай гезитти алып ары ыргытып салды”,- деп капа болгону эсимде. Пресс-секретарь ошондо, “бул адам ушунча интеллигент экен да”- деп таңыркаган эле.  Б.а. бардык эле президенттер өз атаандаштарына күнү-түнү 24 саат кара пиар уюштура бербейт. Бирок, “Бакиевдерге”  кара пиардын кереги да жок болчу.  Алар МУККны колдонуп, өлтүртүп эле койчу да, аны баарыбыз билебиз.

 

- Анда пресс-кызмат жалаң эле ушак чогултуу жана кар пиар  менен алектенет экен да. Ушул маселени тагыраак жана толугураак айтып берсеңиз. 

 

- Жок. Пресс-кызматын профессионал эмес пресс-секретарлар бузду десем туура болчудай. Акаев өзүнүн пресс-катчысы К.Баялинов сындап койгонуна байланыштуу иштен кеткенден кийин, “журналисттер жаман болот турбайбы, бул кызматка жаза албаган кадрлардан тапкыла” деп, ошондон кийин журналист эместер дайындалып калды. Булар ишти билбегенден кийин, президентке жагыныш үчүн эртең менен ишке келип эле гезиттердин баарын бир сыйра карап, президенттин оппонеттери ким менен урушуп, ким менен касташып жатат деп, аны билип, анан ошолор боюнча кара пиар уюуштурушат. Урушуп жаткан адам мнен жашыруун жолугушуп, “сени биз колдойбуз, сотко бербейсизби. Биз сотто жардам беребиз, сиз миллиондук айып пул сурай бериңиз?”- деп көндүрүшөт. Журналисттерге заказ беришет. Заказ аткаргандарга кийин мамлекеттик сыйлыктарды берип, эсептешип коюшат, же акча беришет ж. б. у.с. Эми тармактын ишин билбесе эмне кылсын. Эптеп кызматтан айдалып кетпейин деп, бир нерсе кылымыш болуп, аракет кылат.

 

Гүлмайрам Турусбекова

Булак: “Майдан.kg” гезити