Печать
Категория: Цитата
Просмотров: 1603

Р.Дырылдаев: Жолдубаеванын миссиясы – шайлоо алдында бийликке каршы чыккан адамдарды жазалоодо окшойт

 

Рамазан агабыз менен маегибиздин уландысы бийликтеги ордо оюндары, Салянованын отставкасы, “Кумтөрдүн” тагдыры  тууралуу болду...

 

- Рамазан мырза, учурда коомчулук өкмөттүн “Кумтөрдүн” тагдыры боюнча сүйлөшүүлөрдү татыктуу жүргүзө албай жаткандыгына нааразы болууда. Сиз убагында легендарлуу парламентте алтын маселесин көтөрүп чыккандардын катарында болчусуз. Демек, канадалыктар менен түзүлгөн келишимдердин ызы-чуусун жакшы билесиз. Ошондон улам айтсаңыз, “Кумтөр” маселесин кантип чечишибиз керек?

 

- Убагында Латын Америкасындагы бир катар өлкөлөрдө биздегидей кырдаал түзүлүп, европалык, америкалык долбоорлор жабылып, аны мамлекет улутташтырып койгонун билсеңиздер керек. Жыйынтыгында мамлекеттин пайдасына иштеп, казынасы көбөйүп жатат. Аларды деле эл аралык масштабтагы чатак, милиларддаган доолор менен коркутушкан. Бирок, мамлекеттин позициясы туура болгондуктан, эч нерсе кыла алышкан жок. Биздин бийлик эмнеге бул жол менен кеткенден чочулап жатат, түшүнбөйм? Же кеп булардын дагы канадалыктар менен коюн-колтук алышып, коррупцияга чогуу малынып кеткенинде болуп жатабы? Негизи, “Кумтөр” боюнча бардык балээни Акаев баштап кеткен. Танаев экөө аларга долбоордун 70 пайызын кармата салган келишимди бекитип берип, юридикалык жактан артыкчылык түзүп берип жатпайбы. Өзүбүздүн алтын кендин жарымына да ээ боло албаганыбыз не деген шумдук! Бул кыргызды шылдыңдагандык болуп жатпайбы. Ошондуктан, минтип кыргыздын намысын тебелеген инвесторду токтоосуз кууп чыгышыбыз керек болчу. Азыр сүйлөшүүлөрдү канадалыктар атайылап созуп жатышат. Анткени, бир жылдан бери сүйлөшүү созулган сайын алар канчалаган алтынды казып, чыгарып кетип жатышат. 1 жылда 20 тоннанын тегерегинде алтын өндүрүлсө, канча байлыктан куржалак калып жатабыз. Убак-убактысы менен Текебаев сыяктуу саясатчылар “улутташтырыш керек” деп кыйкырып коюшат да, кайра жоголуп кетишет. Бул саясий упай топтоонун амалы, жөн гана оюн. Булар мышык-чычкан ойгогончо экологиябыз куурап, орду толгус зыян келүүдө.

 

Тарых үчүн айтып коюш керек, “Кумтөр” маселесин мына биз, легендарлуу парламент тушунда эле көтөрүп чыккан элек. Мен бул маселени күн тартибине киргизе албай, парламенттин ошо кездеги спикери М.Шеримкулов менен 40 мүнөттөй тирешип тургам. Анан көпчүлүк депутаттар колдоп кетип, Шеримкулов бул маселени добушка коюуга аргасыз болгон. Легендарлуу алтын комиссиясынын 60 пайыз курамын да мен көрсөткөн элем, Мамбетов, Молдогазиев, Аманбаев, Усубалиев ж.б. депутаттарды. Канчалык бут тосууларга карабастан, комиссия өз жыйынтыгын чыгарып, Турсунбек Чыңгышев премьерликтен кетүүгө аргасыз болгон. Бирок, комиссия мүчөлөрү кийин бийлик менен ойноп кетти, Акаев апрелдеги чечүүчү сессияга түштүктүн депутаттарын учакты учуртпай, катыштырбай койду. Жыйынтыгында булар Апас Жумагуловду өкмөт башчы кылып алып келип, иш бийликтин пайдасына чечилип кеткен. Ушунун өзүнөн эле жыйынтык чыгарса болот: Акаевдин катуу жандалбастаганына караганда, анын бул жерде жеке кызыкчылыгы болгон. Ал башынан канадалыктардын колтугуна кирип алыптыр.

 

- Аида Салянованын отставкасы боюнча Сиз: “президент менен пикири келишпей, кетүүгө аргасыз болду”,- дегендей кеп айтыпсыз. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

 

- Салянова баш болуп, баары Батукаевге адвокат болушканда эле булардын таза эместиги, бийликтин криминалга кызмат кыла баштаганы билинген. Президент менен Салянованын ортосундагы пикир келишпестик дал ушундай маселелердин айынан чыгышы мүмкүн. Анан дагы кызыгы, Салянованын күйөөсүнүн кылмыш иши дээрлик жарым жылдан бери тергелип жатыптыр. Улуттук коопсуздук кызматы Атамбаевге бул жөнүндө кабар берсе керек. Анда коррупцияга каршы күрөшүп жаткан Атамбаев эмнеге сүйүктүү башпрокурорго чара көргөн жок? Же Саляновага мыйзам жазылган эмеспи? Эми гана тил табыша албай кетиргенден кийин Салянованын өзүн жаманатты кылып жатышат. Ушунча кыйын экен, Салянова кызматта турганда ушуну ачыктап, жоопко тартпайбы? Башкы прокурор катары ал канча күнөөсүз адамдары камады. А өзүнө келгенде бул мыйзамдардын иштебей калганы таң калыштуу. Анда Атамбаев ири коррупциялык ишти жаап-жашырганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек болуп калат. Эгерде Аида айым кызматтан кетпей, тил табышып кетсе, бул иш жабылуу бойдон калмакпы? Ушул да чоң суроо.

 

Анан Салянованын күйөөсү кантип Шыкмаматовго жардамчы болуп калган? Же бул нарындык жердештердин бири-бирине болгон колдоосубу? Же күйөөсү ал жерге Салянованын илгерки “Кумтөр” боюнча салыктан карызын кечип жиберген фактыны жок кылыш үчүн барганбы?

 

- Жаңы дайындалган Индира Жолдубаева ишти жөндөп кете алабы?

 

- Тажрыйбасы жок адамды алып келишти. Прокуратурада бир күн да иштеген эмес. Менимче, Жолдубаеванын миссиясы – шайлоо алдында бийликтин каршылаштарын жазалоодо окшойт. Анын тагдыры да, бул миссияны канчалык деңгээлде аткара алат, ошого байланыштуу...

 

- Коомчулукта дагы бир ушак сөз чыгып атат. Ага ишенсек, сиздер, Бекназаров менен бирге дагы чет мамлекеттерге кеткени жатыпсыздар. Жаз жакындаган сайын мындай маалыматтар кооптондурат экен. Эмне максат менен барасыздар? Каякка?

 

- Мен деле, “Бекназаров революцияга акча алып келгени жөнөп жатат”,- таризиндеги апыртмаларды окуп атам. Сиздердин гезитте анын “Унчукпай коюуга укугум жок”,- аттуу китебинин 2-бөлүгү жарыяланды. Толугу менен окуп чыктым. Ошонун өзүндө деле Бекназаров эч кандай революция кылбастыгын айтып жатпайбы. Анын сапарынын максаты, башка өлкөлөрдөгү саясий процесстерди анализдөө, кантип бийликти революциясы жок жалпы элдикине айлантуунун жолун издөө. Анын үстүнө Бекназаров мындай иштер үчүн акча албайт. Ал эч качан Кыргызстандын кызыкчылыгын сатпайт. Кыргыз үчүн жанын берүүгө даяр инсан. А сүйлөшүүлөргө көп жактан чакыруулар болуп жатат. Россия, Европа. АКШдан. Менимче, сапарын Россиядан баштайт го.

 

Суроо салган

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан.kg”, №04 (181), 04.02.2015-ж.