Печать
Категория: Цитата
Просмотров: 2347

С.Муканбетов: Нарынбаев Мауглидеги Шерхандын колтугунда жүргон шакалга окшоп көөп, көрүнгөндү жамандап жатат

 

- Сабыр агай, Аида Салянованын кызматтан кетүүсүнө байланыштуу күдүк сөздөрдүн уландысы башкаруучу коалициянын ичине чуу түшүрүп, кызыл-чеке кылып, юстиция министри Алманбет Шыкмаматовдун отставкасы менен аяктады. Президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарынбаевдин ич-күптүсү үчүн башкаруучу коалиция какыйып  катарга тизилгени кандай?

 

- Акыркы кездерде президенттик бийлик катуу күч алып, депутаттардын негизги көпчүлүгү күнкарама болуп калышкан. Анткени көбүнүн арты булганыч болгондуктан, коркушат. Ошондон пайдаланып, аппараттагы майда чүйдө клерктерден бери “борзеть” эте беришет. Нарынбаев да Маугли деген мультфилмдеги Шерхан деген жолборстун колтугунда жүргон шакалга окшоп көөп, кутуруп, көрүнгөндү жамандап, Шерханды тукуруп жатат. Президенттин администрациясы делинип, мамлекеттик орган катары болсо да бир жөн, анан бул аппарат да, аппаратчик, писарь, жалпы бөлүм минтип интрига кылып жатканы кантип жакшы болсун. Туура эмес.

 

- Ошондо кандай? Сиз дагы Аида Салянованын кетишинде Д.Нарынбаев интрига жасаган деп эсептейсизби?

 

- А.Шыкмаматов айтканбы, айтпаганбы, мага белгисиз. Бирок мен аппаратчиктин интригасы болгон деп эсептейм.

 

- Кандайча?

 

- “Нарынбаев баш прокурорлукка макул болгон, баргысы келген” деген пикирлер айтылганы менен, менин оюмча андай эмес. Ал макул болгонсуган түр көрсөткөнү менен ал жакка барууну каалаган жок болушу керек. Коркту окшойт. Буйрукту аткарып, “бөрк ал десе баш алып”, душман күтүп отурганча, мөөнөтү аяктап аткан Ф.Жамашеванын ордуна Жогорку Соттун төрагасы болуп барса кандай жакшы. Соттогонун башка соттор соттосо, үстүнөн байкатпай башкалардын колу менен тагдырларга балта чаап, заказ аткарып, жылжытып, жашыруун иш кылып, жоопкерчиликтен четте калуу кандай ыңгайлуу. Ошон үчүн ал, интрига кылып Индираны тыга салды да. Анан Аиданын кетиши аркылуу катуу моралдык жабыркоо чегип турган А.Атамбаев аппаратчигин отко салып, түрткүлөп, коалицияга кайрылдырып жатат. Аппаратчик өзү батынмак эмес. Президент бул жерден Даниярдын авторитети үчүн эмес, “Кумтөрдүн” маселесин чечиш үчүн А.Шыкмаматовдон кутулганы жатпайбы. Даниярды “отуруп сийбейт” экен деп эле эркек –танааларга кошпосо, жумшак мүнөз ургаачылардан айырмасы жок неме да... Анан буйрук менен адамдардын тагдырына балта чапса ... “Эми булардын укум-тукуму артыман түшсө канттим”- деп уйкусу качып, өзү козгогон иштер сотко жеткенче эле жүрөгү токтоп калат болуш керек. Ал Аида Саляновадай эрдикке жарачу неме эмес. Тиги Шерханга көчүгүн такап алып ырылдамыш болуп жатпайбы. Шерхан өлсө кантээр экен?  Каякка кире качып кутуулаар экен?

 

- Сиз жогоруда А.Шыкмаматовдун отставкасын “Кумтөргө” байланыштыргандай сүйлөдүнүз, кененирээк токтоло кетсеңиз?

 

- Кечээ, жакында эле ЖМКларда “Кыргыз бийлиги Кумтөр маселеси боюнча канадалыктар менен бир пикирге келишти, биргелешкен ишкана түзүлө турган болду, Кудай буюрса, эртең-бүрсүгүнү, келишимге кол коюлат” дегенсигендей маалыматтар чыкты. А.Шыкмаматов болсо, өзүңөр билесиңер, буга чейин эки ирет “Кумтөр” боюнча келишимге Юстиция министирлиги катары кол койбой койгону белгилүү. “Өкмөт башчы кол коюп жатса, Юстиция министри колдобой, кол койбой жатса анан ошол  келишим легитимдүү болобу? Көптөгөн суроолорду туудуруп, алдын ала легитимсиз болуп көрүнгөн келишимдин кимге кереги бар? Ошон үчүн канада тарап: “тиги министриңерге кол койдургула, же кетирип башка ийкемдүүсүн дайындагыла, юстиция министрлигинин макулдугусуз болбойт” – таризинде, “А.Шыкмаматовдон кутулгулары келип жатат” –деген пикирлер чындыкка окшошуп жатат. Эки жолу кыргыз парламентин тараткан “Кумтөр” үчүн бир министрдин башын кертиш-ошо кеп бекен?

 

- Юстиция министринин ордуна Аида Салянова дайындалаары тууралуу кептер чыгып жатат. Сиз кандай дейсиз?

 

- Салянова: “мени кызматта калтыруу үчүн бир катар иштерди жасоомду талап кылышты, мен андайга макул боло албастыгымдан кызматтан кетүүгө аргасыз болдум” дегендей оюн айтты. Анысы, “мыйзамсыз иш аракеттерди жасап, кийин жооп берип калбайын деп, ыпластыктардан баш тарттым”,- дегендей туюлду. Андыктан бул орунга кайтып келип, “кыргыз коррупциясы” менен эл аралык аферистердин кыргыз элинин аркасынан, кайрадан (“очередной раз грабят”) бычып аткан тонуна аралашып, ага эмне азап? А.Шыкмаматов деле жөн эле оюн кылып, жөн эле жерден көгөрүп жаткан жери жок да. Ал деген, бул келишим боюнча кыргыз мамлекетинин кызыкчылыктары сакталбай, мамлекетибиз чоң жоготууларга кабылып, ачыктан ачык уттурап жаткан үчүн, экологиялык катастрофага байланыштуу жоопкерчиликтен канадалыктар кутулуп кетип, залака-запкысы шору арылбаган кыргыз мамлекетинин моюнуна тагылганы жатканы үчүн өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылып кол койбой жатпайбы? Анан эми Салянова кызматка кызыгып, ошонун баарына көзүн жуумп, келип отуруп, кол койсо кандай болот? Буга чейин эле Салянова “Кумтөрдү” миллиардаган салыктан бошотууга макулдугун берип кол койгон деген айыптоолор аздык кылабы? Ошондуктан мен бул маалыматка ишене албай турам.  

 

- Сөз акырында. Кечээ, баягы Ош аэропортунда миллиондогон долларларды  карактаган топ кармалганы маалым болду. Кызыгы, каракчылардын изи “Бир Бол” партиясына келип такалып жатканында болууда. Аталган партия  демөөрчүлүк кылып жүргөн спортчулар, алардын ичинде партиянын тең төрагасы Сыргабаевдин бир тууган инисинин кармалышы, партиянын жетекчилеринин “Азаттыктын” суроосуна “мамлекеттикин карактаптырбы (?), алса бир соодагерлердикин алыптыр го” дегендей баалап кенебегени коомду катуу шок абалына алып келгендей. “Парламентке келип эл башкарабыз, мамлекеттин тагдырын чечебиз”,- деп жаткан партиянын келечегине, жакында эле бул партия менен биригип иш алып барууга бел байлаган “Бүтүн Кыргызстан” партиясына, жетекчиси Адахан Мадумаровдун беделине, шайлоодогу шанстарына  жогорудагы окуянын таасири кандай болот (?)- деп ойлойсуз? Ушу окуяга кыскача токтоло кетсеңиз.

 

- Албетте жаман окуя болуптур. Бул окуянын терс таасири сөзсүз болот. Адахан ажыр-жооптонуп, куу чечендигине салып моюн толгоп, же булар менен, же дагы башкаларга кошулуп кете берүүсү мүмкүн. Адаханга эч нерсе эмес. Бул окуянын кесири президент Алмазбек Атамбаевге тийеери сөзсүз. “Бир Бол” менен “Бүтүн Кыргызстанды” баш коштуруп парламентке өткөзүү проектисин президент өзү “одобрять” этип, Шумахерди (И.Илмиянов) куратор кылып дайындаганы кыска элдин кыйырына, узун элдин учуна эбак маалым болгонун уккан жок белеңер? “Президенттин батасын алып чыктык, Кудай буюрса өттүк” деп, өзүлөрү эбак жайып салышкан. Анан эми эл эмне дейт? “Э-ээ кокуй, ишенген кожоң сууга акты, алды алдынан тал карма” дейт да. Албетте Президентке болгон ишеним кетет. Мына, “Ошто бийлик, милиция криминал биригип алып элди кордоп жатат” деп канча ирет айтылды. Түштүктүн аксакалдары “Азаттыктан” президенттин өзүнө "газ бербесеңиз мейли, бандиттерди эле тыйып коюңузчу” деп канча ирет жалбарышты. Укпай коюшпадыбы. Мына результат. “Мелис Мырзакматовду оодарып берсенер болду, ар жагын өзүңөр билгиле” дегендей эле мамиле жасалды. Ошондой мамиле болгон үчүн, жанагы партиянын теңтөрагасы жанагынтип: “мамлекеттикин албаса болду да, өзүңөр айткандай элди өзүбүз билип жатпайбызбы” деп жатат да. Ал партбосстун оюна, “соодагер деген ишкер, налог төлөп мамлекетти, элди багып жатат” деген ой кирип чыкканы байкалбайт. Тоноого алууга жарактуу обьект катары гана карап жатпайбы. Анан ар жак бер жагын карабай, ит-куш менен шыбагалаш болуп, мамиле түзүп парламентке алып келмек болгон бийликке кандай баа беришибиз керек?! Турмуш өзү баасын берип, кылган иштеринин кеспети  бийликтин өз башына тие баштаганына караганда, арамзалыкка чылк толуп, адилеттүүлүгү калбай бараткан бийликтин башынан бак тая баштагандагысы да...

 

Суроо салган  Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан.kg”, №04 (181), 04.02.2015-ж.