Печать
Категория: Цитата
Просмотров: 1193

К.Ташиев: Биз радикалдуу эмес, конструктивдүү ыкмалар менен жеңишке жетебиз!

 

- Айрым эксперттер сиздердин “Республика” менен биригүүңүздөрдү “Ак үйдүн долбоору” катары атоодо. Буга эмне дейсиз?

 

 - Мындай болушу такыр мүмкүн эмес. Биз Өмүрбек Токтогулович менен 4 айдай сүйлөшүү жүргүздүк. Биз өз ара гана сүйлөштүк, ага башка адамдар же уюмдар, саясатчылар, саясий топтор катышкан жок. Биригүү тууралуу чечимди экөөбүз кабыл алдык, аны эки партиянын саясий кеңеши колдоду. Ак үйбү, башка үйбү, эч кимисинин бизге, биздин аларга тийешебиз жоктой эле, тийешеси жок.

 

- Буга чейинки өнөктөштөрүңүз – Ахматбек Келдибеков жана Садыр Жапаров менен мамилеңиз кандай?

 

- Мен алардын баары менен адамдык мамиледе калам. Мурда менин саясий өнөктөштөрүм башкалар болгон, азыр бирден-бир саясаттагы өнөктөшүм болуп Өмүрбек Токтогулович Бабанов саналат. Биз өлкөбүз үчүн чогуу, биргеликте бир топ максаттарды койдук. Ошондуктан, Садыр Жапаров жана Ахматбек Келдибеков менен жакшы достук мамиледе калабыз, бирок, саясатта кызматташпайбыз.

 

- Соттолгондугуңуз тууралуу маселени кантип чечесиз

 

- Бул маселени мыйзамдын негизинде чечиш керек. Жазасын өтөгөн соң, ар бир адам мөөнөтүнөн мурда соттолгондугун жойсо болот, буга мыйзам да жол берет. Ошого байланыштуу, жакын арада соттолгонумду мөөнөтүнөн мурда жоюу тууралуу сот органдарына арыз берем. Эгерде сот туура чечим чыгарса, парламенттик, президенттик ж.б. шайлоолорго катышууга укук алам. Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө колдонулуп келе жатканын дагы айтып коюшум керек. Бизде да мурда соттолгон мамлекеттик масштабтагы саясатчылар бар. Муну үлгү катары көрсөткөн жокмун, бирок, соттолгондон кийин саясатка кайтып келип, жакшы натыйжаларга жетишкендер бар экенин белгилеп кетким келет.

 

- Сиздин мындан аркы позицияңыз кандай болот? Дагы деле оппозицияда каласызбы?

 

- Ушул тапта биз оппозициялык партия болуп эсептелебиз. Бириккен партиябыз оппозициялык партиялардан түзүлгөн, өзүбүздү конструктивдүү оппозиция эсептейбиз. Оппозиция, элдин аң-сезиминде жазылып калгандай, сөзсүз эле революция кылышы керек эмес. Биз мына ушул туура эмес түшүнүктү өзгөртүшүбүз зарыл. Биз радикалдуу эмес, конструктивдүү ыкмалар менен жеңишке жетебиз!

 

Жылдыз Ороспакова

(“Азаттыктык” орус сайтынан которулду)