Печать
Категория: Цитата
Просмотров: 1205

Ж.Жолдошова: 2010-жылдын 7-апрелинен тартып өлкөнү Текебаев башкарып келе жатат

 

 

 

- Жылдызкан Айтибаевна, акыркы кезде парламенттин иш-аракетине ичи чыкпагандардын катары арбыды. А бирок, төрага Асылбек Жээнбековго ишенсек, Жогорку Кеңеш үзүрлүү эмгектенип жаткандай. Жеке сиз каникулга тараган парламенттин отчеттук убактагы ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз? Анын ичинде “Ата-Журт” фракциясы кандай иши менен элге пайдасын тийгизе алды?

 

- Чынында эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышы эл күткөндөй иштей албадык. Ага объективдуу да, субъективдуу  да себептер болду. Бирок, кайсы өлкө болбосун парламентсиз өз ишин алып бара албайт. Ал эми “Ата-Журт” фракциясы бийлик тарабынан кандай кысымга кабылбасын, көптөгөн алгылыктуу иш-чараларды алып барып жатат: чек ара, суу-энергетика, Ош, Жалал-Абад шаарларындагы газдын жок болгондугу, ошондой эле адилетсиздик, мыйзамсыздыкка каршы күрөшүү менен чектелбестен, Кыргызстандагы көйгөйлүү маселелерди өз убагында көтөрүп келет. Бир сөз менен айтканда мамлекет, эл үчүн болгон кызматыбызды колдон келишинче өтөп келе жатабыз.  

 

- “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин акыркы билдирүүлөрү коомчулукта кызуу талкууга алынып, өзүнүн эле оппозициялаш тилектештери аны “бийликке жакындап кетти”,- деп жатышат. Маселен, Улуттук оппозициялык кыймыл дал ушундай мазмунда К.Ташиевди катарынан чыгарыптыр. Жеке сиз Ташиевдин бийликтегилерди мактаганын байкадыңызбы? Деги эле Орозо айында Ташиевдин элинен кечирим сураганынан трагедия кылуунун кереги барбы?

 

- Мен Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү болбогондуктан, алардын ич ара келишимдерин билбейт экенмин. Ошондуктан УОКтун мындай чечимине так баа бере албайм. Менимче УОК шашылыш чечим кабыл алды десем жаңылышпайм. Себеби, Камчыбек Ташиевдин акыркы билдирүүсү ал анын жан дүйнөсүндөгү сөздөр болсо керек. Ошону менен бирге, кандай сүйлөйт, ар бир саясатчынын өз эрки.

 

- Бир жылдан кийин өлкөдө парламенттик шайлоо болот. Серепчилер азыртан эле “Ата-Журттун” шансын ылдый көрсөтүп жатышат. Сиз парламенттеги фракциясын жетектеген адам катары “Ата-Журттун” келерки шайлоодогу шансын кандай баалайсыз?

 

- “Ата-Журт” партиясынын туруктуу шайлоочулары бар. Эгерде бийлик азыртадан эле атайын партиянын шансын ылдыйлатканга аракет жасап жатса, анда “Ата-Журт” дагы эле күчтүү экенин бийлик өздөрү айгинелеп жатат деп кабыл алсак болот. Канчалык бийлик “Ата-Журттун” мүчөлөрүнө кысым көрсөтпөсүн, шансын ылдыйлатпасын  “Ата-Журт” партиясы сөзсүз эмки шайлоодо да биринчи орунду ээлейт. 

 

- Ошто газ жоктугуна төрт айга жакындап калды. Түштүк борборунун элинин мындай кыйынчылыкка дуушар болуп жатышы “Кыргызгаздын” сатылышына байланыштуу. Өзбек тарап “Кыргызгаз” сатылгандын эртеси көгүлтүр оттун оозун жапты го. Ушундай запкы тартарыбызды учурунда А.Келдибеков ачык айткан. Эми ал өзү камалып жатат. Ошол эле учурда газ тармагын талкалаган, Ошту газсыз калтырган жетекчилер эмне үчүн жоопкерчиликке тартылбайт? Тармакты КСДПнын өкүлдөрү башкарып жатса, буларга баары боло береби?

 

- Бул жагдайга 4 айдан бери газы жок бир чети кыйналып, экинчи жагынан азап чегип, тилин тишине катып олтурган эл өзү баа берсин.

 

- Өлкөдө энергетикалык кризис өкүм сүрүүдө. Бааны көтөрүшөрү аз келгенсип, эми элди бакиевчесинен “тезек камдагыла” таризиндеги саясатка өтүштү. Буга кошул-ташыл болуп күйүүчү-майлоочу май, жылуулук, газдын да баасы жогорулаган. Тамак-аш кымбат. 2010-жылдын апрелинде салыштырмалуу эл мынчалык кыйналган эмес, бирок, төңкөрүш орун алды. А бүгүнкү кризис кайда алып барат?

 

- Бул кризистин каякка алып бараарын эч ким айта албайт. Бирок, 2014-2015-жылдардагы кыш оор болсо, бийликке, бизге ошондо эл өз баасын берээри талашсыз. Кандай баа берет, аны убакыт көрсөтөт.

 

- Сиз маалымат сайттарынын бирине Текебаев Кыргызстанды жеке дүкөнчөсүнө айлантып алганын айтыптырсыз. Чынында, ал кааласа өкмөт алмашат, коалиция таркайт. Эми ал премьер-министрге тигил же бул адамды кызматтан алууга түз көрсөтмө бере баштады. Кыргызстанды деги ким башкарып жатат? Текебаевби, Атамбаевпи, Жээнбековпу, ким?

 

- Текебаев 5тин 1и болгону аз келгенсип, болуп көрбөгөндөй көптү. Кыргызда макал бар: “Аял көпсө эр жигитке, эр жигит көпсө элге” – деген. Зыяны тиерин ушул макал таамай айткан. Мен эмне үчүн бештин бири болуп жатат деп айтып жатам? Азыркы учурда ал Президенттин, Премьер-министрдин, КР ЖКтин Төрагасынын, Башкы Прокурордун, Жогорку Соттун ролун аткарып, өлкөнү каалагандай калчап жатат. Анысы аз келгенсип, Президенттен баштап Жогорку Кеңешти, керек болсо Өкмөттү, айтоор бардыгын “оптом” 2010-жылдын 7-апрелинен тартып, “шантаж” менен өлкөнү мына ушул Текебаев башкарып келе жатат.

 

Текебаевди “стоп”, “токто, аша чаап кеттиң”, “чыгарган мыйзамдарың менен өлкөнү талкалап жатасын”, “эркелегендин да чеги болот”, “өч алганды токтот” ж.б. – деп ага айта турган республикабызда бир да жан жок. Ошондуктан мен жогоруда айткандай, ал бештин бири болуп чектелбестен, тилекке каршы Кыргызстанда Текебаевдин хандыгы орнотулуп жатат. Бул хандык каякка алып барат? Эч ким айта албайт. Тилеккке каршы биздин өлкө иннерция менен жашап жатат. Ошол иннерция менен жашап жаткан өлкөнү ким башкарып калды, чынымды айтайын мен бул суроого так жооп бере албайм, башым маң.

 

-Жылдызкан Айтибаевна биз билгенден бир жылдан ашык убакыттан бери сиздин оппоненттериңиз, депутаттар “Курманжан Датка” комплекси боюнча Башкы прокуратурага “фондго юридикалык баа бересиң” деп кысым көрсөтүп келет. Журналисттик иликтөө жасасак, КР Өкмөтүнүн архитектура жана курулуш агенттигинин алдындагы турак-жай, жарандык курулуш департаментине 47 млн 400 миң түшкөнүн билебиз (ред: жакынкы арада бул боюнча иликтөөбүздү жарыялайбыз). Бирок, ошого карабай эле Фондго юридикалык баа берүүнү башкы прокуратурадан кесиптештериңиз талап кылып келишет. Коомдо оппоненттериңиздин бул кадамдары саясий буйрутма катары кабыл алынууда. Бул каралоо аракетине чекит коюлчудайбы?

 

- Оппоненттерим Курманжан Датка комплекси боюнча юридикалык документтер менен таанышып чыгышкан. Акча каражаты департаментке түшкөнүн жакшы билишет. Фондго 19 жыл ичинде КР Өкмөтүнүн бир сому тургай, бир тыйыны да бөлүнгөн эмес. Сиз айткандай 47 млн 400 миң сомдун департаментке түшкөнү, башкача айтканда департамент буйрутмачы, ошондой эле Фонд комплексттин акча каражатына, тендерге мындайча айтканда музейдин курулушуна эч бир тиешеси жок. Фонд жалган жалаа жапканы үчүн КР ЖКнын депутаты А.Сасыкбаеваны, Э.Иманкожоеваны, К.Рыспаевди сотко берип жатат. Өлкөдөгү саясат өтө ыплас нукка бурулуп кетти. Менин оппоненттерим мага айдоочум аркылуу да жалган жалаа жапкандан жийиркенишкен жок. Бирок, айдоочум жөн гана каралоого барып, жалган жалаа жапканын айтып, коомчулук алдында эл-журттан жана менден кечирим сурады. Ошондуктан бул каралоого чекит коюлушу үчүн Фонд жалган жалаа жапкан депутаттар болобу, же массалык маалымат каражаттарынын кимиси болбосун сотко берип, мыйзам чегинде саясий буйрутманы токтотуш керек. Эгерде айдоочум сыяктуу дагы бирөө аркылуу мага жалган жалаа жаптырышса, урматтуу менин шайлоочуларым, окурмандар ишенбегиле. Бирок, мындай ыплас саясий оюндар менен баардыгыбыз күрөшүп, жаш муундарга гүлдөгөн өлкөнү калтыруу ар бирибиздин милдетибиз деп эсептейм.

 

Суроо салган

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан.kg”, №026 (154), 30.07.2014-ж.