Печать
Категория: Цитата
Просмотров: 1202
Т.Акун: Нарынбаевди: "шүдүңгүт, мите курт, эки жүздүү, крыса..."- деп айткандарымдын көбү туура
 
- Турсунбек мырза, сот процесси боюнча маалымат берсеңиз? 
 
- Президенттин оң колу Данияр Нарынбаев мени үч ай мурун силердин "Азия Ньюс" гезитине, ал жөнүндө айткан "Атамбаевдин түбүнө Нарынбаев жетеби?" деген пикиримди бетке кармап, сотко берген. "Аброюма, ар-намысыма шек келтирип, каралады" деген таризи менен. Бул боюнча коомчулук деле кабардар болсо керек. Сотко берүү менен менден бир миллион, "Азия Ньюс" басылмасынан 116 миң сом өндүрүүнү талап кылып жатат. Мен силердин гезитке Нарынбаевди "шүдүңгүт, мите курт, эки жүздүү, крыса, президентти жардан кулатканга жардам берет, интриган, Акүйдө отуруп алып, баардык интриганы уюштуруп жаткан ошол" дегендей пикирлеримди айткам. Ошол айткандарымдын көбү туура. Менин ошондой кептеримди "туура эмес" деп чычалап, сотко берип жатат. Мен эле эмес, Данияр Нарынбаевдин эки жүздүүлүгүн, бийликти жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатканын сотко күбө катары келген Азимбек Бекназаров да далилдер менен айтып берди. Тарапташ, күйөрмандарым мени колдоп, пикет өткөрүштү. Ал гана эмес, Топчубек Тургуналиев, Бакыт Бакетаев, Качкын Булатов баштаган коомчулук көзүндөгү аттуу-баштуу инсандардын Нарынбаевдин "эки жүздүүлүгүн" далилдөө боюнча пикирлери да соттук жараянда айтылды. Эми 17-апрелде соттун чечими чыкканы турат. Көрө жаталык. 
 
- Учурдагы "гумандуу" соттор Нарынбаевдин алдында "бийлегенге" даяр да. Соттон айып салынса, төлөөгө мажбур болуп калбайсызбы? 
 
- Эмнеге мен ага бир миллион төлөшүм керек экен? Эгерде райондук сот олчойгон сумма төлөө боюнча чечим чыгарса, мен жогорку инстанцияларга кайрылам. Токтоп калбайм. Жөн калбайм да, мени басмырлап, куугунтук кылып жатканы үчүн аны дагы сотко берип койдум. Ал мени бир миллион сомго доого жыккысы келсе, мен аны "беш миллион сом төлөсүн" дедим. Мени кызматтан кетирип, жаманатты кылуунун башында дал ушул Данияр турат. Бул эрен мени такыр эле жок кылып, басынтып, куугунтук кылып жаткандыгын соттук процессте жарыя кылдым. Менин Данияр Нарынбаев жөнүндөгү "шүдүңгүт, мите курт, эки жүздүү, крыса, президентти жардан кулатканга жардам берет, Акүйдө отуруп алып, баардык интриганы уюштуруп жаткан ошол" деп айткандарымдын баары туура. Жалгыз гана "мите курт, крыса" дегеним кичине осолураак болуп кеткен. Аны деле жаным кашайып, ачуум менен айтып алгам. Укук коргоочу катары Нарынбаевди жаныбарга же айбанатка теңебешим керек эле. Мындай катачылыгымды соттон деле түшүндүрүп айттым. Кыскача ушундай. Дегиңкиси күрөш токтобойт. Чатакты мындан ары да катуу салам!
 
Ийгилик Болсунбаев 
Булак: Азия Ньюс