«UFC» уюмунун эң жеңил салмак категориясыдагы чемпиону кыргызстандык Валентина Шевченко кезектеги беттешин «UFC 261» турниринде өткөрөт. Тиреш 24-апрель күнү болору күтүлүүдө.
Муну менен Шевченко чемпиондук курун бешинчи жолу коргойт.
Шевченконун кезектеги каршылашы бразилиялык Жессика Андраде экендиги маалым болду. Ал жакында эле эң жеңил салмак категориясына өткөн жана бул категориядагы алгачкы беттешинде Кейтлин Чукагянды нокаутка учуратып, жеңишке жетишкен.
32 жаштагы Валентина Шевченко эң жеңил салмак категориясындагы чемпиондук титулга 2018-жылдан бери ээлик кылып келет. Спортчу акыркы тирешин 2020-жылдын ноябрь айында өткөрүп, атаандашы Женнифер Майянын үстүнөн жеңишке жетишкен.
Мушкер айым эрежесиз мушташта жалпы 23 беттеш өткөрүп, анын ичинен 20 жолу утушка ээ болсо, 3 ирет жеңилип калган.
Булак: Баракелде