Украинадагы турнирге бизден 6 спортчу барат
26-февралдан 28-февралга чейин Киевде украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү үчүн күрөш боюнча XXIV Эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу КРнын Күрөш федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, турнирге төмөнкү спортчулар катышат: 57 кг Жуманазарова Сезим, 59 кг Марсбек кызы Назира, 62 кг Тыныбекова Айсулуу, 68 кг Жуманазарова Мээрим, 76 кг Медет кызы Айпери жана машыктыруучу Изабеков Нурбек.
Булак: Элгезит