Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 240

Кыргызстандык самбочулар Сербиядагы дүйнө чемпионатында 6 медаль багындырышты

Кыргызстандык самбочулар Сербиядагы дүйнө чемпионатында 6 медаль багындырышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Нови-Сад шаарындагы мелдешке 30 өлкөнүн 400 спортчусу катышкан.

Мэриядан маалымдашкандай, байгелүү орундарга илинген балбандар шаардагы спорт мектептеринин окуучулары: Дайырбек Карыяев 74 кг чейинки салмакта жана Шумкарбек Бактияр уулу 68 кг чейинки салмакта күмүш медалды утушту.

Ал эми 52 кг чейинки салмакта Самара Абдумалик кызы коло медалга ээ болду.

  

Булак: Кабар