Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 258

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Дүйнө кубогун жеңип алды 

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль утту. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 12-18-декабрда Белград шаарында (Сербия) өтүүдө.

Тыныбекова мелдешке 62 кг салмакта катышкан. Ал 1/8 финалында румыниялык Криста Инцени 10:0 эсебинде жеңип алган. Ал эми чейрек финалда кыргызстандык спортчу Жансу Аксой (Түркия) менен күрөшүп, аны да 10:0 эсебинде утуп алды.

Жарым финалда Тыныбекова россиялык Любовь Овчарова менен кармашып, 13:2 эсебинде жеңишти илип кетти. Финалда мекендешибиз латвиялык Анастасия Григорьева менен килем үстүндө күч сынашып, аны 14:0 ири эсебинде артта калтырды.

Дагы бир кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта атаандаштарын жеңип, финалга чыкты.

Эскерте кетсек, Кыргызстандык балбан Жоломан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль уткан. Ал эми Калы Сулайманов 63 кг салмакта, Руслан Царев 72 кг салмакта коло медалдын ээси болушкан.

 

undefined  

 

undefined

 

undefined

 

undefined  

 

undefined

 

undefined

Булак: Кабар