Эл аралык хоккей федерациясы (IHF) мырзалар арасындагы 4-дивизиондогу 2020-жылдагы дүйнө чемпионатын өткөрбөй калды.
Бул чемпионат тарыхта биринчи жолу Бишкек шаарында өтмөк. Аны 3-5-март күндөрү өткөрүү пландалган болчу.
Коронавируска байланыштуу 2-март күнү турнирдин убактысын жылдырып туруу чечими кабыл алынган. Бирок Эл аралык хоккей федерациясы бул турнирди өткөрбөй турган болду.
Булак: Баракелде