Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 198

Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Россияда боло турган эл аралык турнирге катышат.

Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Россияда боло турган эл аралык турнирге катышат. «Ekaterinburg Grand Slam 2020» аталышындагы турнир Екатеринбург шаарында 13-15 март күндөрү болот. Жалпы кыз-келиндер жана мырзалар арасында 14 топтом медаль ойнотулуп, 613 спортчу катышмакчы.

Ал эми Кыргызстандын атынан башкы машыктыруучу Абдужалил Жунусовдун жетекчилигинде 9 спортчу күч сынайт. Бул турнирдин жыйынтыгы менен спортчулар олимпиадалык рейтингде упай топтоп, Япониянын Токио шаарындагы оюндарга жолдомо алышат.

Кыргызстандын курамасы:

60 килограммга чейин — Кубанычбек Айбек уулу, Отар Бестаев

66 килограммга чейин — Артур Тер

81 килограммга чейин — Владимир Золоев

90 килограммга чейин — Эрлан Шеров, Фарух Булекулов

100 килограммга чейин — Керим Казатов

100 килограммадн жогору — Юрий Краковецкий, Бекболот Токтогонов

Булак: Баракелде