Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 220

Футбол ассоциацияларынын европалык союзунун вице-президенти Мишель Ува коронавируска байланыштуу Евро-2020 (Футбол боюнча Европа чемпиондугу) чемпионатын токтотуу же жылдыруу боюнча маалымат берди.

Футбол ассоциацияларынын европалык союзунун вице-президенти Мишель Ува коронавируска байланыштуу Евро-2020 (Футбол боюнча Европа чемпиондугу) чемпионатын токтотуу же жылдыруу боюнча маалымат берди. «Биз азыр күтүп жатабыз. Футбол өлкөдөгү абалга жараша болушу керек. Турнирди токтотпоого аракет жасайбыз. Кырдаал начарлаган учурда гана мелдештер токтотулушу мүмкүн», - деди Мишель Ува.

Футбол боюнча Европа чемпионаты ушул жылы жайында 11 өлкөдөгү 12 стадиондо өтүшү керек. Турнирге 24 улуттук команда катышат. Чемпионат 12-июнда Италиянын Рим шаарында башталып, финалдык оюн 12-июлда Англиянын Лондон шаарындагы «Уэмбли» стадионунда өтөт.

Буга чейин Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөсү Ричард Паунд жакынкы 2 айда коронавирустун жайылуусу төмөндөбөсө быйыл Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндары токтотулушу мүмкүн экенин билдирген.

Булак: Баракелде