Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 185

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын рейтингинде 96-орунду ээледи.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын рейтингинде 96-орунду ээледи. Жаңыланган рейтинг бүгүн, 20-февралда жарыяланды.

Отчеттук мезгил ичинде кыргызстандык команда оюн өткөрбөй, 1240 упайы менен 96-орунун сактап калды. Ал эми Азия Футбол конфедерациясындагы өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстандын курамасы 15-орунга жазылды.

26-мартта кыргызстандык команда Вьетнамдын курамасына каршы жолдоштук беттеш өткөрөт. Вьетнамдын курамасы ФИФАнын рейтингинде 94-орунду ээледи.

Булак: Баракелде