Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын учурдагы чемпиону Азат Салидинов Индияда өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль утту.
Ал 87 килограмм салмакка чейинки балбандар арасында күч сынап, 1/8 финалда тажикстандык спортчуну жеңди. Кийинки раундда Салидинов ирактык балбанды 9:0 эсебинде утуп алды. Ал эми жарым финалда Ирандын өкүлүнөн 0:7 эсебинде утулуп жаткан. Беттеш бүтөрүнө 6 секунд калганда атаандашы жаракат алып, беттешти улантуудан баш тартты. Салидинов жеңүүчү деп табылып, финалга жолдомо алган. Ал чечүүчү беттеште индиялык атаандашынан 5:0 эсебинде утулуп, күмүш байге тагынды.
87 кг чейин
1/8 финал
Азат Салидинов — Сухроб Абдулхаев (Тажикстан) - 4:2
1/4 финал
Азат Салидинов — Аббас Шаалан Абдулкадхим Аль-Тамими (Ирак) - 9:0
1/2 финал
Азат Салидинов — Бехруз Мохаммадали Хедаят (Иран) - 0:7
Финал
Азат Салидинов— Кумар Сунил (Индия) - 0:5
Булак: Баракелде