Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 207

Индияда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт.

Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Чемпионат 18-23-февралда Индиянын Нью-Дели шаарында өтөт. Мелдешке Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Нураида Анаркулова (57кг), Назира Марсбек кызы (59 кг) жана Айпери Медет кызы (76кг) катышат. Ошондой эле таймашка Кыргызстандын атынан грек-рим жана эркин күрөш боюнча балбандар да катышат.

Белгилей кетсек, Индияда өтө турган Азия чемпионаты лицензиялык мелдеш болуп эсептелинбейт.

Булак: Кабар